banking group
Англо-кыргызский словарь финансовых терминов НБКР (2016)Банктык топ — Кыргыз Республикасындагы банктык топ, бул: - Улуттук банктан лицензия алган банктан, анын туунду жана/же караштуу компанияларынан, ошондой эле алардын аффилирленген жактарынан турган топ; - Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн банктык холдингдик компаниялардан, Улуттук банктан лицензияланган банк болуп саналган туунду жана/же караштуу компаниялардын биринен турган топ; - банкты кошо камтыган, банк жана/же финансылык ишкердикти жүргүзүшкөн юридикалык жактардын тобу. Бир эле юридикалык жак же жеке адам өз алдынча же башка жактар менен биргелешип аларга контролдукту жүзөгө ашырат.