Толковый словарь кыргызского языка (1969)

зат. 1. мат. Башка бир чоңдуктун өзгөрүлүшүнө ылайык өзгөрүп туруучу өзгөрүлмөлүү чоңдук.
2. биол. Организмдин тиричилигине байланыштуу дене мүчөлөрүнүн аткарган кызматы, жумушу. Калкан безинин функциясы.
3. Милдет, белгилүү иш милдетинин, милдеттүүлүктүн чөйрөсү. Мындай иштер менин функцияма кирбейт, тиешелүү жакка кайрылыңыз!деп койду инспектор («Ала-Тоо»). Илик жөндөмөсүнүн функциясы.

Русско-кыргызский словарь Юдахина

ж.
1. (деятельность, обязанность, назначение) функция, кызмат, аракет, иш, милдет;
служебные функции -- кызмат иши;
выходить за пределы чьих-л. функций -- бирөөнүн милдетинен четке чыгып кетүү;
2. мат. функция (багынычтуу алмашма чоңдук, башка чоңдуктун өзгөрүшүнө карап өзгөрүүчү чоңдук);
3. биол. функция (организмдин жалпы тиричилигине байланыштуу бир гана мүчөгө тиешелүү милдет);
функция щитовидной железы -- калкан бездин функциясы.