БОГОК
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаКыргыз тилиндеги богок сөзү К. К. Юдахиндин сөздүгү боюнча «1) зоб (болезнь); 2) второй подбородок; 3) посевы зерновых в начале колошения; 4) (точнее апийимдин богогу) чашечка цветка опийного мака; 5) южн. название болезни овец» болуп которулган (Юдахин, 137). Богок сөзү бог+ак бөлүктөрүнөн турат. Анын бог уңгусу байыркы түрк эстеликтеринде азыркы буу этишинин маанисинде болгон (ДТС, 109). Этиштен зат атооч жасоочу -ак мүчөсү жалгануудан богок «бууп калма» маанисиндеги оорунун атын туюнткан сөз жаралган.