Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. (действие) фальсификациялоо, бурмалоо (кара ниеттик менен жасалма кылып чыгаруу);
фальсификация исторических фактов тарыхый фактыларды фальсификациялоо (бурмалоо);
2. (подделанная вещь) жасалмаланган, жалган, чыныгы эмес нерсе;
грубая фальсификация жемчуга орой жасалмаланган бермет, чыныгы эмеси көрүнүп турган бермет.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БУРМАЛОО – жасалмалоо, атайылап бурмалоо, (нактаны, чындыкты) жалган менен алмаштыруу. КР кылмыш-жаза укугунда шайлоо документтерин, референдум документтерин Б-го же добуштарды туура эмес саноого жоопкерчилик каралган; эгер ал аракет карызкор уюмдун жетекчиси же ээси, болбосо кудуретсиздикке кабылган учурда жеке ишкер тарабынан жасалса, экономикалык ишти чагылдыруучу бухгалтердик ж. б. документтерди Б.; далилдерди Б. ж. б.