ир.то же, чтобак I; сен - бир бакча, мийбаларың келишкен, мен жүргүнчү ооз тийген жемиштен стих. ты - сад с прекрасными плодами, а я - путник, вкусивший плодов; бизге сен - булбул бакчага конгон стих. для нас ты соловей, прилетевший в сад; гүл бакча цветник; жемиш багы, жүзүмдөр жана гүл бакчалар плодовый сад, виноградних и цветник; балдар бакчасы детский сад.
зат. Коон, дарбыз жана башка жашылчалар эгилген жер. Колхоздун бакчасы анча деле алыс эмес (Таштемиров). ♦ Балдарбакчасы — мектеп жашына жете элек балдарды тарбиялоочу мекеме.
Көз салынып, багууда болгон кичирээк бак-дарактуу жер, бак. Бакчада анар үзүп жүргөн экен, Тең курбу эки кыздын ортосунда (Үмөталиев). Менин бакчам – гүл бакча, Бар жемиштин баары бар (Буларкиева).
БАКЧА ЖЕР УЧАСТОГУ – мөмө, жемиш, жашылча, бакчачылык же дагы башка айылчарба өсүмдүктөрүн жана картошка өстүрүү, ошондой эле эсалуу үчүн жарандарга берилген же алар тарабынан сатылып алынган жер участогу.
Багалчагынан келип, бекем, тың көрүнүштө болуу, тыгырчык тартып күүлүү-күчтүү абалда болуу. Азыр да бар ушул элдин карысы, Сүйлөшүңүз али да тың бакчайып (Токомбаев). Турдукан күйөөнү көрөйүн деп үйгө келип шыкааласа, бакчайган абышка отурат (Каралаев).
Тигип өстүрүлгөн жемиш бактары бар, бакчасы бар. А балдары шилекей чубуртуп, тигил бакчалуу короонун дубалдарынан баштарын кылтыйтып тургандары менен иштери жок (Сыдыкбеков). Басып өткөн жерине Бакчалуу мазар орногон («Сейтек»).
1. бакчы менен бирдей. Маңдайкы короодон Осмонкул байдың бакчачысы чыга келди (Жантөшев). 2. Бакча өсүмдүктөрүн өстүрүүчү, багуучу. Алар бакчачыга барып коон-дарбыз алып келишти.
Бакча өсүмдүктөрүн өстүрүүчүлүк, коон-дарбыз, пияз, ж. б. өсүмдүктөрдү айдоочулук. Совхоздун бакчачылык иши быйыл абдан жакшы. Бакчачылыктан көп пайда алынды.