зат.1. Согуш жүрүп жаткан майдан, душманга бет маңдайлаш, тылга карама-каршы келген стратегиялык район. Мыкты уулдар фронтто эркиндик үчүн күрөшкөн кез (Сыдыкбеков).
2. Мамлекеттик, коомдук иштердин айрым тармагы, сферасы. Маданий фронт. Идеологиялык фронт.
ж. 1. фронт (стройдун же аскерлердин согуштук жайлашуусунун маңдай жагы); выстроить во фронт фронт боюнча катарга тургузуу; 2. фронт (согуш жүрүп жаткан жерде жайланышкан куралдуу күчтэр); отправка пополнений на фронт фронтко толуктоолор жөнөтүү; 3. фронт (бир командачынын башкаруусу астында болгон армиялар тобу); западный фронт батыш фронту; 4. перен. фронт (мамлекеттик маданий-экономикалык жана коомдук иштердин бир тармагы); фронт мира тынчтык фронту; народный фронт элдик фронт; единый фронт бирдиктүү фронт; идеологический фронт идеологиялык фронт; культурный фронт маданий фронт; переменить фронт фронтту алмаштыруу, жүрүш-турушун өзгөртүү, мурункусунан башкача сүйлөп калуу; действовать на два фронта эки багытта аракет кылуу.
1. Согуш жүрүп жаткан майдан, душманга бет маңдайлаш, тылга карама-каршы келген стратегиялык район. Мыкты уулдар фронтто эркиндик үчүн күрөшкөн кез (Сыдыкбеков). Фронттон жалгыз уулу келбей калды, күтүүдөн какжырады дарбазасы (Султанов). 2. Мамлекеттик, коомдук иштердин айрым тармагы, сферасы. Маданий фронт. Идеологиялык фронт.
1. архит. Имараттын алдыңкы маңдайы, ошол имараттын кооздолгону. 2. Китеп графикасында жана полиграфияда титулдук сүрөт менен катар коюлган, китептин эң маанилүү жерлерин элестеткен барак же портрет.
Фронт-офис (Front Office) —Структурное подразделение, которое выступает в качестве инициатора инвестиционных операций в соответствии с утвержденным делегированием полномочий, лимитами и контрольными ориентирами.
Фронт-офис (Front Office) —Бекитилген ыйгарым укуктарга, лимиттерге жана контролдук көрсөткүчтөргө ылайык, инвестициялык операциялардын демилгечиси катары иш алып барган түзүмдүк бөлүм.
Фронтэнд – англис тилиндеги front жана end терминдеринен куралып, алдыңкы жагы дегенди түшүндүрөт. Бул жерде вебсайттын же колдонмолордун колдонуучулар уруна турган интерфейсин (бетин) түшүндүрөт. Кененирээк мындан окуңуз!