ж.
милдет;
всеобщая воинская обязанность жалпы аскердик милдет;
права и обязанности граждан гражданиндердин укуктары жана милдеттери;
исполнять обязанности директора директордун милдетин аткаруу;
вменить в обязанность аткарууга милдеттендирүү;
делать что-л. по обязанности бир нерсени милдет боюнча иштөө;
считать своей обязанностью өзүнүн милдети деп эсептөө.
ДАЛИЛДӨӨ МИЛДЕТИ (далилдөө түйшүгү)– кылмыш-жаза же жарандык иштердин өндүрүшүндө процесстин катышуучуларынын ортосунда иштин чечүүсү үчүн маанилүү болгон тигил же бул жагдайлардын болгонун негиздөө милдеттерин бөлүштүрүү. Жарандык процессте Д. м. – тараптар өздөрүнүн талаптарынын жана каяша-каршылыктарынын (м.: доогердин доо талаптарын далилдөө милдети) негизи катары таянышкан жагдайларды далилдөө милдети. Арбир иште далилдөөгө, жаткан фактылардын көлөмү тигил же бул укук мамилелерин жөнгө салуучу ченемдер менен аныкталат. Аркыл келишимдерге байланышкан доолордо бузууларды далилдөө милдети кредиторго, ал эми милдеттерди аткаруу фактыларын бышыктоо – карыздарга жүктөлөт. Кылмыш-жаза процессинде соттолуучунун күнөөсүн далилдөө милдети толугу менен айыптоочу тарапка тагылат.
КЕЛТИРИЛГЕН ЗЫЯНДЫ ОҢДОО МИЛДЕТИ – биринчи ирет чоң эмес же орто оорлуктагы кылмыш үчүн айыпталып жаткан жашы жетелек өспүрүмгө карата белгиленүүсү мүмкүн болгон мажбурлап тарбиялык таасир этүү чараларынын бири. Анын мүлктүк абалын жана тийиштүү эмгек жөндөмдүүлүктөрүн эсепке алуу менен жүктөлөт.
ӨЛКӨНҮ КОРГОО МИЛДЕТИ – көпчүлүк мамлекеттерде жарандардын негизги конституциялык милдеттеринин бири, ал эми бир катар конституциялык доктриналарга ылайык – ошол эле мезгилде жарандардын укугу да. Ө. к. м. адатта (демократиялык мамлекеттерде) милдеттүү аскер кызматы же аны алмаштыруучу теңата жарандык кызмат өтөөнү, ошондой эле согуш же согуш коркунучу учурларында мыйзамда аныкталган милдеттерди аткарууну талап кылат.