БАКАЛ I
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Сотосунан ажыратылган жүгөрүнүн жалбырактары менен сабагы. Силостолгон бакалынан жегенде, Саан уйлар чака-чака сүт берет (Осмонкул). Сасыкбайдыкы жүгөрү бакал менен жапкан жаман там (Байтемиров). // Дан эгиндеринин саманы. Барактардын асты жер болуп, ага зыгыр бакалы төшөлгөн (Абдукаримов). Алачыктын астына шалынын жумушак бакалы төшөлгөн (Абдукаримов).