Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФИТОКӨЗӨМӨЛ (гр. phyton – өсүмдүк) – жугуштуу ооруларды жана айылчарба зыянкечтерин алып кирүүнү, жайылтууну болтурбоо үчүн өлкөгө алынып келинүүчү товарларга, унаа каражаттарына карата атайын мамлекеттик органдар тарабынан ишке ашырылуучу көзөмөлдөө-коргоо иш чараларынын комплекси. Уруктар, жемиштер, жандуу өсүмдүктөр жана алардын бөлүктөрү, өсүмдүктөрдүн өзөктөрү, кургак жемиштер жана өсүмдүк түрүндөгү башка жүктөр, ошондой эле карантиндик товарларды орооч катары кызмат кылган ийдиштер Ф-дөн өткөрүлөт. Ф. өлкөнүн аймагына кирген баардык унаа-көөлүктөрүн карантиндик кароодон өткөрүү жана товарлардын тийиштүү тастыктамаларын текшерүү менен ишке ашырылат. КР баардык карантиндеги объекттерди ташып келүүгө жана ташып өтүүгө тийиштүү мамлекеттик органдардын улуксаты менен гана жол берилет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)

ФИТОСАНИТАРДЫК АБАЛ – жердин, токойлордун жана өсүмдүктөрдүн отоо чөптөрүнүн көптүгү жана өсүмдүк илдеттеринин таралышы, өсүмдүк зыянкечтеринин санына байланыштуу аныкталуучу абалы.

ФИТОСАНИТАРДЫК ТАСТЫКТАМА – өсүмдүктөрдү коргоо боюнча эларалык конвенцияда бекитилген тариз боюнча даярдалган тастыктама, өсүмдүк түркүмүндөгү продукциянын карантиндик абалын жана келген багытын, ал продукцияны ташып келүүнүн жана пайдалануунун шартын, тара менен таңгактын материалдарын аныктоочу, күбөлөөчү тастыктама.