этиш. 1. Баканга (шыргыйга) илип, ийинге салып көтөрүү. Талдан согулуп жасалган эки себетин бакачдап көтөрүп.. (Жантөшев). Бакандап кош чакада тунук суусун Жөнөөгө айыл жакка кылды ыкыс (Абдыраманов).
2. Бакан менен уруу, сабоо.
1. действовать дубиной;
бакандап куу- выгнать кого-л. палкой; прогнать палкой;
2. нести на коромысле;
ичер сууну бакандап көтөрүп келишет вёдра с питьевой водой они носят на коромысле;
эки себетин бакандан көтөрүп неся на коромысле две кошёлки.
1. Бакан менен көтөрүү, баканга илип, ийинге салып көтөрүү. Кыштактын эли ичер сууну Жаңы-Арыктан алышып, бакандап көтөрүп келишет (Абдукаримов). 2. Бакан менен уруу, согуу. Бакандап кууп чыгуу.
бакандай (бакандай мал
бердим)
Керилген, олбурлуу, алибеттүү, бакубат. Бакандай жигит. – О, айланайын! Мына бакандай азамат болгон турбайсыңбы! (өмүрбаев). || Бир кыйла чоң, мыкты, белдүү. Иши кылып бүтүп келчи, бакандай болгон кызмат беребиз (Байтемиров).
баканда этишинин кош мамилеси.
взаимн. от баканда-;
бакандашып суу алып (они) взяв воду (вёдра с водой) на коромысла.
бакандаш- (сууну бакандашып көтөрүү)
баканда этишинин кош мамилеси. Сууларын бакандашып алып баса түшүп, токтоп калышат (Турусбеков). Маңдай-тескей турушуп, Бакандашып урушуп («Эр Төштүк»).