богок
Толковый словарь кыргызского языка (1969)зат. 1. мед. Калкан бездеринин өсүп кетишинен пайда болгон оору. [Керимахундун].. бужугур кара сакалынын алдындагы богогу ыксыз балкылдады (Жантөшев).
- 2. Ээктин алдындагы эттенип калган бөлүк. Эркингүл богогу салаңдаган.. ак саргыл келин (Жантөшев).
- 3. Эгиндин баш алууга жакындаганда сабагынын учунда пайда болгон дан байлоочу бөлүгү. Буудай тегиз богок байлап калган кез эле (Абдумомунов).