Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Математикалык чоңдуктардын шарттуу белгилер (тамгалар, сандар, атайын алынган башка белгилер) аркылуу көрсөтүлгөн туюнтмасы.
2. Химиялык заттардын составынын, химиялык процесстердин тамгалар жана башка белгилер аркылуу көрсөтүлгөн шарттуу туюнтмасы.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. (краткое определение) формула (кыска жаңа так түрдө айтылган ар бир корутунду);
2. мат. формула (шарттуу белгилер менен берилген математикалык чоңдуктардын жыйындысы);
алгебраическая формула алгебралык формула;
3. хим. формула (татаал химиялык заттардын жана химиялык процесстердин арип аркылуу берилген шарттуу туюнтмасы);
формула кислорода кислороддун формуласы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Математикалык чоңдуктардын шарттуу белгилер (тамгалар, сандар, атайын алынган башка белгилер) аркылуу көрсөтүлгөн туюнтмасы. 2. Химиялык заттардын составынын, химиялык процесстердин тамгалар жана башка белгилер аркылуу көрсөтүлгөн шарттуу туюнтмасы.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ОЙЛОП ТАБУУ ФОРМУЛАСЫ – патенттик укукта белгиленген ченемдик документтердеги эрежелер боюнча ойлоп табуунун техникалык маани-маңызын, анын көлөмүн аныктоочу сөз түрүндөгү кыскача мүнөздөмө. О. т. ф. бир баскычтуу жана көп баскычтуу болуусу жана ошого жараша 1 же бирканча пунктту өзүнө камтуусу мүмкүн.