Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсени жөлөп көтөрүүгө, тирөөгө же илип коюуга ылайыкталып жасалган шыргый жыгач. Бакан менен шоңшойтуп көтөрүп койгон түндүктүн ачык жак капталынан чаба жааган жамгыр салаалап шорголоп, коломтонун төр жагына түшүп жатат (Токомбаев). Найза катарында курал ордуна колдонулуучу узун шыргый. Бакан, союл карса-карс, Баш жарылып тарса-тарс (Тоголок Молдо). || Суу көтөрүүгө пайдаланылуучу узун шыргый жыгач, суу көтөргүч, апкөч. Салима ийниндеги баканга илинген эки чака менен суу алып келаткан (Абдукаримов).