Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФАС (англ. FAS , free alongside ship – «кеме бортун бойлой бош» дегендин кыскартылганы) – эларалык соода аталгысы, коммерциялык аткарымдардагы ташып жеткирүүнүн Франко-шарттарынын бири (1990-жылдагы «Инкотермс» басылмасында өзгөрүүсүз калган). Бул шартка ылайык, товар качан суужээк аялдамасындагы кеменин бортун бойлой жайгаштырылганда гана, сатуучу өзүнүн милдетин аткарган болуп эсептелет. Ошол учурдан тартып, баардык чыгымдарды, сынуу же талкалануу тобокелчилигин сатып алуучу тартат. Франко-завод шартындай эле, мындай аткарымдар сатуучуга жүк-төлгөн ФОБдон айырмаланып, сатып алуучу товарды экспорттук алымдар менен бажы жолжоболорунан тазалайт. ФАС шарты деңиз же дарыя ташууларында гана колдонууга жөндөмдүү.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФАС (англ. FAS , free alongside ship – «кеме бортун бойлой бош» дегендин кыскартылганы) – эларалык соода аталгысы, коммерциялык аткарымдардагы ташып жеткирүүнүн Франко-шарттарынын бири (1990-жылдагы «Инкотермс» басылмасында өзгөрүүсүз калган). Бул шартка ылайык, товар качан суужээк аялдамасындагы кеменин бортун бойлой жайгаштырылганда гана, сатуучу өзүнүн милдетин аткарган болуп эсептелет. Ошол учурдан тартып, баардык чыгымдарды, сынуу же талкалануу тобокелчилигин сатып алуучу тартат. Франко-завод шартындай эле, мындай аткарымдар сатуучуга жүк-төлгөн ФОБдон айырмаланып, сатып алуучу товарды экспорттук алымдар менен бажы жолжоболорунан тазалайт. ФАС шарты деңиз же дарыя ташууларында гана колдонууга жөндөмдүү.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бөлүк, глава. фасил Солто уругу. Тагайдан: Богорстон, Койлон, Кылжыр,– үч уул. Богорстондон – Солто, Койлондон – Жедигер. Кылжырдан: Темир, Болот, Тынай, Бугу – төрт уул (Кыргыз тарыхы)

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Кийим-кечелерди белгилүү бир түргө салып бычуу же тигүү үчүн колдонулган үлгү, модель. Жаңы фасон менен тигилген окшош көйнөктөр.
2. Буюмдун же кандайдыр бир жасалганын сырткы көрүнүшү, формасы.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
1. (покрой, образец) фасон (кийимдин бычуусу, үлгүсү);
снять фасон фасонун түшүрүп алуу;
пальто нового фасона жаңы фасон менен тигилген пальто, жаңы фасондуу пальто;
2. перен. (вид, манера) фасон (кебете, түр, манера);
на новый фасон жаңы фасон менен, жаңы фасонго салып.