1. Тилдин фразеологиялык курамынын бүгүнкү абалын жана тарыхый өнүгүшүн изилдөөчү тил илиминин бир тармагы. 2. Ошол тилдин фразеологизмдеринин жыйындысы жана фразеологиялык курамы.
Фразеологиялык айкалыштын айрым компоненттери эркин мааниде колдонулса, айрым компоненттери фразеологиялык байланыштуу мааниде колдонулат. Таламандын тал түшүндө, орой көз чарай, кымча бел.
Маанисинде анча так эмес, күңүрт болсо да жалпы маанинин курамындагы айрым сөздөрдүн семантикасы менен байланышы бардай сезилген сөз тизмеги. Ооздугу жок аттай, кабыргасы менен кеңешүү, кулак кагыш кылуу, оозу батпоо.
Абсолюттук түрдө бөлүнбөгөн, ажырабаган, мааниси лексикалык курамынын маанисине такыр багынбаган сөз тизмеги. Колтугуна суу бүркүү, керки балтасы колунда, жумурткадан кыр чыгаруу.