ж.тех. 1. (действие) футеровка, футерлөө (металл эритүүчү мештердин ичин отко эрибес материалдар менен каптоо); 2. (облицовка) футеровка (металлургиялык мештердин, темирден жасалган түтүн чыгуучу трубалардын ж.б. ичине капталган отко эрибес материалдар).
м. футляр, куту (баалуу же сынма, морт нерселер сакталуучу куту); футляр для очков көз айнектин кутусу; человек в футляре кутудагы киши (өзүнүн керт башынын мүдөөлөрүнөн чыгалбаган, жаңылыктан качкан, ар бир нерсени формалдык жагынан гана баалоочу киши).
(Mystacinidae) кынканаттар; жарганаттардын бир тукуму, булардын өкүлү катары: футлярокрыл новозеландский (Mystacina tuberculata) — Жаңы Зеландия кынканатын келтирүүгө болот.
(Emballonuridae) кынкуйрук сымалдуулар; жарганаттардын бир тукуму, булардын кыйла түрү бар: футлярохвост белый (Diclidurus albus) — ак кынкуйрук, ф. голобрюхий (Taphozous nudiventis) — жыланач курсак кынкуйрук, ф. носатый (Phynohicus naso) — тумшуктуу кынкуйрук ж. б.
зат. Искусстводо, адабиятта XX кылымдын башында пайда болуп, реализмди четке кагуучу жана эски искусствонун бардык традициясын, ыкмаларын кыйратып жоготууга тийиш болгон жаңы стилди түзүүгө аракеттенген формалисттик багыт.
м. футуризм (сүрөттөө искусствосундагы жана поэзиядагы реализмди четке каккан, формалисттикти, маанайы бастыкты, көңүлү чөгөттүктү көздөгөн, 20 кылымда Италияда чыгып, башка мамлекеттерге тараган буржуазиялык агым).
Искусстводо, адабиятта XX кылымдын башында пайда болуп, реализмди четке кагуучу жана эски искусствонун бардык традициясын, ыкмаларын кыйратып жоготууга умтулган жаңы стилди түзүүгө аракеттенген формалисттик багыт.
Жердин жана бүтүндөй адамзаттын жана коом турмушунун айрым чөйрөлөрүнүн келечектеги өнүгүшүн алдын ала көрө билүүнү максат кылуучу коомдук жана табигый илимдерге негизделген комплекстүү илим.