Англо-кыргызский словарь финансовых терминов НБКР (2016)
«Ислам терезесине» ээ банк Талапка ылайык лицензиясы болгон шартта, тиешелүү бөлүмдүн («ислам терезесинин») алкагында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган банк.
Банктык төлөм карты (карт) —) Терминалдар же башка жабдуулар аркылуу товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу, улуттук жана чет өлкө валюталарында нак акча каражаттарын алуу боюнча операцияларды жүргүзүүгө анын ээсине мүмкүндүк берген төлөм инструменти, ошондой эле анын ээсине банктык эсепте турган акча каражаттарын тескөө, анын ичинде карт ээси менен эмитент ортосунда түзүлгөн келишимге жана Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык, эмитентте ачылган, ээси көрсөтүлбөгөн металл эсебинде жайгаштырылган баалуу металлдарды эсепке алуу жана алар менен операцияларды ишке ашыруу үчүн банктык эсептен пайдалана алуу каражаты. Карт эмитент тарабынан пластик карты сыяктуу эле, электрондук түрдөчыгарылат (интернет аркылуу коопсуз сатып алууларды ишке ашыруу үчүн каралган виртуалдык карт). Карт менен операциялар, банктык эсепте (дебеттик) турган өздүк акча каражаттар боюнча калдыктардын же болбосо банктык эсепте акча каражаттар жетишсиз болгон шартта же жок учурда (овердрафт, кредиттик) банктык эсеп келишимине ылайык эмитент тарабынан сунушталган кредиттин чегинде карт ээси тарабынан ишке ашырылат. Карт эмитенттин менчиги болуп саналат, ал карт ээсине келишим шарттарына ылайык колдонууга берилет. Банктык төлөм карттар төмөнкүчөклассификацияланат: жүргүзүлгөн эсептешүүлөрдүн түрлөрү боюнча: кредиттик жана дебеттик карттар; колдонуу мүнөзү боюнча: өздүк жана корпоративдик; маалыматтарды картка жазуу ыкмасы боюнча: магниттик жана смарт-карттар; аймактык таандыгы боюнча: банктар тарабынан бир нече мамлекеттердин аймагында тейленген эл аралык карттар; бир мамлекеттин бардык банктары тарабынан тейленген улуттук карттар; бир мамлекеттин бир же бир нече банктары тарабынан тейленген локалдык карттар.