бакыр I ар. 1. бедняк, бедный (о неимущем человеке); бакыр болуп калыптыр он обеднел; кулак салсаң акылга, кулдук кылгын бакырга стих. если внемлешь уму, вырази почтение бедному; түн - бакырдыкы погов. ночь (принадлежит) бедняку; 2. бедняга (с оттенком сочувствия). бакыр II 1. медь; 2. (ср. челек 1) металлическое ведро; кол бакыр то же, чточоюн кашык (см.кашык) небольшой дорожный медный котёл (который привязывали к торокам); кайдасың казан, кол бакыр, суу кайнатып, жылытып каткан кандын баарысын? фольк. где котёл, где ведёрко, чтобы вскипятить воды и согреть застывшую кровь? 3. сев.уст. медная монета двухкопеечного достоинства; две копейки; эки бакыр четыре копейки; кызым үчүн калың деп, албаймын тыйын-бакырды фольк. не возьму я в калым за дочь свою денег-грошей (т.е. отдам без калыма). бакыр III кулан-жеребец (см.кулан I 1). бакыр- IV орать, реветь, громко кричать, горланить; "кокуй!..." деп бири бакырды один из них громко закричал кокуй! (см.); сакалын жулуп, бакырып ыйлады дёргая свою бороду, он ревмя ревел; жаткандарды магдырап, ойготуп гудок бакырат стих. гудит гудок, будя безмятежно спящих; баравоз гудок бакырды фольк. загудел паровозный гудок; өкүрүп-бакыр- см.өкүр- 1.
Жалпыга белгилүү болгондой, тилдин пайда болушу боюнча бир катар божомолдор бар. Алардын бири боюнча, тил жаратылыштагы үндөрдү тууроодон улам келип чыгышы мүмкүн. Албетте, бул божомол чындыкка анча коошо бербегени менен айрым сөздөрдүн тегин тактоого жардам берет. Мисалы, төмөндөгү этиштер табыш тууранды сөздөрдөн келип чыккан: ба+кыр = бакыр, ө+күр = өкүр, кый+кыр = кыйкыр, ай+кыр = айкыр, тү+күр = түкүр, быш+кыр = бышкыр, ыш+кыр = ышкыр, үш+күр = үшкүр, жөт+күр = жөткүр, ка+кыр = какыр ж.б.
Катуу кыйкырганды билдирүүчү этиш баа деген дабыш тууранды сөзгө этиш жасоочу -кыр мүчөсү жалгануудан пайда болгон. Дабыш тууранды сөздөрдөн ушундайча жол менен жасалган этиштер кыргыз тилинде кеңири учурайт: үшкүр (<үш+күр), өкүр (<--ө+күр), ышкыр (<--ыш+кыр), түкүр (<--түү+кур) ж. б.
Материалдык, же руханий жардамга муктаж адам. || Кедей, жарды. || Мусулман окумуштуулары, акындар, китептерди көчүрүп жазуучулар, ошондой эле аскеттер, суфизмдин өкүлдөрү жупунулугун, жөнөкөйлүгүн баса белгилеш үчүн өздөрүн бакыр (факир) аташкан. Мискин менен бакырга («Манас» С. К.). Карып менен бакырга Калтырбай чачты ырысты (Токтогул). Жоордун жайын жакыр билет, жокчулуктун жайын бакыр билет (Жантөшев). || Бечара, байкуш, карып. Ал Күлчоро баатырды, Жаралуу болгон бакырды Жабыла эми издеди («Сейтек»). Азып жүргөн элинен Алмамбет бакыр өзүмүн («Манас»).
1. Жез. Бакырдан жасалган идиш. 2. Эки тыйындык жез монета. Кызым үчүн калың деп, Албаймын тыйын бакырды (үсөнбаев). 3. диал. Каңылтыр темирден жасалган чака.
Үнүнүн бардыгынча кыйкыруу, катуу үн чыгаруу. Журт жыйылып келген соң, Каарданып бакырды, Калкына жар чакырды («Эр Төштүк»). Касымбек мени чакырды, Көрө калып бакырды (Тоголок Молдо).
~: бакырайган (человек) с глазами навыкате; бакырайган чоң көзүндө коркунуч турду в его больших навыкате глазах был страх; жинденген эмедей бакырайып выпучив глаза, словно бесноватый.
то же, чтобадыраң III; арстан коёндун жанына келип: бакыраң көзүм, колго түштүң-ээ! дейт (из сказки) лев, подойдя к зайцу, говорит: "Эх ты, лупоглазый, попался!".
БАКЫРБАЙ — эпизоддук кейипкер. Каныкей Манастын күмбөзүнүн ичине тартылган сүрөттөр жөнүндө Семетейге баяндаганда Б-дын да сүрөтүн тартканын айтат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 155).
Көп бакырган, бакыра берген. Бакырчаак төөнүн бары ийги (макал).|| Ыгы жок, жөнсүз эле жар салып кыйкырык чыкканды жакшы көрүүчү. Бакырчаак киши. Бакырчаактын бири.
бакырчылык I 1. бедность, нужда; эй, кызыталак бакырчылык, менден дос көрөр кишиси жок бекен! эх, негодница-бедность, разве нет у неё более близкого друга, чем я!; 2. житейские хлопоты, заботы; бакырчылык иш менен таң азандан шаарга жүрүп кеткен он на рассвете отправился в город по своим делам; бакырчылык кылып жатабыз мы заняты своими житейскими делами; кырк күнкү сыпайкерчиликтен, бир күнкү бакырчылык артык погов. чем сорок дней церемоний, лучше один день простой (обычной) жизни. бакырчылык II профессия медника, жестяника.
1. Жардылык, кембагалдык, кедейлик, жокчулук. Бай-манаптын айынан бакырчылык башка түштү. 2. Тиричилик, күндөлүк оокаттын аракети. Ал бүгүн бакырчылык иш менен таң азандан шаарга кеткен (Сыдыкбеков).
рёв, громкий крик; бул бакырык анын кулагына эч угулган жок этот крик им не был услышан; бакырык менен эч нерсени далилдей албайсыз криком вы ничего не докажете; бакырык сал- то же, чтобакыр- IV; өкүрүк-бакырык см.өкүрүк.