Русско-кыргызский словарь переводов Чоробека Сааданбекова

Калкан сымал без (лат. glandula thyr(e)oidea) — кекиртектин алды жагында, кокодон төмөнүрөөк жайгашкан ички секреция бези.

Муунчак менен байланышкан эки бөлүкчөдөн турат. Анын салмагы 25—30 гга жетет, жаш өткөн сайын көлөмү кичирейет, бирок сууда йод аз өлкөлөрдө салмагы өсүп кетиши да ыктымал. Анын көлөмү аялдарда эркектердикинен чоңураак болот. Калкан сымал без байыркы заманда эле белгилүү болгон, мисалы, илгерки кытай догдурлары кургатылган калкан бези менен богок оорусун дарылашкан. (Ден соолук энциклопедиясы)