Русско-кыргызский словарь Юдахина
сов. и несов. что
1. (ускорить) ыкчамдатуу, тездетүү;
форсировать строительство курулушту тездетүү;
2. воен. (преодолеть с боем преграду) согушуп, кармашып басып өтүү (мис. суудан, ашуудан);
форсировать линию обороны противника душмандын коргонуу линиясын согушуп басып өтүү.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АРГАСЫЗ ЖАГДАЙ (ФОРС-МАЖОР) (фр. force majeure ) – жарандык укукта өзгөчө жагдайлардын жана болбой койбос шарттардын пайда болуусу, анын натыйжасы келишимдеги шарттардын аткарылбай калышы болуп саналат. А. ж-дын натыйжасында келишимдин бир тарабы эрксизден экинчи тарапка чыгаша тарттыруучу болуп калат. А. ж-дын жалпы жонунан багынбас күчкө юридикалык А. ж-ды да бөлүүгө болот. Баардык жарандык-укуктук тутумдарда жеңилбес күч жоопкерчиликтен бошотуучу жагдай болуп саналат. Юридикалык А. ж-га мамлекеттик жогорку органдардын чечимдери (импортко же экспортко тыюу салуу, валюталык чек-төөлөр, ж. б.), ишташтоо, согуштар, ыңкылап ж. б. кирет. Мааниси боюнча коммерциялык тобокелчилик болгон шарттар, м.: базардын конъюктуралык ыңгайсыздыктарына байланышкан кыйынчылыктар, баалардын өзгөрүшү ж. б. аргасыз жагдайлар катары таанылбайт. Юридикалык А. ж. түшүнүгү так аныктамага ээ эмес. Эреже катары, күтүлбөгөн жагдайларды жана алардын укуктук натыйжаларын келишимдик тартипте контрагенттер белгилешет.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж. тех.
форсунка (ичинен күймө буу казандарынын мешине, кыймылдаткычтардын жана башкалардын цилиндрлерине суюк отунду же порошок түрүндөгү майда отунду бүркүү үчүн колдонулуучу прибор).