Тилдик түзүлүш каражаттарынын функциясын жана алардын колдонулушун изилдөөчү грамматиканын бир түрү. Грамматиканын бул түрүндө түрдүү деңгээлге тиешелүү, бирок семантикалык функцияларынын жалпылыгынан улам бириктирилген тилдик каражаттарды бир системанын ичинде карайт.
Структуралык лингвистиканын бир бутагы катары пайда болгон мектептердин жана багыттардын жыйындысы. Мында тилдин байланыш каражаты катары кызмат кылышы көңүл борборуна алынат.
~, ая, -ое функция-га т.; функционалдуу; функциональное расстройство мед. функционалдуу бузулуу (адамдын кайсы бир органдарынын иштөөсүнүн бузулушу менен байланышкан оору).