Банк эсеби — Депозитти (банктык аманатты) кабыл алуу жана/же кредит берүү, ошондой эле банктык тажрыйбада иш жүгүртүүнүн багыттары колдонулган жана Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында, банктык эсепти тейлөө боюнча келишимде каралган кардарды тейлөөгө байланыштуу банк тарабынан операцияларды ишке ашыруу боюнча банк менен кардар ортосунда келишимдик мамилелерди чагылдыруу ыкмасы.
Электрондук акчаларды эсепке алуу боюнча банктык эсеп — Банк тарабынан ачылган эсеп, ал чыгарылган электрондук акча боюнча акча каражаттар суммасын чегерүү жана электрондук акчанын ордун жабуу үчүн аларды эсептен алып салуу операцияларын ишке ашырууда гана пайдаланылат.
Банктык агенттик түйүн — Өзүндө эсептешүү банкын жана алар ортосунда түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым түрлөрүн сунуштоо боюнча ишкердикти жүзөгө ашырган чекене агенттерди камтыган система.
Банктык топ — Кыргыз Республикасындагы банктык топ, бул: - Улуттук банктан лицензия алган банктан, анын туунду жана/же караштуу компанияларынан, ошондой эле алардын аффилирленген жактарынан турган топ; - Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн банктык холдингдик компаниялардан, Улуттук банктан лицензияланган банк болуп саналган туунду жана/же караштуу компаниялардын биринен турган топ; - банкты кошо камтыган, банк жана/же финансылык ишкердикти жүргүзүшкөн юридикалык жактардын тобу. Бир эле юридикалык жак же жеке адам өз алдынча же башка жактар менен биргелешип аларга контролдукту жүзөгө ашырат.
Банктык холдинг — Банктык холдинг – банктардын (туунду кредиттик уюмдардын) акцияларынын контролдук топтомуна ээлик кылган жана кабыл алынып жаткан чечимдерди аныктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон акционердик коом (негизги кредиттик уюм).
Кыргыз Республикасындагы банктык холдингдик компания — Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, башкы компания банктык холдингдик компания болуп эсептелет. Ал эми банк анын туунду компаниясынан же туунду компаниясынын биринен болуп саналат.
Банктык операциялар — Банктар тарабынан акча каражаттарын, баалуу кагаздарды тартуу жана жайгаштыруу, эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу боюнча жүргүзүлгөн операциялар. Алар төмөнкүлөргө бөлүнөт: а) банктар алар аркылуу колдо болгон финансылык ресурстарды жайгаштыра алган активдүү операцияларга, б.а. кредит берүү, баалуу кагаздарды сатып алуу; б) банктар алар аркылуу финансылык ресурстарды топтогон пассивдүү операцияларга, б.а. аманаттарды тартуу, кийинчерээк активдүү каражаттар катары колдонуу үчүн баалуу кагаздарды сатуу; в) кызматтарды сунуштоо, тапшырмаларды аткаруу, ортомчулук операцияларын жана мыйзамдарда жол берилген башка кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоолор.
Төлөм кызмат көрсөтүүлөрү — Төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр: төлөм документтерин иштеп чыгуу, банкта эсептерди жүргүзүү, каражаттарды автоматтык түрдө которуу, чектерди инкассациялоо жана төлөмдөр менен байланыштуу башка кызмат көрсөтүүлөр
Банк тутуму — Бири-бири жана тышкы чөйрө менен өз ара иш алып барган, иши тиешелүү мыйзамдар аркылуу жөнгөсалынган банктардын ж.б. кредиттик мекемелердин топтому.