Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
Айрым окумуштуулар бул сөздү санскрит тилинен келген дешсе (Юдахин 1965:101), башкалары кытай тилинен келген дешет (Баскаков ж.б.). Бирок бул сөздүн кытай тилине буддизм менен кошо келгендиги тууралуу ынанымдуу пикирлер бар. Байыркы бабаларыбыздын тилинде бул сөз «окутуучу, насаатчы» деген маанини билдирген (ДТС 1969:83). Азыркы мааниси – «Ооруга чалдыктырган ар кандай жин-шайтандарды кууп чыга турган сыяктанып, бууракандап дуба окуп, жаалданган аракеттер менен эмдеп-домдоочу дарымчы» (КТС 2010:165). Жаман күн жакшы болот, уялбаган бакшы болот (макал). Бак-дарак көркү – гүлүндө, бакшынын көркү жининде (Токтогул).