Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Диний ишенимге жеткире сугарылган, ага өзгөчө катуу берилген, башка диндик ишенимди, анын өкүлдөрүн аябай жек көргөн киши. 2. Кандайдыр бир ишке, идеяга ж. б. өзгөчө кызыгуу менен берилген, аны жан-дили менен колдогон, анын бардык ишине ар дайым даяр турган киши.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Өзүнүн диний ишенимине өзгөчө катуу берилген, башка ишенимди кайнаса каны кошулбагандай жек көргөн фанатиктин ой-пикирине, түшүнүгүнө, аракетине мүнөздүү көрүнүш, анын өзгөчөлүгүн аныктоочу белгилердин жалпы жыйындысы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өзүнүн диний ишенимине өзгөчө катуу берилген, башка ишенимди кайнаса каны кошулбагандай жек көргөн фанатиктин ой-пикирине, түшүнүгүнө, аракетине мүнөздүү көрүнүш, анын өзгөчөлүгүн аныктоочу белгилердин жалпы жыйындысы.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Диний ишенимге жеткире. сугарылган, ага өзгөчө катуу берилген, башка диндик ишенимди, анын өкүлдөрүн аябай жек көргөн киши.
2. Кандайдыр бир ишке, идеяга ж. б. өзгөчө кызыгуу менен берилген, аны жан дили менен колдогон, анын бардык ишине ар дайым даяр турган киши.