Краткий этимологический словарь кыргызского языка
У.-К. Ш. Дондуков бурятча боолзуур «тамак, алкым (жаныбарлардын)» деген сөздү боохо «буу, байла» этишинен келип чыгат, ал боо+лзуур деген морфемалардан куралган, ал эми бахалзуур «тамак, алкым (адамда)» деген сөздө да -лзуур мүчөсү катышат, бирок баха уңгусу өлүү уңгу, болуп калган деген пикирин айтат (Дондуков, 39). Биздин оюбузча, бурятча боолзуур деген учурдагы боохо этиши баха этиши менен уңгулаш. Мындагы баха этиши түркчө бага(<--багла) дегенге туура келет. Ошондо бакалоор «байланышкан жер же байлана, буула турган жер» деген маанини берген сөз болгон. К. К. Юдахиндин кыргызча-орусча сөздүгүндө жана түшүндүрмө сөздүктө бакалоор түрү гана берилген. Кыргыз тилинин Талас говорунда бакалжоор түрү да учурайт. Булар монгол тилдеринен кабыл алынган, монгол тилдеринде да бахлуур, багалзуур болуп эки түрдүү айтылат.