Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
Жалпыга белгилүү болгондой, тилдин пайда болушу боюнча бир катар божомолдор бар. Алардын бири боюнча, тил жаратылыштагы үндөрдү тууроодон улам келип чыгышы мүмкүн. Албетте, бул божомол чындыкка анча коошо бербегени менен айрым сөздөрдүн тегин тактоого жардам берет. Мисалы, төмөндөгү этиштер табыш тууранды сөздөрдөн келип чыккан: ба+кыр = бакыр, ө+күр = өкүр, кый+кыр = кыйкыр, ай+кыр = айкыр, тү+күр = түкүр, быш+кыр = бышкыр, ыш+кыр = ышкыр, үш+күр = үшкүр, жөт+күр = жөткүр, ка+кыр = какыр ж.б.