бакырлык Толковый словарь кыргызского языка (1969) зат. Кедейлик, жардылык, кыйынчылык, кысталыштык. Караргандан түнөрүп, Сырттан баатыр Төштүктүн Бакырлык келди башына («Эр Төштүк»).
БАКЫРЛЫК Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Кедейлик, жардылык, бечаралык, карыптык. Бакырлыкта жашоо. Караргандан түнөрүп, Сырттан баатыр Төштүктүн Бакырлык келди башына («Эр Төштүк»).