Словарь переводов пользователей Эл-Создук

жасалма жаңылыктар – финансылык же саясый пайда табуу максатында социалдык медиалар же салттуу медиалар аркылуу жүргүзүлгөн пропаганда, маалыматтык мистификация же дезинформация. Окурмандарды көбөйтүү үчүн жасалма жаңылык жаратуучулар чуулгандуу темаларды колдонушат же окуяларды толугу менен ойдон чыгарышат. Пайда жарнамадан түшөт. Жеңил табылган жарнама кирешеси, коомдун саясый уюлдашуусу жана социалдык медиалардын жеткиликтүүлүгү жасалма жаңылыктардын массалык тарашына шарт түздү. Сайттардын анонимдүү хостиңи анонимдүү жана псевдонимдүү авторлорду жарыялары үчүн мыйзам чегинде жоопко тартууну татаалдаштырат.

 фальшивые новости