БАКЧА I Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Көз салынып, багууда болгон кичирээк бак-дарактуу жер, бак. Бакчада анар үзүп жүргөн экен, Тең курбу эки кыздын ортосунда (Үмөталиев). Менин бакчам – гүл бакча, Бар жемиштин баары бар (Буларкиева).