БАКАН
Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева(Түндүк бакан) — «Ар бир айыл четинде, алты бакан селкинчек» (К. Жантөшев). Бул боз үйдүн жыгачына кирет. Мунсуз боз үй тигилбейт. Түндүк бакан, босого-таяк, каалга бир бүтүмдү түзөт. Түндүк бакандын (түндүк көтөрүүчү) узундугу 2,8 м. болуп, анын башынын ачакей 4 см. менен өлчөнөт. Ал көбүнчө балатыдан жасалат.