ФАТЫВА
Толковый словарь кыргызского языка. 2015эск. Чечим, токтом (мындай токтомду дин жолу менен муптулар, мужтахиддер чыгарган. Молдолор, эшендер, кожолор эмгекчилердин өлдүм-талдым дегенде тапкан бирин эки булдарын алдап, карындарын толтурду. Алда кайдагы эски фатывалар менен караңгы элдин көзүн будалады (Эркин-Тоо, №1, 1924-ж.). Төрөлөргө жана анын солдаттарына каршы казатка аттанууга «батуба» кылып тарашты (Убукеев).