Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Баатыр, эр, кайраттуу. Биз каарман майышпаган, Душмандардан качпаган (Осмонкул). Ким каарман, ким коркок, Чуу чыкканда көрөбүз («Эр Табылды»).
2. Көркөм адабияттын персонажы. Повесттин башкы каарманыЖапар.. согушта жарадар болуп, өз айлына кайтат («Кыргыз совет адабияты»).