Киргизско-русский словарь Юдахина
в разн. знач. форма;
шар формасында в форме шара;
башкаруу формасы форма правления;
чарбанын формасы форма хозяйства;
ырдын формасы форма стиха;
форма менен мазмундун диалектикалык бирдиги диалектическое единство формы и содержания.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Тышкы көрүнүш, түр, кебете. Шар формасында жасалган түзүлүш. Квадрат формасындагы аянт. Формасы менен салынган сегиз бөлмөлүү үйү бар (Жантөшев).
2. Белгилүү бир нерсенин, иштин мазмунуна ылайыкталган, ага шартташылган принцип, тип, түзүлүш, жалпы көрүнүш. Башкаруунун формалары. Тарбиялык иштерди жүргүзүүнүн формалары.
3. Аскер кызматчылары, мекеме кызматчылары, окуучулар ж. б. кийүүчү бардыгына жалпы, бирдиктүү үлгүдө тигилген окшош кийим. Шахтёрлор формасын кийип, ордендерин тагынган бойдоң олтурушат (Сасыкбаев). Офицердик форма. Окуучулардын формасы.
4. тех. Калып. Деталь формаларын жасоочу станоктор катуу түрсүлдөп иштөөдө (Сасыкбаев).
5. канц. Бланканын, ар кандай иш кагаздарынын, толтурула турган документтердин ж. б. белгиленген үлгүсү. Бюллетендин формасы. Справканын формасы.
6. лингв. Грамматикалык категорияларды жана сөздөрдүн, сүйлөмдөрдүн өз ара байланыштарын уюштурган тилдик каражаттар. Этиштин мамиле формалары. Илик жөндөмөсүнүн формасы. Зат атоочтун таандык формалары.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. (внешний вид) форма (тышкы көрүнүш, түр, кебете);
иметь форму шара шар формасында болуу;
придать форму формага келтирүү;
2. (устройство, строение, структура) форма (түзүлүшү, курулушу, белгилүү тартип);
диалектическое единство формы и содержания форма менен мазмундун диалектикалык бирдиги;
форма хозяйства чарбанын формасы;
форма правления башкаруу формасы;
форма организации труда эмгекти уюштуруу формасы;
3. (однотипная одежда) форма (аскер кызматчылары же мекеме кызматчылары жана окуучулар милдеттүү түрдө кийүүчү кийимдин түрү);
военная форма аскердик форма;
парадная форма парад формасы;
4. тех. калып;
форма для отливки куйманын калыбы;
5. канц. форма (бир нерсенин белгиленген үлгүсү);
сведения по форме № 3 № 3 форма боюнча берилген (берилүүчү) маалымат;
6. полигр. форма (тапографиялык набор ичине коюлуп бекитиле турган рама);
печатная форма печать формасы, печаттык форма;
две формы уже отпечатаны эки форма басылып бүттү;
7. перен. (видимость, формальность) форма (сырткы көрүнүшү үчүн гана, кайдигер иштелген нерсе; формалдуулук);
не следует делать что-либо только ради формы бир нерсени форма үчүн гана иштебөө керек;
8. формы мн. разг. (очертания фигуры) формалар (фигуранын сөлөкөтү, карааны);
изящные формы көркөм формалар;
9. формы мн. грам. формалар (грамматикалык категорияларды жана речтеги сөздөрдүн жана сүйлөмдөрдүн бири-бири менен байланышын берүүнүн жолу);
формы слова сөздүн формалары;
формы словоизменения сөздүн өзгөрүшүнүн формалары;
быть в форме өзүнүн бардык күчүн, жөндөмдүүлүгүн, билгенин көрсөтүүгө даяр абалда болуу;
шахматист сегодня не в форме шахматист бүгүн өзүнүн бардык күчүн, жөндөмдүүлүгүн, билимин көрсөткүдөй абалда эмес.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тышкы көрүнүш, түр, кебете. Шар формасында жасалган түзүлүш. Квадрат формасындагы аянт. Формасы менен салынган сегиз бөлмөлүү үйү бар (Жантөшев). 2. Белгилүү бир нерсенин, иштин мазмунуна ылайыкталган, ага шартташылган принцип, тип, түзүлүш, жалпы көрүнүш. Башкаруунун формалары. Тарбиялык иштерди жүргүзүүнүн формалары. 3. Аскер кызматчылары, мекеме кызматчылары, окуучулар ж. б. кийүүчү бардыгына жалпы, бирдиктүү үлгүдө тигилген окшош кийим. Шахтёрлор формасын кийип, ордендерин тагынган бойдон олтурушат (Сасыкбаев). Офицердик форма. Окуучулардын формасы. 4. тех. Калып. Деталь формаларын жасоочу станоктор катуу түрсүлдөп иштөөдө (Сасыкбаев). 5. канц. Бланканын, ар кандай иш кагаздарынын, толтурула турган документтердин ж. б. белгиленген үлгүсү. Бюллетендин формасы. Справканын формасы. 6. лингв. Грамматикалык категорияларды жана сөздөрдүн, сүйлөмдөрдүн өз ара байланыштарын уюштурган тилдик каражаттар. Этиштин мамиле формалары, Илик жөндөмөсүнүн формасы. Зат атоочтун таандык формалары. 7. Көркөм чыгарманын мазмунун жаратуунун ыгы катары колдонулган көркөм каражат, ыкмалардын системасы, о.э. чыгарманын жанрдык, тектик түрү. Форма менен мазмундун биримдиги. Баяндоо формасы.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТ ТАРИЗИ – конституциялык укуктун теориясында мамлекеттик жогорку бийлик органдарын, бийликтин аймактык түзүлүштөрүн жана аны ишке ашыруунун усулдарын уюштуруу ыкмасы. М. т. төмөнкү 3 элементтен: башкаруу таризи , мамлекеттик түзүлүштүн таризи жана саясий бийлик болуп түзүлөт.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК ТҮЗҮЛҮШТҮН ТАРИЗИ – конституциялык укук теориясында союз түзүүчү мамлекеттердин же мамлекеттин аймактык уюштуруу ыкмасы. Үч М. т. т. айырмаланат: федеративдик (биримдик), конфедеративдик (кошунду) жана унитардык (бирөңчөй) мамлекет. Калкынын курамы көп улуттуу өлкөлөргө карата кээде «улуттук-мамлекеттик түзүлүш таризи» деген түшүнүк колдонулат.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Иштин мазмунуна, маңызына залал келтирүү менен, анын сырткы түрүн, формасын гана сактагандык, формалдык жагына гана өткөрө көңүл бургандык. Жетекчилик иштердеги формализмге каршы күрөшүү.
2. Чыгарманын форма жагына гана өткөрө баа берип, аны чыгармачылыктагы идеялык мазмундан толук түрдө ажыратып караган адабияттагы, искусстводогу, адабият таануу илиминдеги ж. б. идеалисттик багыт.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
формализм (1. филос. идеалисттик философияда - теорияны практикадан ажыратуунун негизинде форманы мазмундан ажыратуу; 2. иск. искусстводогу, адабияттагы жана башкалардагы реакциячыл, идеалисттик багыт - чыгармачылыктын идеялык мазмунун, анын формасынан ажыратып, формага гана маани берүүчү, формага гана көңүл буруучу реакциячыл багыт; 3. сырткы формасына карап отуруп, ички мазмунуна зыян келтирүүчүлүк; формалдуу мамиле).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Иштин мазмунуна, маңызына залал келтирүү менен, анын сырткы түрүн, формасын гана сактагандык, формалдык жагына гана өткөрө көңүл бургандык. Жетекчилик иштердеги формализмге каршы күрөшүү. 2. Чыгарманын форма жагына гана өткөрө баа берип, аны чыгармачылыктагы идеялык мазмундан толук түрдө ажыратып караган адабияттагы, искусстводогу, адабият таануу илиминдеги ж. б. идеалисттик багыт.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
формальность, формалчылык (форма жагы, бир ишти аткарууда керектүү болгон сырткы шарттарды орундоо, мис. почтадан акча алгандар паспортту көрсөтүп, номерин жазып, кол коюу ж.б.);
соблюдать все формальности бардык формальностуну сактоо;
пустая формальность курулай формальность;
придерживаться формальностей формальносттукту колдонуу.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
1. форма 9-го т.;
формальный анализ стихотворения ырды форма жагынан анализдөө;
2. (основанный на принципах формализма) формалдык (формализмдин принциптерине негизделген);
формальная логика формалдык логика;
3. (согласно закону) законго ылайык, закон боюнча;
формальный развод законго ылайык ажырашуу (эр менен аялдын законго ылайык ажырашуусу);
4. (существующий только по видимости) формалдуу (тышкы көрүнүшү үчүн гана жашаган);
формальные права формалдуу укуктар;
5. (об отношении и т.п.) формалдуу, кайдигер (мамиле жөнүндө);
формальное отношение к делу ишке формалдуу мамиле кылуу (ишке үстүртөн мамиле кылуу).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БАШКАРУУ ТАРИЗИ – анын шарттуу булактары менен мүнөздөлгөн бийликти уюштуруу таризи; түзүмү жана жогорку органдарынын абалы (мамлекет, парламент, өкмөт башчысы), ошондой эле алардын өзара мамилелеринин белгиленген тартиби. Мамлекет башчысынын укуктук статусу Б. т. негизги аныктоочу белгиси болуп саналат (республикада – шайлануучу жана алмашуучу, монархиялык мамлекетте – мурасталуучу). Заманбап мамлекеттерге эки түрдүү: республикалык жана жеке бийлик Б. т. мүнөздүү.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Бир нерсенин өнүгүшүндөгү белгилүү баскыч; өнүгүүнүн ошол баскычына туура келген түзүлүш. Социализм жана коммунизм коммунисттик коомдук-экономикалык формациянын эки баскычын түзөт («Коммунист»).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. формация (коомдун өрчүшүндөгү белгилүү бир баскыч жана өрчүштүн ушул баскычына туура келүүчү структура);
общественно-экономическая формация коомдук-экономикалык формация;
социалистическая формация социалисттик формация;
2. перен. формация (көз караштардын системасы; мүнөздүү өзгөчөлүктөр жыйындысы);
люди новой формации жаңы формациянын кишилери, жаңы формациялык кишилер;
3. геол. формация (бир доорго жатуучу геологиялык катмарлардын жыйындысы).