Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Байыркы түрк тилинде бак этиши «байка», «кара», «көр» деген мааниде айтылган (ДТС, 81). Ушундай мааниде азыркы бир катар түрк тилдеринде кезигет. Кыргыз тилинде бак этиши «байка», «көр», «кара» этиштеринин маанисинде өзүнчө айтылбайт, көрүп-багып туруп, күлө багып карап деген сыяктуу учурларда гана айтылганда алгачкы маанисине жакын турат. Ал эми баш бак деген учурда бак этиши көзгө байланыштуу эмес, баш деген сөз менен тизмектешип, фразеологизмди түзүп калган. Алгач бак сөзүнүн мааниси «байка», «көр», «кара» дегенге туура келген. Андан өнүгүп-өсүп отуруп башка маанилери келип чыккан. Баланы багуу, оорулуу кишини багуу, малды багуу да дайыма карап, көз болуп турууну талап кылат. Ошондуктан кыргыз тилинде ушундай жаңы мааниси өнүгүп, алгачкы мааниси көөнөрүп калган.