БАКШЫН
Энциклопедия "Манас". ч.1.БАКШЫН (рекш — «Шах-Наме» боюнча) — Үрүстөм (Рустам) баатырдын минген аты Сагымбай Орозбаковдун вариантында гана эскерилет:
Бактыңа кудай бериптир,
Бакшын минген Үрүстөм,
Так ошонун атындай
Ырысыңа келиптир (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 580-инв., 642-б.).
Рекш деген аттын Б. болуп айтылышы кыргыз тилинин өзгөчөлүгүнө ылайыкташып аталышы, же текстти кагазга түшүргөндө, аны жазган адам тарабынан кеткен ката болушу мүмкүн.