Киргизско-русский словарь Юдахина
Перевод БАК в русско-кыргызском онлайн переводчике Эл-Создук

бак I
ир.
1. сад;
жемиш багы фруктовый сад;
2. дерево;
карга бийик бакка конду ворона села на высокое дерево;
бир он эки түп жоон багы бар у него есть штук двенадцать толстых деревьев;
бак-дарак деревья, древесные насаждения;
жалгыз түп бактын көлөкөсүндө олтурдук мы сели в тень одинокого дерева.
бак II, бакт, бакты, бакыт
ир.
счастье, удача;
жакшы болду, багыбыз (или бактыбыз) бар экен хорошо получилось, нам сопутствует удача;
бактың озсун! желаю тебе счастья!;
бактысы үчүн балдардын стих. ради счастья детей;
бак конгон жигит удачливый парень;
анын башына бакыт конду ему привалило счастье;
майданда жүргөн жериңде, бак консун сенин башыңа фольк. пусть удача сопутствует тебе там, где ты находишься;
бак ач- или бакыт ач- открыть путь к счастью; дать счастье;
ачылыптыр бактыбыз фольк. нас посетила удача, нам повезло;
багы (или бакты или бактысы) ачык киши удачливый человек; человек, которому сопутствует счастье;
багы ачыктын маңдайы жарык погов. у удачливого лицо сияет;
бактыдан колун албаган фольк. всегда сопутствуемый удачей;
багын байла- или бактын байла- или бактысын байла- разбить чьё-л. счастье;
багы (или бактысы) байланды (или кетти или качты) его постигла неудача;
бакты баштан качыр- или бактыны баштан качыр- лишиться (по своей вине) счастья, лишить себя счастья;
бактысын тепкен он сам пренебрёг своим счастьем;
бак ал- или бак бас- победить, унизить кого-л.;
бак алдыр- дать себя победить, быть побеждённым;
менин багыма на моё счастье;
багыбызга (или бактыбызга) кайчы (или каршы) к нашему несчастью;
бак талаш- добиваться авторитета, оспаривать авторитет;
бак кумар уст. карьерист;
бак-таалай или (в стихах) таалай-бак или бак-дөөлөт (ир. бак, ар. таалай и дөөлөт - синонимы) счастье, счастье-удача;
бакты-таалай издеп в поисках счастья, в поисках удачи;
солуган гулдөй саргайгам, башымдан качып таалай-бак фольк. изменило мне счастье-удача и я пожелтел, как увядший цветок;
айта берсем, абдан көп, бак-дөөлөтүн атаңдын фольк. если рассказывать, много у отца твоего счастья-удач;
бак-таалайы ачылсын желаю ему счастья;
бакты-таалайлуу счастливый, удачливый;
бактыдан көр принять как свою судьбу, как свою долю.
бак III
бак-бак звукоподражание крику козла;
бак-бак эт- то же, что бакылда-;
бак-бак эткен теке горластый козёл;
бак-бак этип сүйлө- громко болтать;
каткырып күлгөн күлкүсү, бак-бак сүйлөгөн тамашасы жок нет ни громкого хохота, ни громкого шутливого разговора.
бак- IV
1. присматривать, ухаживать за кем-чем-л.; воспитывать (растить); пасти (скот); водить (птицу); разводить, возделывать (напр. хлебные злаки);
бала бак воспитывать детей;
багып алган бала приёмный ребёнок, приёмыш;
бир ата отуз уулду багат, отуз уул бир атаны багалбайт погов. (говорится с упрёком) один отец тридцать сыновей кормит, тридцать сыновей одного отца прокормить не могут;
карга бакса, куш болбойт погов. как ни воспитывай ворону, она (ловчей) птицей не станет;
багар-көрөрү жок о нём некому заботиться (напр. о круглом сироте, о беспризорном, о престарелом);
ата-энеси жок жана багар-көрөр кишиси жок у него нет родителей, некому о нём заботиться;
айлыңарда багар-көрөрү жок эки кемпир, үч абышкаңар бар экен у вас в ауле, оказывается, есть две старухи и три старика, о которых некому заботиться;
мал бак-
1) пасти скот;
2) держать скот, иметь скот;
колго бага турган мал домашний схот;
туугандан өтөм десең, кой бак; душмандан өтөм десең, аштык бак фольк. если хочешь родичей обогнать, разводи скот; если хочешь врага обогнать, возделывай хлебные злаки;
2. стеречь, охранять, наблюдать;
он эки миң санаты ордо багар баатыры фольк. богатырей, охраняющих дворец, двенадцать тысяч;
Токо тыңшап багып турду Токо слушал и наблюдал;
көзөмөлдөп баатырды, багып кетип баратыр фольк. пристально следя за богатырём, он едет (за ним) и наблюдает;
3. смотреть;
күн тийгендей жаркырап, кулө багып жайнайсың фольк. блистаешь ты, как солнечный луч, с улыбкой смотришь ты красиво;
4. в роли вспомогательного глагола то же, что көр- III 5;
ойлоп бак подумай-ка, попробуй обдумать;
көтөрүп бак подними-ка, попробуй поднять;
жоругуна карап бак фольк. посмотри-ка на его повадки;
кашымда бар кан Сыргак, кайраттарын карап бак фольк. со мною рядом хан Сыргак, ты посмотри-ка на его отвагу;
жан бак- существовать; находить (себе) пропитание в пристанище (где-л.);
жан бакты
1) человек, бродящий по чужим домам в расчёте на угощение;
2) человек, думающий или заботящийся только о себе;
баш бак- слегка высунуть голову;
терезеден баш багып карайт он смотрит, высунув голову в окно;
эшиктен баш багып карады он посмотрел, высунув голову из-за двери;
баш багып кирерде при самом входе, у самого входа;
бери бак- обычно в отриц. обороте:
бери бакпайт окшойт он, видимо, не выживет;
оорусу катуу, бери багаар эмес болезнь его тяжёлая, он не жилец на свете;
бет бак- см. бет;
кудай бактыны кудай какты погов. см. как- IV 2.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Бир түп жыгач же көп сандагы жыгач. Үйдүн жанындагы жалгыз түп бак. Топ-топ бактар, кол сандыктай тепирейген тамдар, квзүмө.. жылуу учурады (Сыдыкбеков).
БАК II бакыт менен бирдей. Баарыбыздын бак үчүн Баатыр Ленин жаралган (Тоголок Молдо). Багы ачыктын маңдайы жарык (Сыдыкбеков).
БАК III этиш. Тарбиялоо, асыроо, өстүрүү. Азамат болсоң ак иштеп, Аздыркөптүр малың бак (Токтогул). ..Абазды ушул кемпир багып чоңойткон (Таштемиров).
БАК IV: бак-бак туур. Бакылдоо, бакылдап сүйлөө. Бак-бак эткен текени суу кечкенде көрүп ал (макал). Бак-бак эткен элдин үнү алыстан угулуп жатты («Ала-Тоо»).
БАК зат. Суюк зат куюлуучу темир идиш. Бензин куюлган бак.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Байыркы түрк тилинде бак этиши «байка», «кара», «көр» деген мааниде айтылган (ДТС, 81). Ушундай мааниде азыркы бир катар түрк тилдеринде кезигет. Кыргыз тилинде бак этиши «байка», «көр», «кара» этиштеринин маанисинде өзүнчө айтылбайт, көрүп-багып туруп, күлө багып карап деген сыяктуу учурларда гана айтылганда алгачкы маанисине жакын турат. Ал эми баш бак деген учурда бак этиши көзгө байланыштуу эмес, баш деген сөз менен тизмектешип, фразеологизмди түзүп калган. Алгач бак сөзүнүн мааниси «байка», «көр», «кара» дегенге туура келген. Андан өнүгүп-өсүп отуруп башка маанилери келип чыккан. Баланы багуу, оорулуу кишини багуу, малды багуу да дайыма карап, көз болуп турууну талап кылат. Ошондуктан кыргыз тилинде ушундай жаңы мааниси өнүгүп, алгачкы мааниси көөнөрүп калган.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бакыт-таалай: ойдогу самагандарына жетишип, ырыстуу жашоо. 2. Бакты-таалайдын ээси. «Бак карап, Кыдыр даарыган» адам түбөлүк бакты – таалайлуу, ар дайым жолдуу болот. Ак сакалы Бак экен («Манас» С. О.).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
өсүп турган көп жылдык жыгач өсүмдүгү жана ушундай жыгач өсүмдүктөрүнүн тобу. Алмалуу бак көтөрө албай мөмөсүн Бүтүн шактар туш-тушунан жөлөнгөн (Токомбаев). Мөлтүрөп ийген шактарын Мөмөлүү жыгач бактарын (Маликов). Бак аралап сымаптай суу Ыргып ойнойт шылдырап (Токомбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тарбиялап өстүрүп же материалдык жардам көрсөтүп, өмүр сүрүүсү, жашоосу үчүн камкордук көрүү. Абазды ушул кемпир багып чоңойткон (Таштемиров): Муканбай бой тартып энесин бага баштады («Ден соолук»). 2. Мал үчүн камкордук көрүү, жем-чөп берүү, жайытка чыгаруу сыяктуу камылга кылуу иштерин жүргүзүү. Эгин айдап, мал багып, Эмгек кылчу жай келди (Осмонкул). Окуп алган киши уйду бакса, ага көк көйнөктү жолотпойт (Сыдыкбеков). || Ар кандай жаныбарларды, үй айбандарын, канаттууларды колдо асыроо. Коён, тоок багамын, Аларга короо саламын (Осмонов). Жайдан кышка шаңшытып, Алгыр бүркүт бакканың (Токтогул). 3. Эгиндин, бак-дарактардын же башка ар кандай өсүмдүктөрдүн өсүшү үчүн кам көрүү. Эгиндер толуп көйкөлөт, Кадырлап баксак кадырлап, Береке берер өмүргө биздин колдон өнгөн бак (Осмонов). 4. Кароо. Ак шишик баскан балдарды тик бага албай жүрдүм (Айтматов). Күн тийгендей жаркырап, Күлө багып жайнайсың (Токтогул). 5. Сак-сактоо, кайтаруу, кароо, көзөмөлдөө, байкоого алуу. Калың кыргыз, кыпчакты Кас душмандан ким багат? («Курманбек»). Эр Манастын күмбөзүн, Эченден бери багат дейт («Эр Табылды»). 6. Кандайдыр бир аракетти жасап көрүү, байкап көрүү маанисинде көмөкчү этиш катарында колдонулат. Белекке бердим, кийип бак, Белсенип жоого тийип бак («Сейтек»). өлбөй тирүү калбайсың, Жан аманат, ойлоп бак (Токтогул). Келишимдүү Тоотору ат, Кежирлик кылбай минип бак («Сейтек»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
бака I
1. лягушка;
баканын өзү чөлдө болсо да, көзү көлдө погов. сама лягушка в степи, а глаза ее на озере;
бака жеп, көгө кирди; жылан жеп, ийинге кирди погов. ищи ветра в поле (букв. лягушка, съевши, в озеро вошла; змея, съевши, в нору вошла);
секирген бакага жетпей калды у него крылья подрезаны; он лишился. Былой силы (букв. прыгающую лягушку он не в состоянии догнать);
көл бака водяная лягушка;
2. перен. сухопарый человек; человек (худой) как палка;
таш бака черепаха;
бака баш один из видов беркута;
бака чөп название болотного растения;
бака жалбырак см. жалбырак;
бака терек см. терек 1.
бака II
шип, на котором вращается верхний мельничный жёрнов.
бака III
бака-шака стукотня, грохот; сутолока, суматоха;
бака-шака түшүп с грохотом; в суматохе;
жол узак... вагон ичи бака-шака стих. путь дальний... в вагоне шум и гвалт;
бака-шака той многолюдный, шумный и богатый пир;
бака-шака жулушуп, кыйла кыргын салыптыр фольк. остервенело схватившись, он учинил большую резню.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Арткы буттары секирүүгө ылайык узун, сууда жана кургакта жашоочу жаныбар. Көлүндө бака чардаган, Көгүндө күкүк сайраган («Манас»).
Таш бака — асты жана үстү сөөк-калкан менен капталган, кыска буттуу, акырын жылып баскан жаныбар.
БАКА II: бака-шака туур. Элдин жандуу, көңүлдүү кыймылы, күүсү. Тетигинде сонун эмгек, Бака-шака кайнаган (Аалы). Бака-шака бардык жерде курулуш (Убукеев). Үчүнчү күнү эртең менен журт бака-шака түшүп, жапырт көчүп калды (Баялинов).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Сууда жана кургакта жашаган жаныбардын аты анын бак-бак деп чардаганына жараша берилген. Баканын үнүн тууроо үчүн кыргыз тилинде бак-бак деген сөз бекер колдонулбайт. Ошол дабышын туураган сөздөн кийин дагы үндүү тыбышты кошуу аркылуу ал жаныбардын атын билдирген сөз келип чыккан.

Энциклопедия "Манас". ч.1.

БАКАЙ«Манас» үчилтигинин бардык бөлүмүндө башкы каармандардын (Манас, Семетей, Сейтек) жашы улуу, көптү көргөн, кыраакы жана акылман кеңешчиси, насаатчысы катары активдүү роль ойногон негизги каармандардын бири. Ал кырк чоронун ичинен Манаска эң жакын тууганы. Атасы Бай менен Манастын атасы Жакып экөө бир тууган.

Саякбай Каралаевдин вариантында кээде Олуят чалдын эр Бакай деп да айтылат, анткени бул вариант боюнча Бакай бир жашка толо элегинде атасы Бай кытайлардын колуна түшүп кетип өлөт да, жетим калган баланы Олуят чал жердин түбү Желпинишке алып кетип багып өстүрөт. Эрезеге жеткенде Манасты издеп чыккан Бакай душман тарабынан чабылып-чачылган туугандарын таап чогултмак болуп аттанып чыккан Манаска жолугат. Экөө бири-биринин сынына толуп, түбөлүк бирге болууга антташканда Манас Бакайга кайрылат:

Кайыбынан табылган
Кан абам сендей эр болбойт,
Кабак ачып ойноорго
Кең Таластай жер болбойт.


О дүйнөгө кеткиче,
Уйпаланып кайран жан
Топуракка жеткиче,
Тулпардын оозун буруп бер,
Туйгун аба, эр Бакай
Ата болуп өзүмө
Тутка болуп туруп бер.


Эки тизгин, бир чылбыр
Эл бийлигин алыңыз,
Эдене-тайтаң өзүмдү
Эптеп жолго салыңыз.

Туйгун Бакай, кан аба.
Туура караан маа болуп,
Кара жаак айбалта
Кайкалатпай аштаңыз.
Казак менен кыргыздын
Жолун өзүң баштаңыз.
Бирдикти колго алыңыз,
Билген жолго салыңыз! (Саякбай Каралаев, 1. 187).

Бул жолугушуу Манас эли менен Алтайдан Таласка көчүп келгенден кийин малын аяган атасы Жакыпка тарынып үйүнөн кетип, Боз талааны жайлап Баба-Дыйкан экөө ортоктошуп эккен эгинине Аккуланы сатып алганына удаа болот.

Сагымбай Орозбаковдун вариантында

Манас менен Бакайдын алгач кездешүүсү башкача кырдаалда өтөт. Иниси Жакыпты издеп Алтайга барган Бай ал жерде алты жылдай конок болуп тургандан кийин Дагалак шаарын алганы аттанган Манастын колу менен Бай да жөнөйт. Ушул эле учурда Ала-Тоо тараптан келген Кошой баштаган колдун ичинде Бакай да болот. Эки кол кезиккенде Бай баласы Бакайды Манаска кошот. Манас менен Бакай жаңыдан таанышып олтурганда Кызыр менен Бак (таалай-бактын пири) аксакал түрүндө кубулуп келип, аларга жолугат да Кызыр аларды Бак даарыганын айтып келип, Манаска Бакайды «Өбөгүң болот өзүңдүн, айнеги болот көзүңдүн» — дейт. Ошентип, эпос боюнча Бакай Манас үчүн атайын жаралат да ага кошулган күнүнөн тартып, үзүлгөнүн улаган, чачылганын жыйнаган, ийрисин түзөгөн, «сайып жүрүп бак кылган, салып жүрүп там кылган», «аркадан жүрсө сан колдой, астында жүрсө ак жолтой» арка белине, таянычына, «капилетте сөз тапкан, караңгыда көз тапкан» кеңешчисине, насаатчысына айланат. Акылмандыгы, кыраакылыгы менен «алты ай келер азапты» күн мурун билип, аны болтурбай, Манасты ар кандай кырсыктардан сактайт. Бакай өзүнүн Манаска жан-дили менен берилип, мындай ак кызматын жалпы кыргыз элине, анын биримдигине, көз карандысыз эркин жашоосуна кызмат кылуу деп эсептейт жана башкалардан да ушуну талап кылат, элди ынтымакка үндөйт. Бакайдын бул кредосу «Чоң казат» мезгилинде чалгынга кеткен Алмамбетке атаандашып, чыр чыгарган Чубакка айткан сөзүнөн айрыкча даана көрүнөт. Чубак — Бакай сыяктуу эле Манаска адал кызмат өтөгөн чоролордун бири, бир чети тууганы. Ал мурда өткөн кызматтарын санап келип, анымды Манас баалабады, Алмамбетке тең көрбөй, кеп-кеңештен калтырды деп өпкөлөгөндө Бакай ага мындай дейт:

Ак тааланын жараткан
Албан түрдүү кушу бар
Канаты менен учуп жүр.
Калкылдап көктө ушу жүр.
Куйругу менен конуучу,
Манастын Манас болмогу
Экөөбүздөн болуучу.


Бузулуш бизден чыккан соң,
Бутунан тартып жыккан соң
Бил да болсок жыгылдык,
Миң да болсок кырылдык.
...Баштап колду жөнөгөн
Бала деймин өзүңдү,
Байкагын Чубак сөзүмдү.
Бөлүнсөң бөрү жеп кетет,
Бөлүнүп кыргыз калды деп
Бөлөк элге кеп кетет.
Жарылсаң ууру алуучу
Жай уксаң акыл нак ушу (Сагымбай Орозбаков, 4. 195).


Жеке эле Чубактын эмес, Манас баш болгон баатырлардын бардыгынын тең жаңылыштыгын көрсөтүп, туура эмес иштерин убагында токтотуп оңдоп турат. Мисалы, Чоң казатта Манас, Алмамбет, Чубак, Сыргак төртөө кытайдын колу менен алгач бет келишип, жоо көптөп баратканда Сыргакты ооруктагы кыргыз колуна кабарга жиберишет. Жол карап кароолдо жүргөн Б. Сыргакты токтотуп алып акыл үйрөтүп, бул кебетең менен кирип барсаң Манастан коркконунан келген кол согушка кирбестен кайтып кетип калат, а көрөкчө жаратыңды таңып, сыр билгизбей зымпыйып жетип барып, олжо алгыла деп чакырсаң токтобой шар барышып, курчоодо калган баатырларды куткарышат дейт. Ошентип, Сыргактын абайсыздыгын оңдоп, Чоң казатка барган кыргыз колун кокусунан тарап кетүүдөн сактайт. Бакайдын мындай алдын ала көрөгөчтүгү, акылмандыгы элдердин ынтымагын сактап, бөөдө кан төгүшпөй достук алей мамиледе жашашына көп сапар кызмат кылат. Мисалы, Сагымбай Орозбаковдун вариантында Каныкейге күйөөлөп барган Манас байкоосуздук кылган кайындарына тарынып, алардын шаарын чапмак болгондо акылман Бакай Манасты жайкап ачуусун басып, жазыксыз жерден кан төктүрбөйт. Саякбай Каралаевдин вариантында Чоң казаттын алдында Манасты чабабыз деп күүлөнүп келген алты кандын колу менен Манастын кырк чоросунун ортосунда боло турган кандуу кагылышты да Бакай токтотот. Калың элде жазык жогун, күнөө аларды баштап келген кандарында экенин, жазаласа ошолорду жазалоо керектигин айтып, чоролорго чабуул жасаттырбайт. Бакайдын акылмандыгы, гумандуулугу жеке коңшу, тектеш элдер менен гана эмес, башынан жоолашып келген элдер менен да тынчтык мамиледе жашоону көздөп, бири-бири менен согушуп, талоончулук менен байлыкка ээ болууга каршы турушунан көрүнөт, өзү келип катылган өчмөндүү жоо багынганда да мөрөйү үстөм болгон элди гумандуулукка чакырат: «Союштан артык албаңар, Бүгүн душман эртең эл, Бүлүндүрүп салбаңар».

Б. Манастын тышкы иштерине гана эмес, жеке турмушунда да башкы кеңешчиси, камкор жардамчысы болот. Саякбай Каралаевдин варианты нда Манастын мурунку алган аялдары баатырдын өзүнө ылайык жар эмес экендигин учурунда байкаган Б. Манаска кайрадан үйлөнгүн деп кеңеш берет. « Каныкей алсаң оңосуң, Калкка бааша болосуң. Каныкей келсе Таласка, Кадыр түн келет жолуңа,... Качканың келет колуңа» (Саякбай Каралаев, 1. 235)— дейт, баатырга келечек жарын тандап. Жакып малын аяп, калың төлөөдөн баш тартканда Б. Букардын каны Темирканга өзү куда түшүп, кызы Каныкейди Манаска алып берет. Б-дын эң негизги асыл сапаттарынын бири — башына кандай гана каран түн түшпөсүн, кандай гана кыйынчылыкка учурабасын бийик адамгерчилигинен жазбаганы, өз башын корголотуп чыккынчылыкка барбаганы, даанышмандыгы, акылмандыгы, кайраты менен бардык кыйын кезеңди жеңе билгендиги. Манас өлгөндө атасы Жакып, инилери Абыке, Көбөш, аларга кошулуп кырк чоросу чыккынчылыкка барышат; Абыке, Көбөштүн бири Каныкейге зордоп үйлөнмөк болуп, макул болбой койсо эмчегин жара чаап кордук көрсөтүшөт, баатырдын ордосун чаап, мал-мүлкүн талап олжо кылышат, балтыр бешик Семетейди өлтүрүүгө аракеттенишет. Ушундай чалкеш учурда Манастын жакын адамдарынын ичинен жалгыз гана Б. мурдагысындай ага берилген бойдон калат. Өтө кыйын абалда калган анын бүлөсүнүн бирден-бир ишеничтүү адамына, арка-жөлөгүнө айланат. Аларды ажалдан коргоп, минерине унаа, жээрине азык камдап берип Букарга качырат. Баатырдан калган жалгыз туяк Семетей он экиге келип эр жеткенче Манастан калган төөлөрдү багып күтүп жүрөт. Букардан Таласка кайтып келгенде Семетей душмандарын жеңип, атасы Манастын ордун ээлешине Б. түздөн-түз жетекчилик кылат. Дегеле Манастын жакын туугандарынын бардыгы: Көзкамандар, Ороздунун балдары, жада калса өз атасы Жакып, аталаш инилери Абыке, Көбөш (к. Алгы арам) көрө албастык менен Манаска кастык кылып келишсе, Б. гана өмүр бою Манаска кандай ак кызмат өтөсө, анын баласы Семетейге, небереси Сейтекке да ошондой эле адал кызмат кылып, өзүнүн даанышмандыгы менен аларды элдик иштерге баштаган кеңешчиси болот.

Ушундан улам академик В. М. Жирмунский: «Бакай Илиададагы ак чач Нестор, орто кылымдагы француз эпосундагы герцог Нэм Бабарлык, «Жангардагы» Алтын Цежи, «Сасундук Давиддеги» армян баатырларынын жашы улуу тууганы Кери-Торос аба сыяктуу карт баатырлардын жана эпикалык өкүмдарлардын акылман кеңешчилеринин окшош фигураларын эске түшүрөт» — деген (В. М. Жирмунский, Тюркский героический эпос, Л., 1974, 62-б.). Б-дын образына айрыкча, түрк-моңгол элдеринин эпосторунун көптөгөн каармандарынын образы өтө типтеш, жакын турат. Өгүз түрктөрүнүн орто кылымга таандык « Атам Коркуттун китеби» деген жазма эстелигиндеги Коркут 250 жыл өмүр сүрүп, өгүз кандарынын беш мууну менен замандаш жашап, алардын бардыгынын даанышман кеңешчиси болот. В. В. Бартольд ал жөнүндө: «Элдик акылдын айгагы жана сактоочусу, анын имандык (нравалык) авторитетине бүткүл эл баш иет» — дейт (В. В. Бартольд, Соч. М., 1968, 5-т., 264-б.). Б. тууралуу да ушуну айтса болот. Үчилтиктин кийинки бөлүмдөрү «Семетей», «Сейтек» «Манаска» караганда коомдук өнүгүүнүн кийинки этаптарын чагылдыргандыктан Б-дын образы да жаңы доордун талаптарына ылайык кошумча жаңы түс алып, улам кийин деген сайын жаңы өзгөчөлүктөргө ээ боло баштаганын белгилөөгө болот. Түрк-моңгол элдеринин көпчүлүк эпосторунда «аксакал атчы» деген туруктуу каарман бар. Ал — атасынан жаш калган эпикалык баатырга ата ордуна ата болгон камкор адам. Анын жылкысын жоого талатпай көздүн карегиндей сактап багат, баатыр эрезеге жеткенде жылкы ичинен жоого минүүчү тулпар тандап мингизет, ар кандай татаал кыйын кезеңде акыл кеңешин айтып жол көрсөтөт. «Аксакал атчы» жаш баатыр эрезеге жеткенче социалдык жактан басынып кул абалда болот. Эпикалык баатырдын элдин төмөнкү катмарынан чыккан акылман кеңешчинин образы тап тык жиктелүү ачык көрүнө баштаган феодалдык доордо калыптанышы мүмкүн. «Аксакал атчынын» образындагы мындай белгилер «Семетейдеги» Б-да бар. Чыгарманын башталышында ал Абыке, Көбөш тарабынан куугунтукталып, элден четтеп, Манастан калган төөлөрдү Семетейге арнап багып, жаргак шым кийип, Көктулпары Көкчолок атка айланып, өзү карып-арыган абалда калат. Семетей Таласка келгенден кийин гана баштагы абалына келет. Демек, уруунун даанышман патриархы Б-дын мурдагы образына жиктелүү мезгилинде пайда болгон элдин төмөнкү катмарынын феодалдык таптын өкүлүнүн образы контаминацияланган. Уруулук-патриархалдык коомдун мурдагы моралдык, адеп-аклактык туруктуу принциптери ыдырай баштаганы кийинки бөлүмдөрдө ачык көрүнөт жана бул Семетейдин Б-га жасаган айрым мамилелеринен да байкалат. Манас канчалык күчкө толуп, ички-тышкы элдерден ага каш кайтарар эч ким калбаган күндө да жашы улуу абасы катары Б-дын астынан кыя өтпөйт, айтканын эч качан эки кылбайт. Ал эми кызуу кандуу жаш жигит Семетей абасынын берген кеңештерине анча көңүл бөлбөй моюн толгогон учурлары кездешет. Мисалы, ал Б-дын Айчүрөктү алып кандуу бут болуп калдың, бир жыл эс алып, анан Коңурбайга каршы аттан деген тилин албай жоого аттанып, Коңурбайдан жараланат. Кытайдын чебин кайтарган куу түлкү, куу аркар, куу өрдөктөрдү өзүм жок кылам деп Б-дан жол талашат жана мында да жолу болбой Б-дын астында туура эмес иш жасаганын мойнуна алат. Б-га кеңешпей туруп Тайбуурулду Үмөтөйдүн куну үчүн казактарга тартууга берет, акыры бул анын ажалынын жетишине себепчи болот. Эпикалык башчынын даанышман кеңешчиси катары Б-дын образынын калыптанышына конкреттүү тарыхый шарттардын таасири тийиши мүмкүн. Байыркы түрк кагандыгы күчүнө толуп турган мезгилде (551—744) калтырылган таш эстеликтердин бири атактуу Тонукөккө арналган жана анын мамлекеттик ишмердигинен кеңири кабар берип турат. Бул таштагы жазууга жана башкалар тарыхый маалыматтарга караганда эпикалык каармандар Б., Коркут сыяктуу эле Тонукөк да көк түрктөрдүн бир нече кагандары: Илтереш каган (681 — 691), Капаган каган (691 — 716), Билге каган (716—734) менен бир учурда жашап, алардын башкы кеңешчиси жана мамлекетте кагандан кийинки биринчи адам болгон. Анын кеңеши боюнча жана түздөн-түз жетекчилиги менен түрк кагандыгы көптөгөн ийгиликтүү жортуулдарды жасап, күч кубатын арттырган. Бытырандылыкка учурап тарап кеткен түрк урууларын бириктирип, мамлекет курап, Илтерешти кагандыкка көтөрүү да Тонукөктүн демилгеси менен ишке ашкан. Түрк кагандыгындагы кудурети күчтүү ушул адамдын эң жогорку титулу — Бойла Бага таркан болгон. Көк түрктөрдөн жүз жылча кийин Борбордук Азияда өздөрүнүн улуу державасын түзгөн кыргыз кагандыгында да дал Тонукөктөй мансап-даражага ээ жана ошонукундай титул алып жүргөн инсан бар. Кыргыздардын ошол кездеги негизги жоосу уйгурлар менен согушта (820—840) жана алардын үстүнөн болгон жеңиште башкы командачы катары ал көрүнүктүү роль ойногонун кыргыздар таш бетине калтырган айрым жазмалар кабарлап турат (С. Г. Кляшторный, Историко-культурное значение Суджинской надписи. Журн.: — «Проблемы востоковедения», 1959, № 5, 163-б.). Ал башкы командачы гана эмес, мамлекеттер арасында жүргөн дипломат да болгон. Уйгурларды жеңип, Борбордук Азияда үстөмдүктү колго алгандан кийин кыргыздарга Кытай империясы менен алака түзүүгө туура келген. Катнаш айрыкча 840—847-жылдарда күч алган. Жаңыдан жогорку бийиктикке көтөрүлгөн түндүктөгү жоокер коңшусу кыргыздардын мамлекети менен жакшы мамиледе болууга кытай императору да көп эле аракеттенген. Кыргыз элчилерин башка элчилеринен жогору отургузуп, зор урмат көрсөтүп турган. Ушундай элчиликтин бири 842-ж. болгон. Жогоруда аталган таркан башында турган кыргыз элчилерин император У-цзу өзү ордо сарайында кабыл алган. Кытай жазма эстелигинде кыргыз элчилигинин башчысынын толук аты «Гэ-си-хэ-хай-и» деп берилген, аны кыргызчага которуп транскрипцияласа: «Улуу кол башчы Бакай адилеттүү таркан» болот. Мына ушул инсан эпикалык Б-дын тарыхый прототиби деп болжошко толук негиз бар. Анткени, экөөнүн ысымдары гана окшош болбостон, тарыхый инсан окумуштуулар тарабынан «Манас» эпосунун эпикалык борбору, мезгили катары эсептелген 9-кылымдагы кыргыз тарыхында алган орду адамдык жеке мүнөзүнүн айрым жактары менен эпикалык Б-ды эске салат. «Бакай» деген ысым түрк-моңгол тилдеринде сүйлөгөн элдерде байыркы мезгилден бери кеңири тараган антропоним, «бага» жана «акай» деген эки сөздүн айкалышынан түзүлгөн.

«Бага» — тилдердин инди-европалык чоң тобуна таандык байыркы сөз. Андыктан, бул тилдерде сүйлөгөн элдердин дээрлик бардыгында жолугат. Сөздүн байыркы мааниси сакталып калган байыркы инди тилинде: «бага» — господин, дөөлөт таратуучу. Ал эми славян тилдеринде «бог» формасында айтылып, «кудай» деген түшүнүккө өтсө, иран тилдеринде, анын ичинде байыркы Чыгыш Түркстанды мекендеп, канатташ жашаган түрк элдерине маданий зор таасир тийгизген согдилердин тилинде «бага» — «господин», «кудай» маанисинде колдонулган. Ошондой эле алар бул сөздү антропоним, титул катары же эпитет үчүн да пайдаланышкан. Борбордук Азияда жашаган түрк элдерине бул сөз согдилер аркылуу эң кеми 3-кылымдан белгилүү боло баштаган, кагандардын эң башкы кеңешчисинин, насаатчысынын титулу катары колдонулган. Ушул сөзгө байыркы түрк тилдериндеги жашы улуу, бийик даражалуу адамдарга урмат менен кайрылганда айтылуучу сөз «акай» айкашып («вага» + «акай»), гаплология мыйзамына ылайык окшош муундардын («ага» — «ака») бири кыскарган да, каткалаң тыбыш «к» катышкан жеңүүчү болуп, натыйжада, сөздүн «Бакай» деген жаңы формасы жаралган. (Р. Сарыпбеков)

 

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БАКАЙДЫН ҮҢКҮРҮ — Талас Ала-Тоосунун түндүк-чыгыш этегиндеги кыштактын аты, азыркы № 113-жылкы заводунан 10 км түштүк-чыгыш тараптагы үңкүр. Б. ү-нүн ички аянты бир короо кой батарлык (болжол менен 400 м2). Үңкүрдүн алдында чоң-чоң кызыл түстөгү таштарды «Бакайдын ташы» деп аташат. Ушул таштардын арасында «Бакайдын таш казаны» деген да таш бар. Үңкүр менен байланышкан ар кандай уламыштар эл ичинде айтылып жүрөт. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин үңкүр толук изилдене элек.

Киргизско-русский словарь Юдахина
бакал I
ар. уст.
1. мелочная лавка (в которой продавались бакалея, кое-какая галантерея, сладости, керосин и т.п.);
2. бакалея (вообще);
базар көркү -бакал, эр көркү - сакал погов. краса базара - бакалея, краса молодца - борода.
бакал II
ир.
солома (сгребаемая с тока во время молотьбы; ср. саман).
бакал III бокал;
кел, кагыштыр, бакалымды көтөрдүм стих. иди сюда, чокнись, я наполнил свой бокал;
бакалды толук куюңуз, кубанып өлкө майрамдайт стих. наполните бокалы, страна радостно празднует.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Дан эгиндеринин саманы, сабагы. Силостолгон бакалынан жегенде, Саан уйлар чака-чака сүт берген (Осмонкул).
БАКАЛ II зат. сүйл. Бакалея. Базардын көркү бакал, адамдып көркү сакал (макал).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сотосунан ажыратылган жүгөрүнүн жалбырактары менен сабагы. Силостолгон бакалынан жегенде, Саан уйлар чака-чака сүт берет (Осмонкул). Сасыкбайдыкы жүгөрү бакал менен жапкан жаман там (Байтемиров). // Дан эгиндеринин саманы. Барактардын асты жер болуп, ага зыгыр бакалы төшөлгөн (Абдукаримов). Алачыктын астына шалынын жумушак бакалы төшөлгөн (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Университет жана башка да жогорку окуу жайын бүтүргөндөргө берилген алгачкы илимий даража. 2. Россияда 1869‑жылга чейин Руханий академиянын окутуучусу, адъюнкт-профессор. 3. Базалык жогорку билимдин академиялык даражасы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. студенттерге жогорку базалуу билим берүүчү окуу жайдын үч, беш жылдык окуу формасы (коммерциялык негизде) жана квалификациялык экзамен же дипломдук сочинениенин жыйынтыгы боюнча бакалавр даражасы. 2. Ошондой формада жогорку окуу жайдын факультети, бөлүмү.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Пааналап, каралап жашап жүрүү. 2. Кароо, көзөмөлдөө, багуу. 3. Жол чалуу, байкоо жүргүзүү. Алтай тоосун бакалап, Боз адырмак чыбырдын Этек жагын жакалап. («Манас» С. К.). Бай Жакыпты бакалап. («Манас» С. О.). Кара-кырлап бакалап («Семетей» С. К.).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Алкым, кекиртектин устүнкү жана ээктин астынкы бөлүгү. Алачыктай калканы, Бакалоордон алыптыр, Чыкыйгаколду салыптыр («Семетей»).
2. Сууда жашоочу жаныбарлардын дем алуу органы (мис., балыктын, рактын).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
У.-К. Ш. Дондуков бурятча боолзуур «тамак, алкым (жаныбарлардын)» деген сөздү боохо «буу, байла» этишинен келип чыгат, ал боо+лзуур деген морфемалардан куралган, ал эми бахалзуур «тамак, алкым (адамда)» деген сөздө да -лзуур мүчөсү катышат, бирок баха уңгусу өлүү уңгу, болуп калган деген пикирин айтат (Дондуков, 39). Биздин оюбузча, бурятча боолзуур деген учурдагы боохо этиши баха этиши менен уңгулаш. Мындагы баха этиши түркчө бага(<--багла) дегенге туура келет. Ошондо бакалоор «байланышкан жер же байлана, буула турган жер» деген маанини берген сөз болгон. К. К. Юдахиндин кыргызча-орусча сөздүгүндө жана түшүндүрмө сөздүктө бакалоор түрү гана берилген. Кыргыз тилинин Талас говорунда бакалжоор түрү да учурайт. Булар монгол тилдеринен кабыл алынган, монгол тилдеринде да бахлуур, багалзуур болуп эки түрдүү айтылат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кекиртектин үстүнкү жана ээктин астыңкы бөлүгү кошулушкан жер, алкым. Мукамбайдын бакалооруна кандайдыр бир катуу нерсе тирелип тура калгандай болот (Абдукаримов). 2. Сууда жашоочу жаныбарлардын дем алуу органы. Балыктардын дем алуу органдары – бакалоорлору, ал балыктын дем алуусун жакшы камсыз кылат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Майда буюмдар менен соода жүргүзүүчү адам, бакалда соода кылган киши. Бакалчылар майда-чүйдө буюмдарын жыйнап, дүкөндөрүн жапты (Жантөшев). Бакалчы акенин эрке кызына эми тил кайтарып көрүңүз, төлөөрүн кайтартып, сарбандарына чымчылаштырсын (Абакиров).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. этн. шест, которым поднимают кошмы и верхнюю часть остова юрты;
ала бакан (или алабакан) или ача бакан, южн. әләл бакан сучковатый шест, служащий вешалкой в юрте;
кол бакан маленький бакан, который берут с собой на летовку;
бел бакан или жел бакан шест для подпирания юрты изнутри во время ветра;
түндүк бакан шест для подпирания түндүк'а (см.) во время сборки, постановки юрты;
алты бакан то же, что селкинчек (см.) (но больших размеров);
алты бакан кур- сделать качели;
2. дубина, дубинка;
бакандарын сундура, бет маңдай бирин бири качырып калышты нацелившись своими дубинами, они бросились друг на друга;
3. (точнее суу бакан) коромысло;
бакандай азамат молодец стройный и сильный;
келе бакан драчун;
менден башка деле келе бакан, куу союл аз көрүнгөн жок немало было и кроме меня драчунов и забияк;
кылды бакандай кылып көрсөт- волосинку представить с дубинку; из мухи делать слона.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Боз үйдүн үзүк, туурдук, түндүк жабуусун салуу үчүн колдонулуучу шыргый. Бектурдун ак үйүнүн чамгарагынан эки түндүк бакандын учу сороёт (Сыдыкбеков).
2. Жоокерчиликте курал ордуна колдонуучу шыргый. Баатырлар чыгып сайчшса, Бакандары майышса («Манас»).
3. Буюм, азык-түлүк илип коюуга ылайыкталган илгичтери бар шыргый. Андан жогору багалчак ала бакандарга илинген нооту чепкен («Ала-Тоо»).
4. Бир нерсе көтөруү, тиреп коюу ж. б. иштер үчүн колдонулуучу шыргый, узун жыгач. Суу бакан. Бел бакан. Баканга салып көтөрүү. Бакан менен тирөө.
Алты бакан — селкинчек салуунун бир түру. Суу боюнда алты бакач тээп ойноп-күлүп, ырдап жагпкан адамдар («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
(Түндүк бакан) — «Ар бир айыл четинде, алты бакан селкинчек» (К. Жантөшев). Бул боз үйдүн жыгачына кирет. Мунсуз боз үй тигилбейт. Түндүк бакан, босого-таяк, каалга бир бүтүмдү түзөт. Түндүк бакандын (түндүк көтөрүүчү) узундугу 2,8 м. болуп, анын башынын ачакей 4 см. менен өлчөнөт. Ал көбүнчө балатыдан жасалат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсени жөлөп көтөрүүгө, тирөөгө же илип коюуга ылайыкталып жасалган шыргый жыгач. Бакан менен шоңшойтуп көтөрүп койгон түндүктүн ачык жак капталынан чаба жааган жамгыр салаалап шорголоп, коломтонун төр жагына түшүп жатат (Токомбаев). Найза катарында курал ордуна колдонулуучу узун шыргый. Бакан, союл карса-карс, Баш жарылып тарса-тарс (Тоголок Молдо). || Суу көтөрүүгө пайдаланылуучу узун шыргый жыгач, суу көтөргүч, апкөч. Салима ийниндеги баканга илинген эки чака менен суу алып келаткан (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Баканга (шыргыйга) илип, ийинге салып көтөрүү. Талдан согулуп жасалган эки себетин бакачдап көтөрүп.. (Жантөшев). Бакандап кош чакада тунук суусун Жөнөөгө айыл жакка кылды ыкыс (Абдыраманов).
2. Бакан менен уруу, сабоо.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. действовать дубиной;
бакандап куу- выгнать кого-л. палкой; прогнать палкой;
2. нести на коромысле;
ичер сууну бакандап көтөрүп келишет вёдра с питьевой водой они носят на коромысле;
эки себетин бакандан көтөрүп неся на коромысле две кошёлки.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бакан менен көтөрүү, баканга илип, ийинге салып көтөрүү. Кыштактын эли ичер сууну Жаңы-Арыктан алышып, бакандап көтөрүп келишет (Абдукаримов). 2. Бакан менен уруу, согуу. Бакандап кууп чыгуу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Керилген, олбурлуу, алибеттүү, бакубат. Бакандай жигит. – О, айланайын! Мына бакандай азамат болгон турбайсыңбы! (өмүрбаев). || Бир кыйла чоң, мыкты, белдүү. Иши кылып бүтүп келчи, бакандай болгон кызмат беребиз (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
тар. Толготуп жаткан аялдын көз жаруусун – төрөтүн – жеңилдетүү максатында иштелген аракет, толготкон аял түбүнө олтуруп, эки колдоп кармап асылып, таяныч катары пайдаланууга ылайыкталып боз үйдүн ичинде орнотулган жыгач, көбүнчө бакан орнотулган. Алтындан бакан коюлду. («Манас» С. О.).

Киргизско-русский словарь Юдахина
ар. ир. сев.
осведомитель, соглядатай;
бөлөктөн барса ал жерге, баканооз чыгып ичинен, түбүнө чогуу жетет - деп фольк. если туда пойдут чужие, среди них может оказаться осведомитель, и они сообща уничтожат (наших).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БАКАНООЗ тыңчы. Душман тарабынан экинчи тараптын ал-абалын, жөн-жайын, согуштук аракеттерин жана башкалар жагдайларды билип келүү үчүн атайын жиберилген адам. Сагымбай Орозбаковдун вариантында эскерилет.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БАКАН-ТАШ — топоним. Кошой-Тоодогу чоку, Талас обл-нын күн чыгыш чети, Каракол менен Үч-Кошой сууларынын ортосунда. Эпостун каарманы Бакайдын ысмына байланыштуу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
то же, что таамай;
бакатай өзүнө тийди он попал как раз туда, куда метил; он попал прямо в точку;
бакатай жакшы чабалбай, чоркоктун бири сен элең фольк. ты один из неумех, которые не могут рубить без промаха;
чүкөнүн бакатайы большой альчик, отличный альчик, плотный (не ноздреватый) альчик.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жандуу аракет, шаңдуу үнгө толгон кызуу кыймыл. Тетигинде сонун эмгек бака-шака бардык жерде курулуш (Убукеев). || Бакылдаган-шакылдаган үн аралаш тополоңдуу кыймыл-аракет. үчүнчү күнү эртең менен журт бака-шака түшүп, жапырт, көчүп калды (Баялинов).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БАКБУРЧУН (иранча «багфурчин»; сөзмө-сөз которгондо баг — кудай; фур — уулу, баласы; чин — кытай) — кытай кудайынын баласы, башкача айтканда Кытай императору, Кытай падышасы деген мааниге синоним катары айтылат: «Кармашаарым Каканчын, Басташаарым Бакбурчун», «Башчы болгон Бакбурчун» (Сагымбай Орозбаков, 1. 220). Мында Кытай императору маанисинде айтылган. Кээде жалпы эле Кытай өлкөсү жана Кытай эли деген мааниде да айтылган учурлар бар. Мисалы, «Башалуу журт Бакбурчун» (Кол жазмалар фондусу, 585инв., 16-б.). Ушул сыяктуу башка тилдерден кирген татаал терминдер эпосто ар түрдүү мааниде айтыла берет. Бул элдик чыгармалардын оозеки айтылып келүү учурларында боло бере турган табигый көрүнүш.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БАКДӨӨЛӨТ — кейипкер, Жакыптын кичүү аялы, Абыке, Көбөштүн, кээ бир варианттарда, ошондой эле Чыйбыт, Кочкор, Адыбай, Көлбайдын да энеси. Эпостун «Манас», «Семетей» бөлүмдөрүндө тең катышкан кейипкер болгону менен окуялардын жүрүшүндө анчалык чечүүчү роль ойнобойт. Семетей Букардан адеп Таласка келип, Жакыпка жолуккандагы эпизоддо Б-түн калыстыгы, адилдиги, ак ниеттиги ачык көрүнөт:
Минтсең какбаш оңбойсуң,
Өз балаңды өлтүрсөң
Эгерде эки болбойсуң.
Кепинин жеген иш кыйын,
Кепинсиз сендей болобу,
Керденге бүткөн чунагын,
Капырай өлтүрөм деген оңорбу?!
Сенин бул ишиң калсын талаага,
Алты уулуң келип жыйылып,
Жалгыз Манаска кетсин садага (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 245),
— деп Семетейге уу бердирип өлтүрмөкчү болгон, кара ниет, керт башынын кызыкчылыгынан башканы көздөбөгөн Жакыпка каршылык көрсөтүп, өз балдарына өз экен деп жан тартпастан, калыстык менен эл кишиси Манасты жогору коёт. Башка айтымдарда Б-түн кийинки тагдыры жөнүндө сөз болбойт. Багыш Сазан уулунун айтымында Семетей Жакып, Көбөштү жок кылгандан кийин, тирүү калган Абыкеге мал-мүлкүн берип энеси Бакдөөлөт менен Мекеге көчүрүп жибергени айтылат.
Р.Сарыпбеков

Киргизско-русский словарь Юдахина
баки I
все, всё;
бакибиз все мы;
баки журт весь народ;
баки-жок всё целиком;
баки-жоктун баарын эле сүйлөп отурасың ты говоришь всё, что было и чего не было; ты говоришь всё. что следует и чего не следует.
баки II
ир. южн. [бәки]
то же, что маки I.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
диал. Маки. Шамбет мүйүз саптуу бакисин чыгарып, муздай мисирейген теректин боорун оймологон (Сыдыкбеков). Чөнтөгүнөн алган бакиси менен арканды бырчылдатып кесип жиберди (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Иши илгерилөө, даражасы, мартабасы көтөрүлүү, атак-даңкы чыгуу. Бак конгон жигит. Акылсызга бак консо, Башын чулгуйт ойдолоп (Осмонкул). Ою эргип акылы толобу да, элине эмгеги сиңип бак конобу? (Жантөшев) В.: Башына бак конуу. Дүр мырзанын башына бак конуп, ташы өөдө кулап турган чагы (Бейшеналиев).

Русско-кыргызский словарь названий животных Алдашева (1998)
(Phalacrocoracidae) кара каздар; сууда сүзүүчү куштардын бир тукуму, булардын төмөнкү түрлөрү белгилүү: б. большой (Phalacrocorax carvo) — ири кара каз, б. галапагосский (Nannopterum harrisii) — Галапагос кара казы, б. длинноносый — к.  б. хохлатый, б. малый (Phalacrocorax pygmaeus) — кидик кара каз, б. очковый — к.  б. стеллеров, б. стеллеров (Ph. perpicillatus) — Стеллер кара казы, б. хохлатый (Ph. perspicillatus) — үрпөк кара каз ж. б.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. приручённый, домашний (не дикий);
бакма канаттуулар домашняя лтица;
бакма айбан домашнее животное;
бакма өрдөк, казы бар стих. у него есть домашние утки, гуси;
бакма кылган шери бар фольк. у него есть прирученный лев;
кырк төрт бакма билим бар, бул сөзүмдү билип ал фольк. у меня есть сорок домашних слонов, ты эти слова уразумей;
2. приёмный;
бакма бала приёмный ребёнок, приёмыш;
бакма уул приёмный сын;
3. стойло;
бакмада канча били бар! фольк. сколько слонов у него в стойле);
бакмадагы куландар, баары да үркүп бышкырды фольк. куланы (см. кулан I), что в стойле, все шарахнулись и захрапели;
бакма кул см. кул 1.

Киргизско-русский словарь Юдахина
присматривающий за кем-чем-л.; страж; стража; пастух;
ошо капкадагы бакмачы, желдеттери жетимиш фольк. у тех ворот стражей, телохранителей семьдесят;
калмактын колунда калып, анын малына бакмачы болуп кеткен фольк. он остался у калмыков и стал пастухом их скота.

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
«бакмачы присматривающий за кем-чем-л.; страж; стража; пастух; ошо капкадагы бакмачы, желдеттери жетимиш фольк. у тех ворот стражей, телохранителей семьдесят; калмактын колунда калып, анын малына бакмачы болуп кеткен фольк. он остался у калмыков и стал пастухом их скота» (Юдахин 1965:100).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. состоящий из глинобитных слоёв (см. бакса);
айланасы кырк кулач, сегиз баксалуу чоң коргон фольк. вокруг него крепостная стена (высотою) в сорок размахов, в восемь слоёв (один над другим);
2. обнесённый глинобитной стеной;
баксалуу коргон крепость, обнесённая глинобитной стеной;
чыгып кетти ордого - бак-баксалуу коргонго фольк. он взошёл во дворец - в крепость с садом и глинобитной стеной.
бакт см. бак II.

Киргизско-русский словарь Юдахина
бакта I
то же, что пахта.
бакта- II
бактап-шакта- (о деревьях) буйно расти;
бул дөбөлөргө кара: айланасы бактап-шактап кетти посмотри на эти холмы: кругом разрослись сады.

Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
горлинка, горлица;
бактек учуруу этн. пускание горлицы (одна из форм наказания в игре кан увазир (см. кан II): проигравшему слюной приклеивают ко лбу один конец скрученного из ваты фитиля, а другой конец, спускающийся ниже носа, поджигают; штрафуемый дует на него, чтобы затушить огонь).

Киргизско-русский словарь Юдахина
бактуу I
засаженный деревьями, садами;
калың бактуу көчө улица с густыми насаждениями;
бактуу узун аллей длинная аллея, обсаженная деревьями;
бактуу салкын жер тенистое прохладное место.
бактуу II
то же, что бактылуу;
күйөөсү бактуу нерсе экен, күндөй сулуу тапканы фольк. муж её счастливец: он обрёл писаную красавицу.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БАКТУУ-КУУРАЙ — топоним. Эпосто Көкөтөйдүн уулу Бокмурун атасынын ашын өткөзүү үчүн жер тандап турган учурда эскерилет: Бактуу-Куурай басамын, Куш-Мурун тоосун ашамын. Улуу-Кулжа чатынын, Кичи-Кулжа башынын Ортосуна кономун (Радлов жазып алган вариант, 147). Географиялык реалияда Алматы облусундагы өрөөн.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Оңдой берди болуп, иши онунан чыгып. Бактыга жараша ушуларга туш келип калганыбызды кара. Бактыга жараша, телефондун ичке зымы бир дагы жолу үзүлбөй, бардыгыбызды бириктирген чыныгы көпүрөгө айланды («Жаш ленинчи»). Бактыга жараша табигат мээримин төгүп турду («Ленинчил жаш»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Оңдой берди болуп, иши оңунан чыгып. Бактыга жараша ушуларга туш келип калганыбызды кара. Бактыга жараша, телефондун ичке зымы бир дагы жолу үзүлбөй, бардыгыбызды бириктирген чыныгы көпүрөгө айланды («Жаш ленинчи»). Бактыга жараша табигат мээримин төгүп турду. («Ленинчил жаш»).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БАКТЫГУЛ — эпизоддук кейипкер, кыргыз байы. Жакып, Чыйырды, Бакдөөлөт үчөө түш көрүп, берген тою тарагандан кийин, түш жорутканы алып калган аксакалдардын ичинде Б. Жакыптын жакын тууганы экени айтылат (Сагымбай Орозбаков, 1. 62).

Киргизско-русский словарь Юдахина
счастливый, удачливый; счастливец;
бактылуу киши счастливый человек;
бир кызы, үч уулу бар - бактылуу да! стих. у него одна дочь, три сына - счастливец!;
бактылуу биздин жаштар наша счастливая молодёжь;
бактылуу турмуш счастливая жизнь;
бактылуу минут счастливая минута.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от бак- IV;
аскерге арнап бактырган аргымактар семирип фольк. скакуны, выращенные для армии, потучнели;
пашаалыкка бактырган он бир кара били бар фольк. у него есть одиннадцать чёрных слонов, кормление которых он возложил на казну;
бет бактырбайт он не даёт глаз открыть;
борошо бет бактырбайт метелица (так сильна, что) не даёт взглянуть.

Киргизско-русский словарь Юдахина
несчастный, незадачливый;
панардай жанып, боштондук бактысызга туулду стих. свобода, загорешись, как фонарь, родилась для лишённых (прежде) счастъя;
бактылууга бактысыз байлашса кайдан теңелет? фольк. разве может незадачливый, тягаясь с удачливым, сравняться с ним?
бактысыздык несчастье, незадачливость;
аба-райынын жамандыгы - бактысыздык плохая погода - несчастье.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өзүнө-өзү кедерги болуу, өзүнө келген бак-таалайды, жакшылыкты сезбей, баалай албай, жаңылыштык кетирүү. Эмнесин айтасың. Акылы болсо ушуга барат беле? Жыргап турган жеринен бактысын тепти («Ала-Тоо»). В.: Таалайын тебүү. Төрөп эле берсең болду. Башкасынын кереги жок. Таалайыңды теппе, Шарапат, жаным («Ленинчил жаш»). Бактысын качыруу. Ал бактыны баштан качырды.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БАКҮРҮШ — эпизоддук кейипкер. Көкөтөйдүн ашына миң киши менен келгени гана айтылат (Сагымбай Орозбаков, 3. 108). Ыйбанкупка удаа айтылганына караганда орусча бүлө атынын кыргыз тилинин тыбыштык өзгөчөлүгүнө ылайык өзгөрүп айтылышы.

Киргизско-русский словарь Юдахина
ир. то же, что бак I;
сен - бир бакча, мийбаларың келишкен, мен жүргүнчү ооз тийген жемиштен стих. ты - сад с прекрасными плодами, а я - путник, вкусивший плодов;
бизге сен - булбул бакчага конгон стих. для нас ты соловей, прилетевший в сад;
гүл бакча цветник;
жемиш багы, жүзүмдөр жана гүл бакчалар плодовый сад, виноградних и цветник;
балдар бакчасы детский сад.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көз салынып, багууда болгон кичирээк бак-дарактуу жер, бак. Бакчада анар үзүп жүргөн экен, Тең курбу эки кыздын ортосунда (Үмөталиев). Менин бакчам – гүл бакча, Бар жемиштин баары бар (Буларкиева).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БАКЧА БИЙ — эпизоддук кейипкер. Көкөтөйдүн ашындагы ат чабышта Баркызыл деген күлүгү байгелүү орунга ээ болгону айтылат (Сагымбай Орозбаков, 3. 268).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БАКЧА ЖЕР УЧАСТОГУ – мөмө, жемиш, жашылча, бакчачылык же дагы башка айылчарба өсүмдүктөрүн жана картошка өстүрүү, ошондой эле эсалуу үчүн жарандарга берилген же алар тарабынан сатылып алынган жер участогу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Багалчагынан келип, бекем, тың көрүнүштө болуу, тыгырчык тартып күүлүү-күчтүү абалда болуу. Азыр да бар ушул элдин карысы, Сүйлөшүңүз али да тың бакчайып (Токомбаев). Турдукан күйөөнү көрөйүн деп үйгө келип шыкааласа, бакчайган абышка отурат (Каралаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тигип өстүрүлгөн жемиш бактары бар, бакчасы бар. А балдары шилекей чубуртуп, тигил бакчалуу короонун дубалдарынан баштарын кылтыйтып тургандары менен иштери жок (Сыдыкбеков). Басып өткөн жерине Бакчалуу мазар орногон («Сейтек»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
санскр. этн.
шаман, бахши, знахарь, лечащий болезни якобы изгнанием духов (среди бахши различались два вида: ак бакшы - белый бахши и кара бакшы - чёрный бахши - более сильный);
кара жиндүү бакшы шаман, неистовствующий во время сеансов (лижущий раскалённое железо, колющий себя ножом и т.п.);
беркон бакшы или дөөкөр бакшы искусный бахши;
бак-дарак көркү гүлүндө, бакшынын көркү жининде фольк. красота деревьев в их цветах, великолепие бахши в его экстазе (см. жин I);
бакшы болуп, кыйкырып бакырсаң, кетпейт карылык если (даже) станешь, как бахши, кричать и орать, (всё равно) старость не уйдёт;
бакшы кемпир старуха-бахши;
бабырган - куштун бакшысы стих. сыч - птичий бахши (он кричит неистово, как бахши);
бакшы көрдү (больного) осмотрел бахши;
бакшы ойнот- приглашать бахши шаманить.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Ооруларды шамандык жол менен окуган, көргөн адам. Жаман күн жакшы болсгт, уялбаган бакшы болот (макал).
Кара жиндүү бакшы — бакшылык кылып жаткан кезде жаалданып, ысык темирди жалап, өз денесине өзү бычак уруучу бакшы.
БАКШЫ II зат. Түркмөндөрдүн элдик ырчысы, музыканты.

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
Айрым окумуштуулар бул сөздү санскрит тилинен келген дешсе (Юдахин 1965:101), башкалары кытай тилинен келген дешет (Баскаков ж.б.). Бирок бул сөздүн кытай тилине буддизм менен кошо келгендиги тууралуу ынанымдуу пикирлер бар. Байыркы бабаларыбыздын тилинде бул сөз «окутуучу, насаатчы» деген маанини билдирген (ДТС 1969:83). Азыркы мааниси – «Ооруга чалдыктырган ар кандай жин-шайтандарды кууп чыга турган сыяктанып, бууракандап дуба окуп, жаалданган аракеттер менен эмдеп-домдоочу дарымчы» (КТС 2010:165). Жаман күн жакшы болот, уялбаган бакшы болот (макал). Бак-дарак көркү – гүлүндө, бакшынын көркү жининде (Токтогул).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БАКШЫ (санскрипче бхихши — будда дининин молдосу) — ооруга чалдыккан адамды дубалап, «жин-шайтандарды» кубалап чыга турган сыяктанып, буркан-шаркан түшүп, жаалданган аракеттер менен эмдеп-домдой турган дарымчы. «Манас» эпосунда да Б. мына ушул мааниде колдонулат: «Баканды кармап бакырып, Бакшы менен бүбүдөн, Немесин койбой чакырды» (Курама варианты, 1. 22). Сибирь элдеринде кам, шаман жана башка түрлөрдө айтылып кыргыз тилиндеги Б-нын маанисине дал келет. Ошондой азиялык тектеш элдерде (өзбек, түркмөн, уйгур, каракалпак) ушул эле маани менен катар сабаттуу адам, мугалим, элдик ырчы, акын жана куш салуучу аңчы деген маанилерге да ээ.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ооруга чалдыктырган ар кандай жин-шайтандарды кууп чыга турган сыяктанып бууракандап дуба окуп, жаалданган аракеттер менен эмдеп-домдоочу дарымчы. Жаман күн жакшы болот, уялбаган бакшы болот (макал). Бак-дарак көркү – гүлүндө, Бакшынын көркү – жининде (Токтогул). Бакшы болуп кыйкырып, Бакырсаң кетпейт карылык (Токтогул).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БАКШЫН (рекш — «Шах-Наме» боюнча) — Үрүстөм (Рустам) баатырдын минген аты Сагымбай Орозбаковдун вариантында гана эскерилет:
Бактыңа кудай бериптир,
Бакшын минген Үрүстөм,
Так ошонун атындай
Ырысыңа келиптир (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 580-инв., 642-б.).

Рекш деген аттын Б. болуп айтылышы кыргыз тилинин өзгөчөлүгүнө ылайыкташып аталышы, же текстти кагазга түшүргөндө, аны жазган адам тарабынан кеткен ката болушу мүмкүн.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Зор, чоң болуп көрүнүү. Ал бакыйып келип отурду. 2. Атоочтук формада: бакыйган залкайган, чоң келбетинен келген. Бакыйган жигит Колхоздун бакыйган азаматтары дан боюнча планды аткарууда көп эмгектеништи. 3. Көрүнүктүү, белгилүү. Ал азаматтар да бакыйган бааларды кучактап чыкты (Бейшеналиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
ар.
1. скупой, жадный; скряга, стяжатель;
пайдаңызды көп карап, бакыл болбо өзүңүз стих. сильно стремясь к наживе, не будь жадным;
бакылга башым бийлетпей, март кордугун көрөйүн фольк. чем подчиняться скупцу, лучше испытать поношение от щедрого;
ичпей, жебей, бакыл бол; бай болбосоң маа кел погов. шутл. не пей, не ешь - будь скупым; если не разбогатеешь, приходи ко мне (я отвечаю);
бир-бириңерге кайрымдуу болгула, бакыл болбо будьте друг к другу отзывчивы, не будьте скупыми;
2. (о человеке) рачительный, расчётливый, хозяйственный.

Киргизско-русский словарь Юдахина
горланить;
бакылдаган горластый, крикливый;
бакылдаган текени суу кечкенде көрөрмүн погов. горластого козла посмотрю, когда он через воду будет переправляться;
кернейдин үнү бакылдап, сурнайдын үнү такылдап фольк. карнай (букв. звук карная) ревёт, зурна (букв. звук зурны) заливается.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бакылдап көп сүйлөгөн, сүйлөөк, же бак-бак үн чыгаруучу. Тынбай сүйлөгөн бакылдактын бири. || Бак-бак эткен үн чыгарган, бак-бак эткен дабыш. Бермет тараптан чыккан бакылдактан улам кебим бузулду,– деди Жакып («Ала-Тоо»). Жаңжалдашып, ушак сүйлөп, бакылдакты салышчу (Токомбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
бакыр I
ар.
1. бедняк, бедный (о неимущем человеке);
бакыр болуп калыптыр он обеднел;
кулак салсаң акылга, кулдук кылгын бакырга стих. если внемлешь уму, вырази почтение бедному;
түн - бакырдыкы погов. ночь (принадлежит) бедняку;
2. бедняга (с оттенком сочувствия).
бакыр II
1. медь;
2. (ср. челек 1) металлическое ведро;
кол бакыр то же, что чоюн кашык (см. кашык) небольшой дорожный медный котёл (который привязывали к торокам);
кайдасың казан, кол бакыр, суу кайнатып, жылытып каткан кандын баарысын? фольк. где котёл, где ведёрко, чтобы вскипятить воды и согреть застывшую кровь?
3. сев. уст. медная монета двухкопеечного достоинства; две копейки;
эки бакыр четыре копейки;
кызым үчүн калың деп, албаймын тыйын-бакырды фольк. не возьму я в калым за дочь свою денег-грошей (т.е. отдам без калыма).
бакыр III
кулан-жеребец (см. кулан I 1).
бакыр- IV
орать, реветь, громко кричать, горланить;
"кокуй!..." деп бири бакырды один из них громко закричал кокуй! (см.);
сакалын жулуп, бакырып ыйлады дёргая свою бороду, он ревмя ревел;
жаткандарды магдырап, ойготуп гудок бакырат стих. гудит гудок, будя безмятежно спящих;
баравоз гудок бакырды фольк. загудел паровозный гудок;
өкүрүп-бакыр- см. өкүр- 1.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Кедей, бечара, жарды. Пайдасы тийчү жан эле, Бакырлардын баарына (Токтогул).
БАКЫР II зат. 1. Жез. .
  1. 2.                  эс. Ушундай металлдан турган эки тыйындык монета.
  2. 3.                  диал. Каңылтыр темирден жасалган чака.

БАКЫР III этиш. Катуу кыйкыруу. Көрчү.. каарданып бакыра баштады (Аалы).

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
Жалпыга белгилүү болгондой, тилдин пайда болушу боюнча бир катар божомолдор бар. Алардын бири боюнча, тил жаратылыштагы үндөрдү тууроодон улам келип чыгышы мүмкүн. Албетте, бул божомол чындыкка анча коошо бербегени менен айрым сөздөрдүн тегин тактоого жардам берет. Мисалы, төмөндөгү этиштер табыш тууранды сөздөрдөн келип чыккан: ба+кыр = бакыр, ө+күр = өкүр, кый+кыр = кыйкыр, ай+кыр = айкыр, тү+күр = түкүр, быш+кыр = бышкыр, ыш+кыр = ышкыр, үш+күр = үшкүр, жөт+күр = жөткүр, ка+кыр = какыр ж.б.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Катуу кыйкырганды билдирүүчү этиш баа деген дабыш тууранды сөзгө этиш жасоочу -кыр мүчөсү жалгануудан пайда болгон. Дабыш тууранды сөздөрдөн ушундайча жол менен жасалган этиштер кыргыз тилинде кеңири учурайт: үшкүр (<үш+күр), өкүр (<--ө+күр), ышкыр (<--ыш+кыр), түкүр (<--түү+кур) ж. б.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Материалдык, же руханий жардамга муктаж адам. || Кедей, жарды. || Мусулман окумуштуулары, акындар, китептерди көчүрүп жазуучулар, ошондой эле аскеттер, суфизмдин өкүлдөрү жупунулугун, жөнөкөйлүгүн баса белгилеш үчүн өздөрүн бакыр (факир) аташкан. Мискин менен бакырга («Манас» С. К.). Карып менен бакырга Калтырбай чачты ырысты (Токтогул). Жоордун жайын жакыр билет, жокчулуктун жайын бакыр билет (Жантөшев). || Бечара, байкуш, карып. Ал Күлчоро баатырды, Жаралуу болгон бакырды Жабыла эми издеди («Сейтек»). Азып жүргөн элинен Алмамбет бакыр өзүмүн («Манас»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
~: бакырайган (человек) с глазами навыкате;
бакырайган чоң көзүндө коркунуч турду в его больших навыкате глазах был страх;
жинденген эмедей бакырайып выпучив глаза, словно бесноватый.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БАКЫРБАЙ — эпизоддук кейипкер. Каныкей Манастын күмбөзүнүн ичине тартылган сүрөттөр жөнүндө Семетейге баяндаганда Б-дын да сүрөтүн тартканын айтат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 155).

Киргизско-русский словарь Юдахина
бакырчылык I
1. бедность, нужда;
эй, кызыталак бакырчылык, менден дос көрөр кишиси жок бекен! эх, негодница-бедность, разве нет у неё более близкого друга, чем я!;
2. житейские хлопоты, заботы;
бакырчылык иш менен таң азандан шаарга жүрүп кеткен он на рассвете отправился в город по своим делам;
бакырчылык кылып жатабыз мы заняты своими житейскими делами;
кырк күнкү сыпайкерчиликтен, бир күнкү бакырчылык артык погов. чем сорок дней церемоний, лучше один день простой (обычной) жизни.
бакырчылык II
профессия медника, жестяника.

Киргизско-русский словарь Юдахина
рёв, громкий крик;
бул бакырык анын кулагына эч угулган жок этот крик им не был услышан;
бакырык менен эч нерсени далилдей албайсыз криком вы ничего не докажете;
бакырык сал- то же, что бакыр- IV;
өкүрүк-бакырык см. өкүрүк.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ой, тилектин ойдогудай орундалышы, жыргалчылык, ырыс-таалай. Космоско саякат жасаган биринчи советтик адам Юрий Гагариндин бир туугандары жашап турган кичинекей үйгө бүгүн аябай зор бакыт келди («Советтик Кыргызстан»). Тарас акыры сүйүүнүн бакытына бөлөндү (Сасыкбаев). «Өмүрүмдө мындай бакыт болбогон», Сүйлөгөнсүз толкунданып сезимде (Акматалиев).