БАКЫР I
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Материалдык, же руханий жардамга муктаж адам. || Кедей, жарды. || Мусулман окумуштуулары, акындар, китептерди көчүрүп жазуучулар, ошондой эле аскеттер, суфизмдин өкүлдөрү жупунулугун, жөнөкөйлүгүн баса белгилеш үчүн өздөрүн бакыр (факир) аташкан. Мискин менен бакырга («Манас» С. К.). Карып менен бакырга Калтырбай чачты ырысты (Токтогул). Жоордун жайын жакыр билет, жокчулуктун жайын бакыр билет (Жантөшев). || Бечара, байкуш, карып. Ал Күлчоро баатырды, Жаралуу болгон бакырды Жабыла эми издеди («Сейтек»). Азып жүргөн элинен Алмамбет бакыр өзүмүн («Манас»).