(n) 1) банк
2) карт, банк
3) место хранениязапасов
bank (v) 1) класть (деньги) в банк; держать(деньги) в банке; откладывать
2) быть банкиром
3) карт, метать банк
bank (n) 1) вал, насыпь
2) берег (особ. реки)
3) отмель, банка
4) нанос; занос
bank (v) 1) делать насыпь
2) образовать наносы(о песке, снеге)
3) сгребать (кучу),наваливать; окружать валом
4) запруживать
Банктык эсеп — Банк менен кардар ортосундагы депозитти (банктык аманатты) кабыл алуу жана/же кредит берүү боюнча, ошондой эле банктын банктык эсепти тейлөө боюнча келишимдерде, мыйзамдарда жана банктык тажрыйбада колдонулган иш боюнча жүгүртүүэрежелеринде каралган, кардардын банк тарабынан тейленишинин жүзөгө ашырылышына байланыштуу операцияларды жүргүзүүсү боюнча келишимдик мамилелерди чагылдыруу ыкмасы.
Банкта консервация чарасын киргизүү — Банкта консервация чарасын киргизүү – бул, кредиторлордун жана аманатчылардын таламында банктын активдеринин, бухгалтердик китептеринин жана жазуулардын сакталышын камсыз кылуу, ошондой эле андан-аркы иш багытын аныктоо үчүн банкта түптөлгөн айкын жагдайды иликтөөгө алуу ниетинде банк ишине контролдукту орнотуу максатында, мыйзамдарга ылайык колдонулган таасир этүү чарасы.
Консолидацияланган баланс (Сonsolidated balance sheet) Жыйынтыкталган бухгалтердик отчет; бир нече компаниядан турган ассоциацияланган корпорациялардын интеграцияланган чогуу алгандагы балансы; башкы компаниянын жана туунду компаниялардын, филиалдардын ишинин финансылык натыйжалары жөнүндө отчет.
Банктын консерватору — бул, мыйзам талаптарына ылайык банкта консервация жол-жобосун жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу квалификациялуу адис.
Банктык депозит — Финансы-кредит мекемеси тарабынан төлөөгөжөндөмдүүлүк, мөөнөтүндө төлөө жана кайтарып берүү шарттарында келишим боюнча алынган акча каражаттарынын суммасы.
Банктык кепилдик — Банк-гаранттын өз кардарынын акчалай милдеттенмесин аткаруусу үчүн кепилдиги; кардар мөөнөтүндө төлөбөй койсо, ал үчүн банк төлөөгөтийиш. Кепилдик тиешелүү камсыздоо алдында берилет.
Банк эсеби — Депозитти (банктык аманатты) кабыл алуу жана/же кредит берүү, ошондой эле банктык тажрыйбада иш жүгүртүүнүн багыттары колдонулган жана Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында, банктык эсепти тейлөө боюнча келишимде каралган кардарды тейлөөгө байланыштуу банк тарабынан операцияларды ишке ашыруу боюнча банк менен кардар ортосунда келишимдик мамилелерди чагылдыруу ыкмасы.
Электрондук акчаларды эсепке алуу боюнча банктык эсеп — Банк тарабынан ачылган эсеп, ал чыгарылган электрондук акча боюнча акча каражаттар суммасын чегерүү жана электрондук акчанын ордун жабуу үчүн аларды эсептен алып салуу операцияларын ишке ашырууда гана пайдаланылат.
Банктык агенттик түйүн — Өзүндө эсептешүү банкын жана алар ортосунда түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым түрлөрүн сунуштоо боюнча ишкердикти жүзөгө ашырган чекене агенттерди камтыган система.
Банктык топ — Кыргыз Республикасындагы банктык топ, бул: - Улуттук банктан лицензия алган банктан, анын туунду жана/же караштуу компанияларынан, ошондой эле алардын аффилирленген жактарынан турган топ; - Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн банктык холдингдик компаниялардан, Улуттук банктан лицензияланган банк болуп саналган туунду жана/же караштуу компаниялардын биринен турган топ; - банкты кошо камтыган, банк жана/же финансылык ишкердикти жүргүзүшкөн юридикалык жактардын тобу. Бир эле юридикалык жак же жеке адам өз алдынча же башка жактар менен биргелешип аларга контролдукту жүзөгө ашырат.
Банктык холдинг — Банктык холдинг – банктардын (туунду кредиттик уюмдардын) акцияларынын контролдук топтомуна ээлик кылган жана кабыл алынып жаткан чечимдерди аныктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон акционердик коом (негизги кредиттик уюм).
Кыргыз Республикасындагы банктык холдингдик компания — Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, башкы компания банктык холдингдик компания болуп эсептелет. Ал эми банк анын туунду компаниясынан же туунду компаниясынын биринен болуп саналат.
Банктык операциялар — Банктар тарабынан акча каражаттарын, баалуу кагаздарды тартуу жана жайгаштыруу, эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу боюнча жүргүзүлгөн операциялар. Алар төмөнкүлөргө бөлүнөт: а) банктар алар аркылуу колдо болгон финансылык ресурстарды жайгаштыра алган активдүү операцияларга, б.а. кредит берүү, баалуу кагаздарды сатып алуу; б) банктар алар аркылуу финансылык ресурстарды топтогон пассивдүү операцияларга, б.а. аманаттарды тартуу, кийинчерээк активдүү каражаттар катары колдонуу үчүн баалуу кагаздарды сатуу; в) кызматтарды сунуштоо, тапшырмаларды аткаруу, ортомчулук операцияларын жана мыйзамдарда жол берилген башка кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоолор.
Төлөм кызмат көрсөтүүлөрү — Төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр: төлөм документтерин иштеп чыгуу, банкта эсептерди жүргүзүү, каражаттарды автоматтык түрдө которуу, чектерди инкассациялоо жана төлөмдөр менен байланыштуу башка кызмат көрсөтүүлөр
Банк тутуму — Бири-бири жана тышкы чөйрө менен өз ара иш алып барган, иши тиешелүү мыйзамдар аркылуу жөнгөсалынган банктардын ж.б. кредиттик мекемелердин топтому.
Лигатурдук (брутто) масса Лигатурдук (брутто) масса – бардык компоненттерин эске алуу менен баалуу металлдын эритмесинин жалпы айкын массасы.
Банктын ликвиддүүлүгү — Банктын ликвиддүүлүгү – милдеттенмелердин ордун мөөнөтүндө жаба алууга банктын жөндөмдүүлүгү, ал банк активдеринин жана пассивдеринин катышы жана түзүмү менен аныкталат.
Банкноттор (нак акча) — (англис тилинен bank-note) - өлкө мыйзамдарына ылайык жүгүртүүгө чыгарылган банктык билеттер, ар кандай нарктагы акча белгилери. Жасалма акча жасоочулук үчүн мыйзам боюнча жазаланат. Банкоттор жана монеталар борбордук банктын шартсыз милдеттенмеси катары таанылат жана анын баардык активдери менен камсыз кылынат.
Банктын кызмат адамы — Бул, банктын саясатын аныктаган жана/же чечим кабыл алууга, ал акысыз негизде иштейби же болбосо сый акы алабы ага көз карандысыз, банк саясатын түптөгөн анын негизги операцияларына катышууга ыйгарым укуктуу же иш жүзүндө катышкан адам.
«Ислам терезесине» ээ банк Талапка ылайык лицензиясы болгон шартта, тиешелүү бөлүмдүн («ислам терезесинин») алкагында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган банк.
Банктык төлөм карты (карт) —) Терминалдар же башка жабдуулар аркылуу товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу, улуттук жана чет өлкө валюталарында нак акча каражаттарын алуу боюнча операцияларды жүргүзүүгө анын ээсине мүмкүндүк берген төлөм инструменти, ошондой эле анын ээсине банктык эсепте турган акча каражаттарын тескөө, анын ичинде карт ээси менен эмитент ортосунда түзүлгөн келишимге жана Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык, эмитентте ачылган, ээси көрсөтүлбөгөн металл эсебинде жайгаштырылган баалуу металлдарды эсепке алуу жана алар менен операцияларды ишке ашыруу үчүн банктык эсептен пайдалана алуу каражаты. Карт эмитент тарабынан пластик карты сыяктуу эле, электрондук түрдөчыгарылат (интернет аркылуу коопсуз сатып алууларды ишке ашыруу үчүн каралган виртуалдык карт). Карт менен операциялар, банктык эсепте (дебеттик) турган өздүк акча каражаттар боюнча калдыктардын же болбосо банктык эсепте акча каражаттар жетишсиз болгон шартта же жок учурда (овердрафт, кредиттик) банктык эсеп келишимине ылайык эмитент тарабынан сунушталган кредиттин чегинде карт ээси тарабынан ишке ашырылат. Карт эмитенттин менчиги болуп саналат, ал карт ээсине келишим шарттарына ылайык колдонууга берилет. Банктык төлөм карттар төмөнкүчөклассификацияланат: жүргүзүлгөн эсептешүүлөрдүн түрлөрү боюнча: кредиттик жана дебеттик карттар; колдонуу мүнөзү боюнча: өздүк жана корпоративдик; маалыматтарды картка жазуу ыкмасы боюнча: магниттик жана смарт-карттар; аймактык таандыгы боюнча: банктар тарабынан бир нече мамлекеттердин аймагында тейленген эл аралык карттар; бир мамлекеттин бардык банктары тарабынан тейленген улуттук карттар; бир мамлекеттин бир же бир нече банктары тарабынан тейленген локалдык карттар.
Банктык чен — Банкка/кардарга кредитти/депозитти пайдалангандыгы үчүн төлөмдүн пайыздарда туюндурулган өлчөмү. Банктык пайыз кредиттин/депозиттин өлчөмүнө жана мөөнөтүнө, анын камсыздалышына, кредиттик тобокелдик деңгээлине жараша болот.
Банктын стратегиялык тобокелдиги — Банк ишинин жана аны өнүктүрүү стратегиясын аныктаган чечимдердин туура эместигине, стратегияны ишке ашырууда шайкеш келбеген ресурстар менен камсыз кылынгандыгына байланыштуу орун алышы мүмкүн болгон жоготуулардын, ошондой эле банк ишине коркунуч алып келиши мүмкүн болгон коркунучтардын жеткиликтүү эсепке алынбагандыгынын натыйжасында орун алган жоготуу тобокелдиги.
Банктык терминал/ Банктык төлөм карттарын кабыл алууүчүн терминал — Карттан маалыматтарды чечмелеп көрүүгө, аларды топтоштуруп, жөнөтүүгө жана тиешелүү төлөм системасынын карты боюнча ишке ашырылган операциялар тууралуу маалыматтарды кабыл алуугаөбөлгө түзгөн электрондук жабдуу.