бакал I ар.уст. 1. мелочная лавка (в которой продавались бакалея, кое-какая галантерея, сладости, керосин и т.п.); 2. бакалея (вообще); базар көркү -бакал, эр көркү - сакал погов. краса базара - бакалея, краса молодца - борода. бакал II ир. солома (сгребаемая с тока во время молотьбы; ср. саман). бакал III бокал; кел, кагыштыр, бакалымды көтөрдүм стих. иди сюда, чокнись, я наполнил свой бокал; бакалды толук куюңуз, кубанып өлкө майрамдайт стих. наполните бокалы, страна радостно празднует.
Сотосунан ажыратылган жүгөрүнүн жалбырактары менен сабагы. Силостолгон бакалынан жегенде, Саан уйлар чака-чака сүт берет (Осмонкул). Сасыкбайдыкы жүгөрү бакал менен жапкан жаман там (Байтемиров). // Дан эгиндеринин саманы. Барактардын асты жер болуп, ага зыгыр бакалы төшөлгөн (Абдукаримов). Алачыктын астына шалынын жумушак бакалы төшөлгөн (Абдукаримов).
Жол чалуу, кароо, көз салып багуу, байкоо. Ат аябай жол жүрүп, чоң Кең-Колду жакалап, Баткендин боюн бакалап («Сейтек»). Атты такалаганча, жолду бакала (макал).
1. Университет жана башка да жогорку окуу жайын бүтүргөндөргө берилген алгачкы илимий даража. 2. Россияда 1869‑жылга чейин Руханий академиянын окутуучусу, адъюнкт-профессор. 3. Базалык жогорку билимдин академиялык даражасы.
1. студенттерге жогорку базалуу билим берүүчү окуу жайдын үч, беш жылдык окуу формасы (коммерциялык негизде) жана квалификациялык экзамен же дипломдук сочинениенин жыйынтыгы боюнча бакалавр даражасы. 2. Ошондой формада жогорку окуу жайдын факультети, бөлүмү.
1. Пааналап, каралап жашап жүрүү. 2. Кароо, көзөмөлдөө, багуу. 3. Жол чалуу, байкоо жүргүзүү. Алтай тоосун бакалап, Боз адырмак чыбырдын Этек жагын жакалап. («Манас» С. К.). Бай Жакыпты бакалап. («Манас» С. О.). Кара-кырлап бакалап («Семетей» С. К.).
зат.1. Алкым, кекиртектин устүнкү жана ээктин астынкы бөлүгү. Алачыктай калканы, Бакалоордон алыптыр, Чыкыйгаколду салыптыр («Семетей»).
2. Сууда жашоочу жаныбарлардын дем алуу органы (мис., балыктын, рактын).
У.-К. Ш. Дондуков бурятча боолзуур «тамак, алкым (жаныбарлардын)» деген сөздү боохо «буу, байла» этишинен келип чыгат, ал боо+лзуур деген морфемалардан куралган, ал эми бахалзуур «тамак, алкым (адамда)» деген сөздө да -лзуур мүчөсү катышат, бирок баха уңгусу өлүү уңгу, болуп калган деген пикирин айтат (Дондуков, 39). Биздин оюбузча, бурятча боолзуур деген учурдагы боохо этиши баха этиши менен уңгулаш. Мындагы баха этиши түркчө бага(<--багла) дегенге туура келет. Ошондо бакалоор «байланышкан жер же байлана, буула турган жер» деген маанини берген сөз болгон.
К. К. Юдахиндин кыргызча-орусча сөздүгүндө жана түшүндүрмө сөздүктө бакалоор түрү гана берилген. Кыргыз тилинин Талас говорунда бакалжоор түрү да учурайт. Булар монгол тилдеринен кабыл алынган, монгол тилдеринде да бахлуур, багалзуур болуп эки түрдүү айтылат.
1. Кекиртектин үстүнкү жана ээктин астыңкы бөлүгү кошулушкан жер, алкым. Мукамбайдын бакалооруна кандайдыр бир катуу нерсе тирелип тура калгандай болот (Абдукаримов). 2. Сууда жашоочу жаныбарлардын дем алуу органы. Балыктардын дем алуу органдары – бакалоорлору, ал балыктын дем алуусун жакшы камсыз кылат.
Майда буюмдар менен соода жүргүзүүчү адам, бакалда соода кылган киши. Бакалчылар майда-чүйдө буюмдарын жыйнап, дүкөндөрүн жапты (Жантөшев). Бакалчы акенин эрке кызына эми тил кайтарып көрүңүз, төлөөрүн кайтартып, сарбандарына чымчылаштырсын (Абакиров).