БАК КОНУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Иши илгерилөө, даражасы, мартабасы көтөрүлүү, атак-даңкы чыгуу. Бак конгон жигит. Акылсызга бак консо, Башын чулгуйт ойдолоп (Осмонкул). Ою эргип акылы толобу да, элине эмгеги сиңип бак конобу? (Жантөшев) В.: Башына бак конуу. Дүр мырзанын башына бак конуп, ташы өөдө кулап турган чагы (Бейшеналиев).