Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КИРЕ ЖАЛДООЧУ – жетим бекетине чейин деңиз аркылуу өз жүгүн ташууга берген кире жалдоо келишиминин бир тарабы. К. ж. өзара шартташылган жүктү өз маалында берилүүсүн камсыз кылып, шартташылган киреакысын төлөөгө милдеттүү.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КИРЕ ЭЭСИ – бүтүндөй кемени же анын бир бөлүгүн же белгилүү бир кеме жайын берүү шарты менен, сыйакы үчүн жүктү деңиз аркылуу жетим бекетине чейин жеткирүү милдетин өзүнө алган кире жалдоо келишиминин бир тарабы.