БАКШЫ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Ооруга чалдыктырган ар кандай жин-шайтандарды кууп чыга турган сыяктанып бууракандап дуба окуп, жаалданган аракеттер менен эмдеп-домдоочу дарымчы. Жаман күн жакшы болот, уялбаган бакшы болот (макал). Бак-дарак көркү – гүлүндө, Бакшынын көркү – жининде (Токтогул). Бакшы болуп кыйкырып, Бакырсаң кетпейт карылык (Токтогул).