Киргизско-русский словарь Юдахина
1. зоб (болезнь); зобатый;
2. второй подбородок;
3. посевы зерновых в начале колошения;
эгин богок салды посевы заколосились;
4. (точнее апийимдин богогу) чашечка цветка опийного мака;
5. южн. название болезни овец.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. мед. Калкан бездеринин өсүп кетишинен пайда болгон оору. [Керимахундун].. бужугур кара сакалынын алдындагы богогу ыксыз балкылдады (Жантөшев).
  1. 2.                  Ээктин алдындагы эттенип калган бөлүк. Эркингүл богогу салаңдаган.. ак саргыл келин (Жантөшев).
  2. 3.                  Эгиндин баш алууга жакындаганда сабагынын учунда пайда болгон дан байлоочу бөлүгү. Буудай тегиз богок байлап калган кез эле (Абдумомунов).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кыргыз тилиндеги богок сөзү К. К. Юдахиндин сөздүгү боюнча «1) зоб (болезнь); 2) второй подбородок; 3) посевы зерновых в начале колошения; 4) (точнее апийимдин богогу) чашечка цветка опийного мака; 5) южн. название болезни овец» болуп которулган (Юдахин, 137). Богок сөзү бог+ак бөлүктөрүнөн турат. Анын бог уңгусу байыркы түрк эстеликтеринде азыркы буу этишинин маанисинде болгон (ДТС, 109). Этиштен зат атооч жасоочу -ак мүчөсү жалгануудан богок «бууп калма» маанисиндеги оорунун атын туюнткан сөз жаралган.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ээктин алдындагы эттин көбүңкү тартып же салаңдап турган бөлүгү. Сеилкандын аппак богогу салаңдап, эткел тартып кыймылы жай (Сыдыкбеков). 2. Калкан бездеринин өсүп кетишинен алкымда пайда болгон оору. Бул безден пайда болуучу оорунун дагы бир түрү богок оорусу («Ден соолук»). Керимахундун бужугур кара сакалынын алдындагы богогу ыксыз балкылдады (Жантөшев). 3. Эгиндин баш алууга жакындаганда сабагынын учунда пайда болгон дан байлоочу бөлүгү. Буудай тегиз богок байлап калган кез эле (Абдумомунов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Богок оорулуу болуп, богогу чоңоюп кеткен. 2. Ээк алдында эттенип, билинип турган богогу бар, богогу салаңдаган. Анын бирөө арык чырай жаш аял, экинчиси богоктуу, толмоч келген кемпир (Баялинов).