Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Сырьёлорду машиналык жол менен иштетип, ар кандай продукцияларды даярдап чыгаруучу өнөр жай ишканасы. Бектур 1951-жылы машыккан слесарь катарында «П» фабрикасында иштөөгө келди (Сасыкбаев). Сулуулар, пахта тергиле, Фабрикага бергиле (Үмөталиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чийки заттарды техникалык жол менен иштетип, ар кандай өндүрүмдөрдү даярдап чыгаруучу өнөр жай ишканасы. Бектур 1951-жылы машыккан ширетүүчү катарында «П» фабрикасында иштөөгө келди (Сасыкбаев). Сулуулар, пахта тергиле, Фабрикага бергиле (Үмөталиев).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
несов. что
1. уст. (изготовлять) жасап чыгаруу, өндүрүү;
фабриковать ткани кездеме токуу, кездеме өндүрүү;
2. перен. разг. неодобр. (производить во множестве) ыксыз көп чыгаруу, ыксыз көп өндүрүү;
3. перен. неодобр. (измышлять) жамандыкты чыгаруу, сөздү жасап калп айтуу, жалган (калп) нерсени ойлоп чыгаруу, жалган (калп) нерсени жасап ала коюу;
фабриковать слухи жалган кабарларды ойлоп чыгаруу.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
1. фабрика-га т.; фабрикалык;
фабричные изделия фабрикада жасалган буюмдар;
фабричное клеймо фабрика белгиси;
фабричный корпус фабриканын корпусу;
фабричное здание фабрика ымараты;
2. (промышленный) фабрикалуу (фабрикасы көп);
фабричный район фабрикалуу район;
фабричные города Киргизии Кыргызстандын фабрикалуу шаарлары;
3. в знач. сущ. м., уст. фабрика жумушчусу.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
фаза (1. тарыхый процесстин өнүгүшүндөгү белгилүү бир доор; 2. кандайдыр бир кубулуштун же организмдин белгилүү учуру же доору; кандайдыр бир заттын өзгөрүшүндөгү же абалындагы айрым учур же доор; ушундай учурдагы же доордогу заттын формасы же абалы; 3. астр. планеталардын өзгөргөн түрлөрү, мис. айдын толушу, кемиши ж.б.; 4. тех. генератордун ороолорунун ар бир группасы).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кандайдыр бир коомдук процесстин тарыхый өнүгүшүндөгү айрым кырдаалдык мезгил, доор. 2. экон. Бир нерсенин өнүгүү жана өзгөрүлүү жолундагы учуру, айрым кырдаалы, ошондой эле бул учурдун абалы.

Русско-кыргызский словарь названий животных Алдашева (1998)
(Phasianidae) кыргоол сымалдуулар; тоок түспөлдүүлөр түркүмүндөгү илбээсин куштардын бир тукуму, булардын кыйла уруусу, 165 түрү бар: фазан алмазный (Chrysolophus amherstiae) — кулпунган кыргоол, ф. амударьинский — Аму-Дарыя кыргоолу, ф. аральский — Арал кыргоолу, ф. воротниковый — жакалуу кыргоол, ф. закаспийский — Түштүк Каспинин кыргоолу, ф. золотистый — к. ф. золотой, ф. золотой (Ch. pictus) — алтынсары кыргоол, ф. колхидский — к. ф. обыкновенный, фазан королевский (Syrmaticus reevesi) — чубак куйрук кыргоол, ф. обыкновенный (Phasianus colchicus) — Колхида кыргоолу, ф. персидский — перси кыргоолу, ф. священный — к. ф. королевский, ф. семиречинский (Ph. mongolicus) — Жети-Суу кыргоолу, кадимки кыргоол, ф. серебрянный — күмүш кыргоол, ф. уссурийский — Уссури кыргоолу, ф. ушастый обыкновенный — кадимки кулактуу кыргоол, фазаны воротниковые — жакалуу кыргоолдор (уруу), ф. ушастые — кулактуу кыргоолдор (уруу).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
факт (анык болгон иш);
исторический факт тарыхый факт;
общеизвестный факт жалпыга белгилүү факт;
привести факты факт келтирүү;
факты - упрямая вещь фактыга каршы талашуу кыйын;
факты говорят за себя фактынын өзү эле айтып турат;
голые факты куру фактылар;
факт тот, что... разг. иш... да; -гымда, -гында, -ында, -ганычын, туура;
факт тот, что я забыл эту книгу дома маселе менин бул китепти үйдө унутуп калгандыгымда;
факт, что он уже ждёт нас анын бизди күтүп жатканы чын.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИШ ЖҮЗҮНДӨГҮ ТАРБЫЯЧЫ – КР үйбүлө укугу боюнча, эрезеге жетелек балдарды иш жүзүндө баккан жана тарбыялаган эмгекке жарамсыз адам; эгер ал өз балдарынан же жубайынан (мурдагы жубайынан) багуу көрбөгөн болсо, сот аркылуу өзүнүн ишке жарамдуу тарбиялануучуларынан багууну талап кылууга акысы бар. Камкордукта (көзөмөлдө) турган же асыроочу үйбүлөдө тарбыяланып жаткан жактарга багуу милдети жүктөлбөйт. Эгер И. ж. т. аларды 5 жылдан ашык эмес же тийиштүү деңгээлде бакпаган болсо, сот тарбыялануучуну мындай милдеттен бошотушу мүмкүн.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИШ ЖҮЗҮНДӨГҮ НИКЕ – мыйзам тартибинде жолжоболоштурулбаган иш жүзүндөгү никелешүү. КРде кээде «жарандык нике» деп да аталат. И. ж. н. үйбүлө мыйзамдарында каралган жубайлык укук менен милдеттерди таңуулабайт.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
1. (движущая сила) фактор (кандайдыр бир процесстин же кубулуштун кыймылдаткыч күчү);
постоянно действующие факторы дайыма аракет кылып туруучу факторлор;
2. мат. фактор (ар бир көбөйтүлүүчү сан).

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Факторинг (Factoring) —Факторинг – это приобретение требований к должнику и взыскание долга, когда одна сторона (финансовый агент) передает или обязуется передать другой стороне (клиенту) денежные средства в счет денежного требования клиента (кредитора) к третьему лицу (должнику), вытекающего из предоставления клиентом товаров, выполнения им работ или оказания услуг третьему лицу, а клиент уступает или обязуется уступить финансовому агенту это денежное требование.  

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Факторинг (Factoring) —Факторинг – бул, карызгерге карата талаптарды алуу жана карыздарды өндүрүү. Мында бир тарап (финансылык агент) экинчи тарапка (кардарга) кардардын товарларды сунуштоосунан, иштерди аткаруусунан же үчүнчү жакка кызмат көрсөтүүдөн улам, үчүнчү жакка карата келип чыккан, анын акчалай талаптарынын эсебинен акча каражатын берет же берүүгө милдеттенет, ал эми кардар финансылык агентке ошол акчалай талапты ыйгарып берет же ага милденттенет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФАКТОРИНГ (акча талабын кыйуу алдындагы каржылоо келишими) – бир тарап (каржы агенти) башка тарапка (кардарга) кардардын (кредитордун) акча талаптарынын эсебинен үчүнчү тарапка (карызкорго) кардардын үчүнчү жакка товар берүүсүнөн, жумуш аткаруусунан же кызмат көрсөтүүсүнөн келип чыгуучу акча каражаттарын өткөрүп берүүчү же өткөрүп берүүгө милдеттенүүчү, а кардар каржы агентине ал акча талабын кыйуучу же кыйууга милдеттенүүчү келишим. Карызкорго карата акча талабынын кардар тарабынан каржы агентине кыйылышы ошондой эле кардардын каржы агентинин алдындагы милдеттенмесин камсыз кылуу максаттарында болушу ыктымал. Ф. боюнча кийинкисинин милдеттенмеси кардардын бухгалтердик эсебин жүргүзүүнү, ошондой эле ага кыйуу предмети болуп саналган акча талаптарына байланыштуу башка каржылык кызмат көрсөтүүлөрдү өзүнө камтуусу мүмкүн. Каржы агенттери катары Ф-ди банктар жана башка кредиттик уюмдар, ошондой эле ошондой ишмердиктин түрүн ишке ашырууга улуксаты (лицензиясы) бар башка коммерциялык уюмдар түзө алышат. Ошон үчүн төлөө мөөнөтү эбак келген (болуп жаткан талаптар) да, жана төлөө мөөнөтү эми гана келүүчү (болочок талаптар да) акча каражаттарына карата укуктар да каржылоо берилүүчү кыйуунун предмети боло алат. Кыйуу предмети болгон акча талаптары кардар менен каржы агентинин келишиминде келишим түзүлүп жаткан учурдагы талаптарды жана болочок талаптарды – алардын пайда болуусунан кеч эмес учурда теңдештирүүгө мүмкүнчүлүк бергендей аныкталуусу тийиш.

ЮРИДИКАЛЫК ФАКТЫ – таасын-так укук мамилеси келип чыгуучу (өзгөрүүчү, токтотуучу) мыйзамда каралган жагдайлар. Ал эки топко бөлүнөт: окуя жана иш-аракет. Ю. ф. арасынан ошондой эле укуктук абал да бөлүнүп турат (аскер кызматында, нике, туугандыкта, издөөдө, кызматта ж. б. турган). Ю. ф. кесепет мүнөзү боюнча укук түзүүчү, укук токтотуучу, укук өзгөртүүчү болуп бөлүнөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФАКУЛЬТАТИВДИК ПРОТОКОЛ – эларалык укуктагы адатта негизги келишимди түзүүгө байланыштуу жана ага тиркеме катарында (бирок анын ажырагыс бөлүгү болуп саналбаган) өзалдынча документ таризинде кол коюла турган көп тараптуу эларалык келишимдин бир түрү. Эгер факультативдик жоболор менен эскертүүлөрдү билдирүү мүмкүнчүлүгүн алдынала каралбай калса, негизги келишимдин баардык тараптарынын жалпы макулдугуна жетишилбей калган маселелерге карата биркатар катышуучулардын макулдашуусу Ф. п-до бекитилет.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФАКУЛЬТАТИВДИК ПРОТОКОЛ – эларалык укуктагы адатта негизги келишимди түзүүгө байланыштуу жана ага тиркеме катарында (бирок анын ажырагыс бөлүгү болуп саналбаган) өзалдынча документ таризинде кол коюла турган көп тараптуу эларалык келишимдин бир түрү. Эгер факультативдик жоболор менен эскертүүлөрдү билдирүү мүмкүнчүлүгүн алдынала каралбай калса, негизги келишимдин баардык тараптарынын жалпы макулдугуна жетишилбей калган маселелерге карата биркатар катышуучулардын макулдашуусу Ф. п-до бекитилет.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
факультет (жогорку окуу жайынын илимдин бир тармагын өз ичине алган бир бөлүмү);
исторический факультет тарых факультети;
медицинский факультет медицина факультети;
математический факультет математика факультети.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. ист. фаланга (байыркы гректерде - бир нече катарга жыш болуп тизилген пехота строю);
2. ист. фаланга (Фурьенин утопиялык окуусунда (1772-1837) чоң община, коммуна);
3. анат. шыйбылчак, бейбелчек;
4. зоол. музоо баш.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. (действие) фальсификациялоо, бурмалоо (кара ниеттик менен жасалма кылып чыгаруу);
фальсификация исторических фактов тарыхый фактыларды фальсификациялоо (бурмалоо);
2. (подделанная вещь) жасалмаланган, жалган, чыныгы эмес нерсе;
грубая фальсификация жемчуга орой жасалмаланган бермет, чыныгы эмеси көрүнүп турган бермет.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БУРМАЛОО – жасалмалоо, атайылап бурмалоо, (нактаны, чындыкты) жалган менен алмаштыруу. КР кылмыш-жаза укугунда шайлоо документтерин, референдум документтерин Б-го же добуштарды туура эмес саноого жоопкерчилик каралган; эгер ал аракет карызкор уюмдун жетекчиси же ээси, болбосо кудуретсиздикке кабылган учурда жеке ишкер тарабынан жасалса, экономикалык ишти чагылдыруучу бухгалтердик ж. б. документтерди Б.; далилдерди Б. ж. б.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
сов. и несов. что
фальсификациялоо, бурмалоо, жасалмалоо (өзүндөй кылып көрсөтүү максаты менен бир нерсени бурмалоо, жасалмалоо, кара ниеттик максаты менен азыкты жасалма кылып чыгаруу);
фальсифицировать документы документтерди фальсификациялоо.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАЛГАН ЗЭЭРЧИЛИК – КР кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча, жасалма акчаны же баалуу кагазды жасоо менен сатууну көздөгөн экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмыштардын бири. Чыныгы акча белгисине же баалуу кагазга окшош жасалма акчаны же баалуу кагазды жасоонун баардык ыкмасы (колдон сүрөт түшүрүү, техникалык каражаттарды, көбүнчө ксерокөчүрмөнү ж. б. колдонуу аркылуу) жасоо катары эсептелет. Ошону менен бирге, окшоштугу максатка жетүү мүмкүнчүлүгүн берүүгө тийиш – жасалма акчаны же баалуу кагазды сатууга.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
1. (поддельный) жасалма, жалган;
фальшивый документ жасалма документ;
фальшивые зубы жасалма тиштер;
2. (неискренний, лицемерный) арампөөш, арамза;
фальшивая улыбка арамза жылмаюу;
3. (двусмысленный) арабөк;
оказаться в фальшивом положении арабөк абалда калуу;
4. муз. бузулган, натуура;
фальшивая нота натуура нота.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Өз аты менен бирге кошулуп айтылуучу жана балдарына (ылайык табышса аялына да) өтүп, укумдан тукумга сакталып колдонула берүүчү жалпы үй-бүлөлүк ат. Менин фамилиямды качан чакырар экен деп, Мусабек почтальонду чыдамсыздык менен жал-жал карайт (Абдумомунов).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФАМИЛИЯ (АТА-ТЕК) (лат. familia ) – 1) курамына кандаш туугандардан тышкары кулдары да кире турган, Байыркы Римдеги үйбүлө чарбачылык-юридикалык бирдик; 2) туулганда, баштапкы Ф. өзгөргөндө, асырап алганда, никеде, мураска өткөндө алына турган ата-тек аталышы. Жаран ысымынын курамдык бөлүгү (кең маанисинен алганда).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өз аты менен бирге кошулуп айтылуучу жана балдарына (ылайык табышса аялына да) өтүп, укумдан тукумга сакталып колдонула берүүчү жалпы үй-бүлөлүк ат. Менин фамилиямды качан чакырар экен деп, Мусабек почтальонду чыдамсыздык менен жал-жал карайт (Абдумомунов).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФАМИЛИЯ (АТА-ТЕК) (лат. familia ) – 1) курамына кандаш туугандардан тышкары кулдары да кире турган, Байыркы Римдеги үйбүлө чарбачылык-юридикалык бирдик; 2) туулганда, баштапкы Ф. өзгөргөндө, асырап алганда, никеде, мураска өткөндө алына турган ата-тек аталышы. Жаран ысымынын курамдык бөлүгү (кең маанисинен алганда).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
1. фамилия 2-ге т.;
фамильный архив Пушкиных Пушкиндин үй-бүлөсүнүн архиви;
2. (наследственный) тукум кууган;
фамильное сходство тукум кууган окшоштук (мис. ата-бала, бир туугандар).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Диний ишенимге жеткире сугарылган, ага өзгөчө катуу берилген, башка диндик ишенимди, анын өкүлдөрүн аябай жек көргөн киши. 2. Кандайдыр бир ишке, идеяга ж. б. өзгөчө кызыгуу менен берилген, аны жан-дили менен колдогон, анын бардык ишине ар дайым даяр турган киши.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Өзүнүн диний ишенимине өзгөчө катуу берилген, башка ишенимди кайнаса каны кошулбагандай жек көргөн фанатиктин ой-пикирине, түшүнүгүнө, аракетине мүнөздүү көрүнүш, анын өзгөчөлүгүн аныктоочу белгилердин жалпы жыйындысы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өзүнүн диний ишенимине өзгөчө катуу берилген, башка ишенимди кайнаса каны кошулбагандай жек көргөн фанатиктин ой-пикирине, түшүнүгүнө, аракетине мүнөздүү көрүнүш, анын өзгөчөлүгүн аныктоочу белгилердин жалпы жыйындысы.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Диний ишенимге жеткире. сугарылган, ага өзгөчө катуу берилген, башка диндик ишенимди, анын өкүлдөрүн аябай жек көргөн киши.
2. Кандайдыр бир ишке, идеяга ж. б. өзгөчө кызыгуу менен берилген, аны жан дили менен колдогон, анын бардык ишине ар дайым даяр турган киши.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тыбыштардын жасалышы, кептеги тыбыштарды жасоо учурун, тыбыш жасоочу органдардын биргелешип иштеши о.э кепти угуу аркылуу кабылдоонун жыйындысы. 2. Кептин тыбыштык сапаты, аны айтууга зарыл болгон кекиртектин иштеши менен шартталышы.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Жакшы көрк берүү үчүн жыгачтан жасалган буюмдардын сыртынан каптатылган жыгачтын жука, жазы тилкеси.
2. Бир нече кат жука тактай тилкесинен катталган жана жабыштырылган такта. Иван Безруков болсо ушул кыштактагы фанера заводунда мастер болуп иштей турган (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жакшы көрк берүү үчүн жыгачтан жасалган буюмдардын сыртынан каптатылган жыгачтын жука, жазы тилкеси. 2. Бир нече кат жука тактай тилкесинен катталган жана жабыштырылган такта. Иван Безруков болсо ушул кыштактагы фанера заводунда мастер болуп иштей турган (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Чыгармачылык менен кыялданууга, кыялдуу ой жүгүртүүгө карата болгон жөндөмдүүлүк. Бул жазуучунун фантазиясы бай. Поэтикалык фантазия.
2. Куру кыял, иш жүзүнө ашпас, жалган нерсе.
3. муз. Эркин формадагы музыкалык чыгарма.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. (творческое воображение) фантазия, кыял, элес (чыгармачылык менен кыялдануу);
художественная фантазия көркөмдүк фантазия;
у этого писателя богатая фантазия бул жазуучунун фантазиясы бай;
2. (мечта) кургак кыял, иш жүзүнө ашпас элес;
предаваться фантазиям кыялга чөгүү;
3. (выдумка, ложь) болбогон нерсени ойлоп чыгаруу, калп, жалган;
не верьте глупым фантазиям акылга сыйбаган калпка ишенбеңиз;
4. разг. (прихоть, причуда) фантазия, кербездик;
ему пришла в голову фантазия анын башына фантазия келе калды;
5. муз. фантазия (музыкалык чыгарманын эркин формадагы түру).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Чыгармачылык менен кыялданууга, кыялдуу ой жүгүртүүгө карата болгон жөндөмдүүлүк. Бул жазуучунун фантазиясы бай. Поэтикалык фантазия. 2. Куру кыял, иш жүзүнө ашпас, жалган нерсе. З. муз. Эркин формадагы музыкалык чыгарма.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
1. (сказочный, причудливый) фантазиялуу, фантазиялык, фантазияга окшогон, жомокко окшогон, укмуштуу;
2. перен. (несбыточный, невероятный) апыртылган; фантазиялуу; куру;
фантастические слухи апыртылган кабарлар;
фантастическая литература фантазиялуу адабият (ишке аша элек же чындыкка жатпаган окуяларды негиз кылып алган көркөм адабият).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м. мор.
фарватер (суунун, дарыянын кеме жүрө ала турган бөлүгү);
быть в фарватере кого-л. или быть в фарватере чьей-л. политики бирөөнүн таасиринин астында болуу, кимдиндир саясатынын таасиринин астында болуу.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФАРМАЦЕВДИК ИШ – дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү дүңсоода ишканалары жана дарыкана мекемелери тарабынан жүргүзүлчү иш; ага дары-дармек каражаттарын дүңү менен жана майдалап сатуу, аны даярдоо кирет.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФАРМАЦЕВДИК ИШ – дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү дүңсоода ишканалары жана дарыкана мекемелери тарабынан жүргүзүлчү иш; ага дары-дармек каражаттарын дүңү менен жана майдалап сатуу, аны даярдоо кирет.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
1. фарфор (ак чопонун жогорку сортунан жасалган манералдык масса);
ваза из фарфора фарфордон жасалган ваза;
2. собир. (изделия, посуда) фарфор (фарфордон иштеп чыгарылган буюм, идиш-аяк);
коллекция русского фарфора орус фарфорунун коллекциясы.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
фарфор-го т.;
фарфоровый чайник фарфор чайнек;
фарфоровая чашка фарфор кесе;
фарфоровые изоляторы эл. фарфор изоляторлор, фарфордон жасалган изоляторлор;
фарфоровый завод фарфор заводу.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФАС (англ. FAS , free alongside ship – «кеме бортун бойлой бош» дегендин кыскартылганы) – эларалык соода аталгысы, коммерциялык аткарымдардагы ташып жеткирүүнүн Франко-шарттарынын бири (1990-жылдагы «Инкотермс» басылмасында өзгөрүүсүз калган). Бул шартка ылайык, товар качан суужээк аялдамасындагы кеменин бортун бойлой жайгаштырылганда гана, сатуучу өзүнүн милдетин аткарган болуп эсептелет. Ошол учурдан тартып, баардык чыгымдарды, сынуу же талкалануу тобокелчилигин сатып алуучу тартат. Франко-завод шартындай эле, мындай аткарымдар сатуучуга жүк-төлгөн ФОБдон айырмаланып, сатып алуучу товарды экспорттук алымдар менен бажы жолжоболорунан тазалайт. ФАС шарты деңиз же дарыя ташууларында гана колдонууга жөндөмдүү.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФАС (англ. FAS , free alongside ship – «кеме бортун бойлой бош» дегендин кыскартылганы) – эларалык соода аталгысы, коммерциялык аткарымдардагы ташып жеткирүүнүн Франко-шарттарынын бири (1990-жылдагы «Инкотермс» басылмасында өзгөрүүсүз калган). Бул шартка ылайык, товар качан суужээк аялдамасындагы кеменин бортун бойлой жайгаштырылганда гана, сатуучу өзүнүн милдетин аткарган болуп эсептелет. Ошол учурдан тартып, баардык чыгымдарды, сынуу же талкалануу тобокелчилигин сатып алуучу тартат. Франко-завод шартындай эле, мындай аткарымдар сатуучуга жүк-төлгөн ФОБдон айырмаланып, сатып алуучу товарды экспорттук алымдар менен бажы жолжоболорунан тазалайт. ФАС шарты деңиз же дарыя ташууларында гана колдонууга жөндөмдүү.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бөлүк, глава. фасил Солто уругу. Тагайдан: Богорстон, Койлон, Кылжыр,– үч уул. Богорстондон – Солто, Койлондон – Жедигер. Кылжырдан: Темир, Болот, Тынай, Бугу – төрт уул (Кыргыз тарыхы)

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Кийим-кечелерди белгилүү бир түргө салып бычуу же тигүү үчүн колдонулган үлгү, модель. Жаңы фасон менен тигилген окшош көйнөктөр.
2. Буюмдун же кандайдыр бир жасалганын сырткы көрүнүшү, формасы.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
1. (покрой, образец) фасон (кийимдин бычуусу, үлгүсү);
снять фасон фасонун түшүрүп алуу;
пальто нового фасона жаңы фасон менен тигилген пальто, жаңы фасондуу пальто;
2. перен. (вид, манера) фасон (кебете, түр, манера);
на новый фасон жаңы фасон менен, жаңы фасонго салып.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
эск. Чечим, токтом (мындай токтомду дин жолу менен муптулар, мужтахиддер чыгарган. Молдолор, эшендер, кожолор эмгекчилердин өлдүм-талдым дегенде тапкан бирин эки булдарын алдап, карындарын толтурду. Алда кайдагы эски фатывалар менен караңгы элдин көзүн будалады (Эркин-Тоо, №1, 1924-ж.). Төрөлөргө жана анын солдаттарына каршы казатка аттанууга «батуба» кылып тарашты (Убукеев).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
фауна (кандайдыр бир жердин, өлкөнүн же геологиялык доордун бардык түрдөгү айбандарынын жыйындысы);
фауна Средней Азии очень разнообразна Орто Азиянын фаунасы абдан ар түрдүү.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Империалисттик буржуазиянын жеткен агрессивдүү чөйрөсүнүн кызыкчылыктарын көздөгөн өтө реакциячыл саясий агым жана ашкан шовинизм, расизм, бардык демократиялык боштондукту жок кылуу, басып алуучулук, согуштарды даярдоо, баштоо сыяктуу мүнөздүү өзгөчөлүктөрү бар монополисттик капиталдын террористтик диктатурасы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Империалисттик буржуазиянын жеткен агрессивдүү чөйрөсүнүн кызыкчылыктарын көздөгөн өтө реакциячыл саясий агым жана ашкан шовинизм, расизм, бардык демократиялык боштондукту жок кылуу, басып алуучулук согуштарды даярдоо, баштоо сыяктуу мүнөздүү өзгөчөлүктөрү бар монополисттик капиталдын террористтик диктатурасы.

Русско-кыргызский словарь названий животных Алдашева (1998)
(Phaethontidae) фаэтондор; калак буттуу куштардын бир тукуму: фаэтон белохвостый (Phaethon lepturus) — ак куйрук фаэтон, ф. красноклювый (Ph. aethereus) — Кызыл тумшук фаэтон, фаэтон краснохвостый (Ph. rubricauda) — кызыл куйрук фаэтон.