ФОРМА
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Тышкы көрүнүш, түр, кебете. Шар формасында жасалган түзүлүш. Квадрат формасындагы аянт. Формасы менен салынган сегиз бөлмөлүү үйү бар (Жантөшев). 2. Белгилүү бир нерсенин, иштин мазмунуна ылайыкталган, ага шартташылган принцип, тип, түзүлүш, жалпы көрүнүш. Башкаруунун формалары. Тарбиялык иштерди жүргүзүүнүн формалары. 3. Аскер кызматчылары, мекеме кызматчылары, окуучулар ж. б. кийүүчү бардыгына жалпы, бирдиктүү үлгүдө тигилген окшош кийим. Шахтёрлор формасын кийип, ордендерин тагынган бойдон олтурушат (Сасыкбаев). Офицердик форма. Окуучулардын формасы. 4. тех. Калып. Деталь формаларын жасоочу станоктор катуу түрсүлдөп иштөөдө (Сасыкбаев). 5. канц. Бланканын, ар кандай иш кагаздарынын, толтурула турган документтердин ж. б. белгиленген үлгүсү. Бюллетендин формасы. Справканын формасы. 6. лингв. Грамматикалык категорияларды жана сөздөрдүн, сүйлөмдөрдүн өз ара байланыштарын уюштурган тилдик каражаттар. Этиштин мамиле формалары, Илик жөндөмөсүнүн формасы. Зат атоочтун таандык формалары. 7. Көркөм чыгарманын мазмунун жаратуунун ыгы катары колдонулган көркөм каражат, ыкмалардын системасы, о.э. чыгарманын жанрдык, тектик түрү. Форма менен мазмундун биримдиги. Баяндоо формасы.