Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Сууну күчтүү басым менен жогору карай оргутуп, атырылтып туруу үчүн атайын курулган жай. Муздак фонтан атырылып жыбырап, Салкын бактар жибек желге кыбырап (Аалы). Фонтан кайрадан оргуштай баштады («Ала-Тоо»).
2. өт. Бир нерсенин көп, мол болуп токтобостон чыгып турган, агып жаткан көрүнүшү, молдук.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
1. фонтан (оргума; бир тешиктен оргуп, атырылып чыккан суюктук);
нефтяной фонтан нефть фонтаны;
бить фонтаном фонтан болуп оргуу, фонтан болуп атырылуу;
2. перен. фонтан (бир нерсенин көп, мол болуп, токтобостон чыгып турушу, көрүнүшү);
фонтан красноречия чечендиктин фонтаны.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Сууну күчтүү басым менен жогору карай оргутуп, атырылтып туруу үчүн атайын курулган жай. Муздак фонтан атырылып жыбырап, Салкын бактар жибек желге кыбырап (Аалы). 2. өт. Бир нерсенин көп, мол болуп токтобостон чыгып турган оргуп көрүнүшү, молдук.