Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Форвардная сделка (Forward dealing) —Нестандартизированная сделка с товарами, ценными бумагами, валютой, предусматривающая их поставку в будущем по цене, согласованной во время заключения форвардного контракта вне биржи.  

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФОРВАРДДЫК БҮТҮМДӨР – айкын товарга (анын ичинде, баалуу кагаздар, валюталар) карата аны алып келип берүү мөөнөтүн кийинкиге калтыруу менен укуктарды жана милдеттенмелерди өзара өткөрүп беришүүгө байланышкан биржалык келишим. Ф. б. фьючерстик келишимдерден 2 жагдай менен айырмаланышат: базардын 2 катышуучусунун ортосунда түзүлөт жана тараптардын каалоолоруна жооп берүүчү шарттарды өзүнө камтыйт, ал эми биржаларда (фондулук, валюталык) түзүлгөн фьючерстик келишимдердин шарттары алдынала аныкталган жана стандартташтырылган болот; Ф. б. боюнча келишим ээсинин кирешелери же чыгымдары анын мөөнөтү бүткөн учурда аныкталат; фьючерстик келишимдер боюнча эсептөөлөр күн сайын өткөн соодалардын жыйынтыктарына жараша жүргүзүлөт.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Форвард бүтүмү (Forward dealing) —Биржадан тышкары форварддык контракт түзүүучурунда макулдашылган баа боюнча келечекте алардын берилишин караган товарлар, баалуу кагаздар, валюталар менен стандартка салынбаган бүтүмдөр.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)