бакалоо, бакылоо (байкоо)
1. Пааналап, каралап жашап жүрүү. 2. Кароо, көзөмөлдөө, багуу. 3. Жол чалуу, байкоо жүргүзүү. Алтай тоосун бакалап, Боз адырмак чыбырдын Этек жагын жакалап. («Манас» С. К.). Бай Жакыпты бакалап. («Манас» С. О.). Кара-кырлап бакалап («Семетей» С. К.).
1. жабры;
2. горло (верхняя часть горла);
бакалоордон алып схватив за горло.
зат. 1. Алкым, кекиртектин устүнкү жана ээктин астынкы бөлүгү. Алачыктай калканы, Бакалоордон алыптыр, Чыкыйгаколду салыптыр («Семетей»).
2. Сууда жашоочу жаныбарлардын дем алуу органы (мис., балыктын, рактын).
У.-К. Ш. Дондуков бурятча боолзуур «тамак, алкым (жаныбарлардын)» деген сөздү боохо «буу, байла» этишинен келип чыгат, ал боо+лзуур деген морфемалардан куралган, ал эми бахалзуур «тамак, алкым (адамда)» деген сөздө да -лзуур мүчөсү катышат, бирок баха уңгусу өлүү уңгу, болуп калган деген пикирин айтат (Дондуков, 39). Биздин оюбузча, бурятча боолзуур деген учурдагы боохо этиши баха этиши менен уңгулаш. Мындагы баха этиши түркчө бага(<--багла) дегенге туура келет. Ошондо бакалоор «байланышкан жер же байлана, буула турган жер» деген маанини берген сөз болгон.
К. К. Юдахиндин кыргызча-орусча сөздүгүндө жана түшүндүрмө сөздүктө бакалоор түрү гана берилген. Кыргыз тилинин Талас говорунда бакалжоор түрү да учурайт. Булар монгол тилдеринен кабыл алынган, монгол тилдеринде да бахлуур, багалзуур болуп эки түрдүү айтылат.
1. Кекиртектин үстүнкү жана ээктин астыңкы бөлүгү кошулушкан жер, алкым. Мукамбайдын бакалооруна кандайдыр бир катуу нерсе тирелип тура калгандай болот (Абдукаримов). 2. Сууда жашоочу жаныбарлардын дем алуу органы. Балыктардын дем алуу органдары – бакалоорлору, ал балыктын дем алуусун жакшы камсыз кылат.
бакалоордотуу, бакалоорлотуу
бакалоордош, бакалоорлош (к. а.)
бакалоордош-, бакалоорлош-
бакалоордошуу, бакалоорлошуу
схватить за горло, за глотку.
Бакалоордон алуу, бакалоордон кармоо. Жашынып отурган Акмат чочуп кетип, ким экенин ажырата албай бакалоордой калды (Жантөшев).
взаимн. от бакалоорло-;
бакалоорлошуп кармаш- драться, хватая друг друга за глотку.