1. щека; оң бетинен өптү он поцеловал его в правую щёку; 2. лицо; эр жигит эл четинде, жоо бетинде погов. храбрый молодец (всегда) на окраине (своей) страны, перед лицом врага; бет ач- 1) открыть лицо; 2) перен. разоблачить; бети ачылды он разоблачён; бети ачылган душман разоблачённый враг; 3) этн. открывать лицо (молодой замужней женщины, после чего она перестаёт избегать родственников мужа); бет ачар 1) этн. совершение обряда бет ач; 2) уст. предисловие; бети бетиме тийген тууганыма баркым жок погов. нет мне почтения от родственника, лицо которого касалось моего лица (т.е. для других я могу быть авторитетом, а для родственника я только Карабай, Сарыбай); бет жырт- или бет тыт- этн. царапать (свое) лицо (оплакивая покойника); бетин жыртып, тул калган фольк. она царапала лицо своё, она осталась вдовой; Карачакын Сайкалы, "кандуу бетин тытсын" де фольк. скажи, чтобы (девица) Сайкал, дочь Карача, царапала себе окровавленное лицо; бет бур- прям. , перен. повернуться лицом; бет кыл- поставить лицом к лицу; алптын баарын бет кылам фольк. я соберу всех богатырей; бетин бас- 1) закрывать себе лицо; келин кайнатасынын уйүнө барганда бетин басып жүгүнүп кирген когда невестка (первый раз) входила в юрту свёкра, то закрывала лицо и кланялась; 2) перен. стесняться, стыдиться; 3. морда; эрге чарык табылат, жеген иттин бетине кара погов. молодцу поршни (вид кожаной обуви) найдутся, а ты посмотри на морду съевшей их собаки (так говорят о человеке, что-л. натворившем и сознающем свою вину); 4. поверхность; көлдүн бети поверхность озера; жердин бети поверхность земли; араанын бети полотнище пилы; туунун бети полотнище знамени; туунун бетине нечен ок тийип, канчалык жерин тешкен в знамя попало много пуль и во многих местах его продырявило; күндүн бети лик солнца; беш күн күндүн бетин көрбөдүк пять дней мы солнца не видели; цилиндр бети мат. цилиндрическая поверхность; жумалак бет мат. круглая поверхность; 5. перен. совесть, стыд; бети жок бессовестный, бесстыдный; деги бетиң барбы? хоть какая-нибудь совесть-то есть у тебя? кайсы бетим менен барам! мне стыдно идти!, с какими глазами я пойду!; кайсы бетиң менен ушуну кылдың! как тебе не стыдно было делать это!; "эт" дегенде бет барбы! погов. когда скажут "мясо", какая уже тут совесть! (кто утерпит, чтобы не поесть!); менде такыр бет калбай калды го! я ведь вконец опозорен!; бети түгөнгөн 1) потерявший стыд, бесстыжий; 2) посрамлённый, опозоренный; бет калбады бетинен стих. он окончательно потерял стыд; апий, бетим тугөндү! ой, осрамилась я; бетим и-и-ий, бетим! стыд-то какой!, срам-то какой!; 6. страница; беш бет окуп чыктым я прочитал пять страниц; 7-том, 132-бет 7-й том, 132-я страница; 7. направление; кайсы бетте? в каком направлении (находится) ? бет ал- 1) взять направление, направиться; жоону бет алып по направлению к врагу, на врага; балдар мени бет ала жан-жабыла ат коюшту дети все вместе поскакали ко мне; бет алып бенде келбеген, өнөгүн жанга бербеген фольк. приблизиться к нему никто не решался, он никому не поддавался; 2) проявить тенденцию в чём-л.; бет алган ишинен кайтпаган (о человеке) настойчивый, упорный; бет алдыр- дать направление, направить; сайды бет алдырып беш-алты ирет мылтык атылды было сделано пять-шесть выстрелов в направлении ложбины; бет алыш направление; бет бактыр- 1) заставить повернуть лицо; бет бактырбай турган бороон буран такой, что лица повернуть нельзя; 2) перен. дать направление чему-л.; 8. склон горы (прим.см.бетеге); өз бетинче самостоятельно; китепти өз бетинче окуу самостоятельное чтение (книги); өз бетибизче мы сами по себе, самостоятельно; бет алдынан жыгыл- упасть ничком; бетме-бет лицом к лицу; бетме-бет кой- поставить на очную ставку; бет маңдай друг против друга, лицом к лицу; бет маңдай кезиге түштүк мы столкнулись (сошлись, встретились) лицом к лицу; экөөбүз бет маңдай сүйлөшкөндө когда мы разговаривали друг с другом непосредственно; койду бет маңдай жайып таштадык мы пустили овец пастись (на склоны гор, находящиеся) друг против друга; бет алды или бет-бетинен куда глаза глядят, в неопределённом направлении, кто куда; бет-бетинен кеткен разошлись кто куда; бет алды бастыра беришти они поехали кто куда, в разные стороны; элибизди жоо чаап, бет-бетибизден качтык (из сказки) враг разгромил наш народ, и мы бежали кто куда; бет алды сүйлөй берет говорит, что ему в голову взбредёт; бетке ал- поставить (себе) целью, предметом стремления; направить силы на что-л.; каршы-терши сулатып, залимдер бизди бетке алды фольк. разя направо и налево, тираны направили силы на нас; бетке карма- 1) представить что-л. в качестве основания, доказательства; закон жобосун бетке кармап, жоопко тартканы келдик мы явились, чтобы на основании закона призвать к ответу; 2) представить что-л. в качестве достижения; бетке кармаганыбыз кызылча менен мал (больше всего) мы можем похвалиться свёклой и скотом (т.е. свеклосеянием и скотоводством); бет бак- осмелиться, не побояться; Семетейге бет бага албайт фольк. он против (богатыря) Семетея не осмелится; бет багып, киши карай албайт (на него) смотреть страшно; при виде (его) страх берёт; жолборско бет багып киши бара албайт на тигра человек боится идти; душмандар бетин басып, өлүм жолуна жатып беришпейт враги не постесняются и не дадут себя так просто убить (букв. не лягут на дорогу смерти); бетке кара- стесняться; считаться с чьим-л. положением; беттен ал- злобно наскакивать; сөз айтса эле "сар!" деп беттен алат ему только слово скажешь, как он уже рычит; беттен ала сүйлө- говорить с наскоком и грубо; бет алышып лицом к лицу (в схватке); бет алышып калдык мы сошлись лицом к лицу; айзалашып көк жалдар, бет алышып урушуп фольк. сивогривые (см.жал I) сразились на пиках, сойдясь лицом к лицу; бет алышкан душмандын эки көзү жаш болду фольк. у врага, который с ним сразился, на глазах появились слёзы; бет алышкан жоо ярый враг; бет кел повстречаться, сойтись лицом к лицу; баатырларга бет келсең, сайышчу элең талыкпай фольк. когда встречался ты с богатырями, то сражался храбро; менсинген далайлар бет келе албай чайпалчу стих. многие хвастуны не могли (боялись) с ним встретиться, (в страхе) колебались; бети кара или кара бет 1) опозоренный, посрамлённый (от старого обычая - выставлять преступника "на позор", намазав ему лицо сажей); 2) уст. опозоренная, несчастная (о вдове или о потерявшей жениха невесте); элди көрө албадым, кара бет болдум я не могу смотреть в глаза людям, я опозорена (так часто говорила вдова или женщина, которую муж уличал в неблаговидном поступке); эри өлуп, эрге тийген - элдин адаты; эри туруп, эрге тийгек - беттин карасы погов. выйти замуж, когда муж умер, - обычай народа; выйти замуж, когда муж есть, - позор; 3) бесстыдный; нечестный; бет-баш физиономия; бети-башын кыйшайтты он скривил рожу, сделал гримасу; бети-башты жыйыр- или бети-башты бырыштыр- корчить рожу, делать гримасы; бетке айт- сказать в лицо, в глаза; бет карарт- срамить, позорить (букв. мазать лицо сажей); алда таалам кош көрсөң, карарта көрбө бетимди фольк. если ты, всевышний аллах, любишь, не допусти моего позора; кудай бетин салбай кал! фольк. ведь это же прямо поразительно!; кудай бетин салбай калсын, ичкенин кара! посмотри-ка, как он пьёт, ведь это же прямо поразительно!; бетиң күйгүр! бран. бесстыдник! (букв. сгори твоё лицо!); бети калың 1) несговорчивый, упрямый; 2) неотзывчивый, толстокожий; беттин калындыгы 1) несговорчивость, упрямство; 2) неотзывчивость, толстокожесть; бетинен каны тамган или бетинен нуру тамган кровь с молоком; эки бетинен кан таамп турат цветёт, как маков цвет; жакшылык бетин көрбөй калайын... чтоб мне добра не видать (если...); бет тырмар действие, направленное на то, чтобы свалить вину на другого; бет тырмар жалаа клевета, преследующая цель свалить вину на другого; бет тырмарлык отвл. отбет тырмар; жан талашып, бет тырмарлык да кылып көрдү он всеми силами пытался свалить вину на другого; бети калды один из видов карточной игры в "дурачки" с навалкой; бетин чымчып см.чымчы-; эт-бетинен жат- (или жыгыл- или кет-) см.эт I; кудай бет алган жактан жалгасын см.жалга II 3; бетке басып айт- см.бас- IV; беттин оту см.от III; көк бет см.көк III; беттин чүкөсу см.чукө; бет май то же, чтобетмай; алы бет или али бет то же, чтоалибет.
зат.1. Адамдын жүз, өң жагы, көздөн төмөнкү, эки жаактын ортосундагы бөлүгү. Айгүлдүн беттери ысып, килактары чуулдай баштады (Жантөшев).
2. Нерсенин үстүнкү, сырт жаккы тарабы. Таңга маал көлдүн бети күмүштөй ак кардуу бийик тоолорго жарашып жатты (Сасыкбаев). Жер бети.
3. Каптал, тарап. Кырдын эки жак бети толтура мал. Көчөнүн бир бетинен экинчи бетинеөтүү.
4. Барактын эки жак тарабы. Жүз беттен турган китеп. Кагаздын эки бетине тең жазуу. Бир багытты көздөөнү билдирүү үчүн колдонулат.Жоого каршы бет алып, Барган жигит жакшы экен (Барпы).
5. өт. Уят, абийир. Бети жок киши. Жеген чөптү танасың, Бетиң кана куба кой (Тоголок Молдо).
♦ Бетиначуу — 1) айыбын ачуу, ашкерелөө, дайын кылуу. Көптөн берки былыктын бетин ачып, элге дайындайм («Чалкан»); 2) уялчаак, тартынчаак кишини батынып, уялбай турган кылып коюу. Бетме-бет — бет алыша, көзмө-көз. Беталды — чаржайыт, туш келди. Беттеналуу — оройлук кылып урушуу, тилдөө, көңүлүн калтыруу. Беткеайтуу — өз көзүнө айтуу, өзүнө айтуу. Бетмаңдай — алды жак, карама-каршы же бет алды жак.
page (noun)
A document on the World Wide Web. A Web page consists of an HTML file, with associated files for graphics and scripts, in a particular directory on a particular machine (and thus identifiable by an URL). Usually a Web page contains links to other Web pages.
бет, бети, бетти бет аарчы бет-ажар бет ал- бет алды бет ачар бет багуу бет бактыр- бет бур- бет карама бет кат (уятка калган) (диал.) бет кеп (маска) бет кыл- бет май бет маңдай бет тырмар бети ачылуу бети-башы бети калың бети караюу, бети күйүү бети-колу бети чыдабоо бетине басуу (мойнуна коюу) бетине кармоо (шылтоолоо) бетине көө жабылуу (айыбы ачылуу) бетине чыгуу (тайманбоо) бетке кармаган (жакшы деп эсептеген) бетке чабар (тартынбай айтуу) бетке чиркөө (мамилеге жолтоо себеп) бетме-бет беттен алуу
1. Баштын ооз, мурун, көз жайгашкан маңдайкы бөлүгү, адамдын жүзү. Кар жаап, улам бетке урган сайын көңүлдү сергитет (Байтемиров). || Адамдын жүзүнүн көздөн төмөнкү, эки жаактын ортосундагы бөлүгү. Эки бети алмадай кызарган Жийдегүл үйгө кирди (Сасыкбаев). Калбүбү уялып кетти көрүнөт, бети тамылжып кызара түштү (Убукеев). 2. Мейкиндиктин үстү, үстүнкү жайык жагы. Көл бетине нур чагылышат (Сыдыкбеков). Таң сөгүлүп, жер бетине шооласын чачып калган кез (Убукеев). Байчечекей, мандалак, Жайнаган жердин бетинде (Токтогул). 3. Бир нерсенин бир тарап жагы, капталы (мисалы, тоонун). Береги чалкакта жаткан бир үйүр жылкы машинаны көрөр замат дыр берип, үрккөн бойдон, бетке чыга качты («Жаш ленинчи»). Акбар ашуунун аркы бетинде жүрдү (Убукеев). // Жазы же жайылган нерсенин үстүнкү тарабы. Дасторкон жайылып, анын бети түрдүү тамакка толду (Байтемиров). 4. Китеп, журнал ж. б. ар бир барактарынын эки жаккы тарабы. Тамгалар сапсап тартып, ак кагаздын бетине кандайдыр жарашкансып көрүнөт (Сыдыкбеков). А күнү газетаңдын ачып бетин, Карасам улам жаңы келет сезим (Нуркамал). 5. Уят, абийир. Жеген чөптү танасың Бетиң кана, куба кой (Тоголок Молдо).
(жүз аарчы, кол жоолук) — «Бет аарчы бердиң белегиң, Бетиңди тосчу өбөйүн, Жоодурап карап турбачы, Жолумдан калбай жөнөйүн» (Жоомарт). Жүздү ачуучу, белек катары бирөөлөргө берилүүчү «таңдай сайма», «басма сайма», «көптүрмө сайма», «жөрмөмө сайма» аркылуу көркөм көчөт келтирилген төрт бурчтуу сайма буюм. Ал (30—30 см) төрт четинде таңдайлашкан саймалары болот. Уздар жигиттерге сунуучу жүз аарчыда кусалык сырын, сезимин төкпөй-чачпай атайын арзуу менен айлакердикте көчөт аркылуу чагылта турган. Аны колуна алган жигит кыздын жүрөгүндө чөгөрүлгөн сүйүүсүн, болгон дилин «ачып окуй» алат.
Көбүнчө ооз, мурун, бети-колду сүртүүгө арналган кичинекей чарчы жоолук, кол жоолук. Жума бет аарчысы менен чекесин сүртүндү (Каимов). Эми жүз аарчыдан улам ошол жыт кыздын жыты экенин туйду (Айтматов).
destination area (noun)
The range of cells that you select to hold the summarized data in a consolidation. The destination area can be on the same worksheet as the source data or on a different worksheet. A worksheet can contain only one consolidation.
Бата, максатыңар ишке ашсын, ойлогонуңар ордунан чыксын деген мааниде. «Балам, бет алган жагыңан жалгасын, ишиң оңунан чыгып олжолуу кайт!» – эне отура калып бетине бата тартып жиберди (Өмүрбаев).
Туруктуу, айткан-дегенинен, көздөгөн максатынан кайра тартпаган. Ал эми Зарыл Түндүк муз океанын, ач талааларды, күйүп жаткан чөлдөрдү багынткан, бет алганынан кайтпаган жаш адамдардын жүрөк титиреткен эрдигин баяндады (Өмүрбаев). Ушу силердин бактылуу күнүңөр үчүн башын сайган, бет алганынан кайтпаган баатыр аталарыңарды эстен чыгара көрбөгүлө, айланайындар! («Ала-Тоо»).
Туруктуу, айткан-дегенинен, көздөгөн максатынан кайра тартпаган. Ал эми Зарыл Түндүк муз океанын, .. ач талааларды күйүп жаткан чөлдөрдү багынткан, бет алганынан кайтпаган жаш адамдардын.. жүрөк титиреткен зрдигин баяндады (Өмүрбаев). Ушу силердин бактылуу күнүгөр үчүн башын сайган, бет алганынан кайтпаган .. баатыр аталарыңарды эстен чыгара көрбөгүлө, айланайындар! («Ала-Тоо»).
Туш келди, баш-аламан, белгилүү бир багытта эмес, чачкын. Ушундан кийин шыкалышкан калың көч, жөө-жалаң самсыган эл бет алды кетип жатты (Сыдыкбеков). Бала түш оогончо бет алды кыдыра берип, аябай чарчады (Каимов).
Туш келди, баш аламан, белгилүү бир багытта эмес, чачкын. Ушундан кийин шыкалышкан калың көч, жөө-жалаң самсыган эл бет алды кетип жатты (Сыдыкбеков). Бала түш оогончо бет алды кыдыра берип, аябай чарчады (Каимов). Бет алдыда алды бастыра беришти.
Кандайдыр бир иштин башталышы, алгачкы башталмасы. Окуучуларга биз сунуш кылган бул татынакай аңгемелер жаш талапкердин бет ачары («Ала-Тоо»). Менин айтып отурганым бул китепке бет ачар өңдүү гана (Бөкөнбаев).
1. Кандайдыр бир иштин башталышы, алгачкы башталмасы. Окуучуларга биз сунуш кылган бул татынакай аңгемелер жаш талапкердин бет ачары («Ала-Тоо»). Менин айтып отурганым бул китепке бет ачар өңдүү гана (Бөкөнбаев). 2. диал. Келин келгенден төрт-беш күн өткөндөн кийин жаш келинди кайнене, кайнатанын алдына бетин ачуу жөрөлгөсү. Бет ачууга барайын.
БЕТАЧАР (ПРЕЗЕНТАЦИЯ) (лат. praesentatio ) – 1) төлөөнү ишке ашырууга (трассатаны) милдеттүү жакка которум векселин көрсөтүү; 2) жаңыдан түзүлгөн фирманы, жаңы долбоорду, фильмди ж. б. жарнамалык максаттарда өткөрүлгөн салтанаттуу (эреже катары) көрсөтүү.
Presenter View (proper noun)
A view for delivering a presentation that provides the presenter with additional options for viewing and controlling its delivery.
Даап карай албоо, батына албоо, түз барууга кудурети жетпөө, тике карай албоо. Капилеттен кармалган күнөкөрдөй бет бага албай башын эңилтип, жазасын тартууну күттү (Бейшеналиев). Кары ата-энесине Бөбөк бет багып карай албай отурган (Укаев). Жоонун колу бет бага албай качышкан (Турусбеков). Ойго жеңдирип, ички сырын чечип айтышка бет бага албай сөзгө мокоду («Ала-Тоо»).
Даап карай албоо, батына албоо, түз барууга кудурети жетпөө, тике карай албоо. Капилеттен кармалган күнөкөрдөй бет бага албай башын эңилтип,.. жазасын тартууну күттү (Бейшеналиев). Кары ата-энесине Бөбөк бет багып карай албай отурган (Укаев). Жоонун колу бет бага албай качышкан (Турусбеков). Ойго жеңдирип, ички сырын чечип айтышка бет бага албай сөзгө мокоду («Ала-Тоо»).
1. Айтканга көнбөө, моюн сунбоо, чендетпөө, жолотпоо. - Койгула, аралашпагыла! - деп Кален бет бактырбай тыйып салды (Укаев). Алкынган албуут катын тажаалданып, Алмакемди бет бактырбайт (Сыдыкбеков). 2. Бет алдыдан ургулап катуу тосколдук кылуу, баш көтөртпөө (көбүнчө бороон-чапкын, жамгыр, карга карата). Түн эле, Кар чапкындап элеп турду, Борошо бет бактырбай демеп турду (Аалы). Бет бактырбай турган бороон.
1. Айтканга көнбөө, моюн сунбоо, чендетпөө, жолотпоо. – Койгула, аралашпагыла! – деп Кален бет бактырбай тыйып салды (Укаев). Алкынган албуут катын тажаалданып, Алмакемди бет бактырбайт (Сыдыкбеков). 2. Бет алдыдан катуу тоскоолдук кылуу, баш көтөртпөө (көбүнчө бороон-чапкын, жамгыр, карга карата). Түн эле, Кар чапкындап элеп турду, Борошо бет бактырбай демеп турду (Токомбаев). Бет бактырбай турган бороон. В.: Бет алдырбоо. Көкөнү балдар үйүнө жиберели деп, бир мугалим келген. Бирок, Шекер аны бет алдырбай койду (Касымбеков).
зат. Көбүнчө койго, жылкыга абдан сонун тоют болуучу майда жалбырактуу жапайы чөп, тулаң. Кундуздай бетегеси белден чыккан, Көшүлүп, чырмалышып бир жакка ыкчан (Бөкөнбаев).
Көбүнчө койго, жылкыга мыкты тоют болуучу майда жалбырактуу жапайы чөп. Өндүр ичи мелтиреген бетеге, аны мал канчалык тепсеп жатса да, уйпаланып койбойт (Убукеев). Ак карды жээрде кашка эше-эше тээп, алдынан бетеге аралаш тулаңды эшип жей баштады (Жантөшев).
Амир Темирдин небереси Захар ад-дин Мухаммед Бабур Орто Азияны Мухаммед Шайбаниге тарттырып жиберип, кыштын күнү Афганистанга ашып бара жатканда, бетегени көрүп, ал жөнүндө минтип жазат: «Анжиянда бул чөптү бутхак деп атайт, эмне үчүн андай аталганынын себеби белгисиз болчу, бирок бул жерде билдим: бул чөп чогуусу менен өскөндүгү үчүн буте-ках деп атаган окшойт». Анткени иран тилинде буте деген сөз «бадал, чогуу өскөн өзүнчө топ» деген маани берет. Ал караган-бута деген учурда кыргыз тилинде да айтылат. Ал эми ках сөзү «майда саман, топон» дегенди билдирет. Бабурдун байкоосу туура болсо, анда бетеге бир тамырдан бир нече сабак өсүп чыгып, өзүнчө бир чогуу турган топ болуп көрүнгөндүгү үчүн ушундай наамга ээ болгон.
Жогоркудай пикирге кошулууга болот. Анткени түрк тилдеринде бетегенин аттары ар түрдүү. Алсак кылкан (кырг., чув. кылган) башк., тат., ног., боз (каз., өзб.), чейран оту (аз.), агот (аз.), ак селеу (каз.). азаогу (тув.), каңгы (тув.), селин (түркм.), чалов (өзб.), хал сарыг (хак). Бетеге сөзү кыргыз, ногой, башкыр, кумык, казак тилдеринде гана айтылат. Ушуга караганда Бабурдун пикири туура өңдөнөт.
ир. (или беш бетер или анан бетер или ого бетер) и того больше, ещё больше (лучше, хуже, сильнее и т.п.); дагы ого бетер мыкты иштейбиз будем работать ещё лучше; алдынкы методдору жылкы багууну мындан бетер өйдөлөтүүнү камсыз кылды их передовые методы обеспечили ещё больший рост коневодства.
Чыгыш жөндөмөдөгү атоочтор менен же тактоочтор менен айкалышып, салыштыруу, күчөтүү маанисин берет. Менден бетер сен да ачуулуу белемсиң? (Сасыкбаев). Маңдайдан сылаган энеден бетер, бул сыдырым бир мезгил – үстүнөн калкып өтөт (Сыдыкбеков). Жаан баягыдан бетер лыпылдап төгүп кирди (Байтемиров). Жылдызкан мурдагыдан бетер чыңалды (Байтемиров).
Ийменгенди, тартынганды билбеген, уяты жок, кашка. Азыркы балдардын бети ачык, Кээде алардын алдында сүйлөгөндөн өзүң ийменесиң (Мырзаев). Бети ачык келин.
Ийменгенди, тартынганды билбеген, уяты жок, кашка. Азыркы балдардын бети ачык, Кээде алардын алдында сүйлөгөндөн өзүң ийменесиң (Мырзаев). Бети ачык келин.
1. Айыбы, кылган кылмышы ашкереленип, элге дайын болуу, билинүү. «Кыял» бирикмесиндеги текшерүүнүн жүрүшүндө бети ачылган орчундуу кемчиликтердин өзөгү эмнеде болгон? («Советтик Кыргызстан») Кийин бети ачылганда кайдан алдың эле? – деп сурашса, «Кудаларга деп Алма-Атадан алып келгем», – деп жооп берет («Ленинчил жаш»). Кийинки мезгилде ...бир катар наркомандардын кылмыш бети ачылды («Советтик Кыргызстан»). 2. Эч нерседен тартынбай, уялбай, тике, таамай сүйлөй турган болуу, ошондой абалга жетүү. Турсун топто сүйлөп бети ачылганы, кандайдыр көңүлүн сергилеңдетип, башкача, пайдалуу адамга айланып бараткансыды (Бейшеналиев). Мурунчараак Бермет уялган болуп жүрдү, кийин кызара түшмөйүн таштап, бети ачылып кетти («Ала-Тоо»). Бети ачылып, аздыр-көптүр чогулган топту самап, чакырык күткөнүчү (Бейшеналиев).
1. Айыбы, кылган кылмышы ашкереленип элге дайын болуу, билинүү. Борборубузда «Кыял» бирикмесинде текшерүүнүн жүрүшүндө бети ачылган орчундуу кемчиликтердин өзөгү эмнеде болгон? («Советтик Кыргызстан») Кийин бети ачылганда кайдан алдың эле? - деп сурашса, «Кудаларга деп Алма-Атадан алып келгем» - деп жооп берет («Ленинчил жаш»). Кийинки мезгилде .. бир катар наркомандардын кылмыш бети ачылды («Советтик Кыргызстан»). 2. Эч нерседен тартынбай, уялбай, тике, таамай сүйлөй турган болуу, ошондой абалга жетүү. Турсун.. топто сүйлөп бети ачылганы, кандайдыр көңүлүн сергилеңдетип, башкача, пайдалуу адамга айланып бараткансыды (Бейшеналиев). Мурунчарак Бермет уялган болуп жүрдү, кийин кызара түшмөйүн таштап бети ачылып кетти («Ала-Тоо»). Бети ачылып аздыр-көптүр чогулган топту самап, чакырык күткөнүчү (Бейшеналиев).
Эч уялбоо, кебелбөө, тартынып да койбоо. Бети бозорбой туруп айтканын кара, уятсыз! («Ала-Тоо»). Чиркин, бети бозоруп койсо боло («Чалкан»). И-и-й, бети бозорбой туруп кантип айтты (Жантөшев).
Абдан уялып, өтө ыңгайсыз абалда калуудан улам бети-башы кызарып, аябай ысып чыккандай сезилүү. Уялганымдан бетим дуулап, кулагым чуулдап, жаратылыш жөнүндө берилген суроолорго да оңдуу жооп бере албадым («Кыргызстан маданиаты»).
Уятсыз. абийирсиз. Бети жоктун айтканын кара! Күнүгө эле көрүшүп, учурашып жүрбөйсүзбү? (Баялинов). Бети жок, акмак, сугалак, Бастыра албай тоо-ташка Калгандыр аты буралып (Тоголок Молдо). Мариянын сүрөтүн уурдап кетип, Прагадан чоңойттуруп, ал бети жок мага алпарган экен (Ашымбаев).
Уятсыз, абийирсиз. Бети жоктун айтканын кара! Күнүгө эле көрүшүп, учурашып жүрбөйсүзбү? (Баялинов). Бети жок, акмак, сугалак, Бастыра албай тоо-ташка Калгандыр аты буралып (Тоголок Молдо). Мариянын сүрөтүн уурдап кетип, Прагадан чоңойттуруп, ал бети жок мага алпарган экен (Ашымбаев).
Бир нерседен жалкып, жалтайлап, тартына түшкөндөй болуу, мурдагыдай батына албай калуу, басырыла түшүү. Бирок, алигидей эмес, бети кайтып калган (Укаев).
Бир нерседен жалкып, жалтайлап, тартына түшкөндөй болуу, мурдагыдай батына албай калуу, басырыла түшүү. Бирок алигидей эмес, бети кайтып калган (Укаев).
Аябай уялуу, өтө ыңгайсыз абалда калуу. Аннанын тынчы кетип, ...коммунадан чыгарып койсо, кайра кайсы бетибиз менен барабыз, элге эмне бетибиз калат деп санааркайт (Ашымбаев). Шашылыш колхоз иши үчүн келе жатып, балача алдатып жүрсөк бет калабы (Кыдырмышев).
Аябай уялуу, өтө ыңгайсыз абалда калуу. Аннанын тынчы кетип, ..коммунадан чыгарып койсо, кайра кайсы бетибиз менен барабыз, элге эмне бетибиз калат деп санааркайт (Ашымбаев). Шашылыш колхоз иши үчүн келе жатып, балача адашып жүрсөк бет калабы (Кыдырмышев).
Уялганды билбеген, уялбаган, эч нерсени тоготпогон, кенебеген. Көзү тик, бети калың, кашка болбосо, жинди болгон кыз качабы? (Жантөшев). Күйгөн-бышкан калың эл, Бети калың зулумдан (Барпы).
Уялганды билбеген, уялбаган, эч нерсени тоотпогон, кенебеген. Көзү тик, бети калың, кашка болбосо, жинди болгон кыз качабы? (Жантөшев). Күйгөн-бышкан калың эл, Бети калың зулумдан (Барпы).
Уяты жок, адамкерчилиги, адамдык сапаты жок, уят-сыйытты билбеген, маскара. А Мырзакул бери карабайт, көзүн ала качат, демек, бети кара, ниети кара (Касымбеков). Бети каралар эми өздөрү качып кетишкен экен (Токобаев). Ой, бети кара о-ой, оозу-мурдуң кыйшайбай туруп кантип айттың ушуну (Байтемиров). В.: Жүзү кара. Жүзү кара! Даана ит турбайсыңбы, нагыз тыңчы экен го... (Ашымбаев). Кара бет. Кара жолтой, кара бет болдуң, ...эшиктен үйгө кире электе эриңди жалмадың (Жантөшев). Мени гана чанат ээ, томаяктын кызы. Кергиле кара бетти (Сыдыкбеков).
Уяты жок, адамкерчилиги, адамдык сапаты жок, уят-сыйытты билбеген маскара. А Мырзакул бери карабайт, көзүн ала качат, демек, бети кара, ниети кара (Касымбеков). Бети каралар эми өздөрү качып кетишкен экен (Токобаев). Ой, бети кара о-ой, оозу-мурдуң кыйшайбай туруп кантип айттың ушуну (Байтемиров).
Өтө жагымсыз, начар ишти, абдан коркунучтуу же жийиркеничтүү абалды, жамандыкты билдирүүдө бирөөгө наалат айтуу маанисинде колдонулат. - Бети курусун ... биз го баш-учунда болгонубуз жок, уккандар айтат (Касымбеков). Эсим оой түштү. Экөөнүн колун боорума басып турам. О-о, ал күндүн бети курусун. Өпкө-боорум куушурулуп, ичим куйкаланып баратат (Өмүрбаев).
Өтө жагымсыз, начар ишти, абдан коркунучтуу, же жийиркеничтүү абалды, жамандыкты билдирүүдө бирөөгө наалат айтуу маанисинде колдонулат. – Бети курусун ...биз го баш-учунда болгонубуз жок, уккандар айтат (Касымбеков). Эсим оой түштү. Экөөнүн колун боорума басып турам. О-о, ал күндүн бети курусун. Өпкө-боорум куушурулуп, ичим куйкаланып баратат (Өмүрбаев). В.: Жүзү курусун. Эне-атасы катар өлтүрүлгөн коркунучтуу түн. О-о, ал түндүн жүзү курусун (Өмүрбаев).
Бирөөнүн алдында өзүн айыптуудай, күнөөлүүдөй сезип, катуу уялуу, тике карай албоо, өтө ыңгайсыз абалда болуу. Шарафуддин байбичеси, бала-бакырасы менен сапардан кайтканда бетим күйүп кымырылганымчы (Бейшеналиев). Байдын жесири да, Чырым да беттери күйүп, ага саламдашууга батына албай жүрүшкөн (Каимов).
Бирөөнүн алдында өзүн айыптуудай, күнөөлүүдөй сезип катуу уялуу, тике карай албоо өтө ыңгайсыз абалда болуу. Шарафуддин байбичеси, бала-бакырасы менен сапардан кайтканда бетим күйүп кымырылганымчы (Бейшеналиев). Байдын жесири да, Чырым да беттери күйүп, ага саламдашууга батына албай жүрүшкөн (Каимов).
Уялып калуу, уялганынан кызарып кетүү. Ошондо анын бети кызарып, эч сөз айта албай жер караган («Ленинчил жаш»). В.: Бети чыңалуу. Дочекалдын бети чыңалып турду. Ага партиялык жактан сөгүш берилген эле (Ашымбаев).
Кандайдыр кырсыктуу оор иш, же начар кылык-жорук жөнүндө сөз болгондо андайды көрбөйлү, мындайга кабылтпасын, андан алыс бололу деген мааниде колдонулат. Ооба, андайдын бетин ары кылсын (Жантөшев). Сенден орун талашайын деген ниетим жок, анын бетин ары кылсын (Абдукаимов). Көпкөк чырпык кезиңерде, анын бетин ары кылсын кокуй! (өмүрбаев). В.: Жүзүн ары кылсын. А кулагандын жүзүн ары кылсын (өмүрбаев). Асты биз тарткан азаптын четин ушуларга көргөзбөсүн! Анын жүзүн ары кылсын! Бу баш, көз жашка жуунуп, көкүрөк дартка муунду го! (өмүрбаев). В.: Бетин көрсөтпөсүн. Акбаевдин көзүнө ошо согуш күндөрүндөгү жаралуу жер көрүндү. Оо, эми анын бетин көрсөтпөсүн! (Өмүрбаев).
Кандайдыр кырсыктуу оор иш же начар кылык-жорук жөнүндө сөз болгондо андайды көрбөйлү, мындайга кабылтпасын, андан алыс бололу деген мааниде колдонулат. Ооба, андайдын бетин ары кылсын (Жантөшев). Сенден орун талашайын деген ниетим жок, анын бетин ары кылсын (Абдукаимов). Көпкөк чырпык кезиңерде, анын бетин ары кылсын кокуй! (Өмүрбаев).
1. Бирөөнүн кылмышын, жаман кылык-жоругун ашкерелөө, элге дайын кылуу. Тоголок Молдо мыкаачылыктын бетин ачып, кайраттуулукка чакырган ыр, казалдарды жаратууну зарыл милдети катары түшүндү (Бейшеналиев). Муну чыныгы жаштар бетиңизди ачып жазып отурат (Абакиров). – Ээн баштык! Сен болсо досуңду калкалап калгың бар. Биз бетин ачып койдук (Айтматов). 2. Бир нерсени айтууга, сүйлөөгө батына албай уялып, тартынып жүргөн кишини аралашып, тартынбай, уялбай сүйлөй тургандай кылып коюу. Айылчы иничегин сөзгө аралаштырып, бетин ачууга ниеттенди (Бейшеналиев). Бир жагы эртеби-кечпи эл алдына чыгар деген ниет менен эрендерин эл аралатып, бетин ачып коюуну ойлоду (Осмоналиев). – Оо, Алаке, бу мурду барбайган баланы мага бер, эл аралатып бетин ачайын, канатын жазайын («Советтик Кыргызстан»).
1. Бирөөнүн кылмышын, жаман кылык-жоругун ашкерелөө, элге дайын кылуу. Тоголок Молдо.. мыкаачылыктын бетин ачып, кайраттуулукка чакырган ыр, казалдарды жаратууну зарыл милдети катары түшүндү (Бейшеналиев). Муну чыныгы комсомолдор, жаштар бетиңизди ачып жазып отурат (Абакиров). - Ээн баштык! Сен болсо досуңду калкалап калгың бар . Биз бетин ачып койдук (Айтматов). 2. Бир нерсени айтууга, сүйлөөгө батына албай уялып, тартынып жүргөн кишини аралашып, тартынбай, уялбай сүйлөй тургандай кылып коюу. Айылчы иничегин сөзгө аралаштырып, бетин ачууга ниеттенди (Бейшеналиев). Бир жагы эртеби-кечпи эл алдына чыгар деген ниет менен эрендерин эл аралатып, бетин ачып коюуну ойлоду (Осмоналиев). - Оо, Алаке, бу.. мурду барбайган баланы мага бер, эл аралатып бетин ачайын, канатын жазайын («Советтик Кыргызстан»).
Уяттуу, ыймандуу, абийри бар, ызаат сактаган. Бетинде кызылы бар болсо, отуз эки мүдөөнү жер чийдирип эле келер (Жантөшев). Бечара, бетинде кызылы бар тура, мындан түңүлүүгө болбойт.
Уяты жок, уялганды, ызаат кылганды билбеген. Аягынан азып, томугунан тозуп, тентип жүргөн бетинде кызылы жок бир шуркуянын айынан Нөкөн атыңды кирдеттиң го, жарыгым! (Үмөталиев).
Уяттуу, ыймандуу, абийири бар, ызаат сактаган. Бетинде кызылы бар болсо, отуз эки мүдөөнү жер чийдирип эле келер (Жантөшев). Бечара, бетинде кызылы бар тура, мындан түңүлүүгө болбойт.
Уяты жок, уялганды, ызаат кылганды билбеген. Аягынан азып, томугунан тозуп, тентип жүргөн бетинде кызылы жок бир шуркуянын айынан Нөкөн атыңды кирдеттиң го, жарыгым! (Үмөталиев).
Кылмышын, күнөөсүн, начар кылык-жоруктарын эч буйтагыс, кыймылдагыс кылып мойнуна коюу, далилдеп берүү. - Сарбагыш деген зордукчу зулум атаңдан Абайуп аталганына таңмын -деп Турсун бетине басты. Жалий турган жеринде катып көзү чакчайды (Бейшеналиев).
Кылмышын, күнөөсүн, начар кылык-жоруктарын эч буйтагыс, кыймылдагыс кылып мойнуна коюу, далилдеп берүү. – Сарбагыш деген зордукчу зулум атаңдан Абайуп аталганына таңмын, – деп Турсун бетине басты. Жалий турган жеринде катып, көзү чакчайды (Бейшеналиев).
Кылчактабай, жан тартпай, тартынбай тике айтуу. Бир маалда Агыргай .. эч кимдин бетине карабай бөйрөгүн таяна, уламдан улам алдыга жүткүнө берип: -Каргышың журтта калган как башыңа жетсин! .. Агыргайдан айланып кетсин! - деди да Нөкөн жакка түкүрүнүп-түкүрүнүп алды (Ш. Үмөталиев).
Кылчактабай, жан тартпай, тартынбай тике айтуу. Бир маалда Агыргай эч кимдин бетине карабай бөйрөгүн таяна, уламдан улам алдыга жүткүнө берип: – Каргышың журтта калган как башыңа жетсин! ...Агыргайдан айланып кетсин! – деди да Нөкөн жакка түкүрүнүп-түкүрүнүп алды (Ш.Үмөталиев).
Кандайдыр бир кыжалаттан чыгуу үчүн же көздөгөн максатын иш жүзүнө ашыруу үчүн бир нерсени шылтоолоп же бирөөнүн кадыр-баркына таянып, ошого ишенип иш кылуу, өтүнүү. Баласын бетине кармап келгенинен куру чыгара алган жокпуз («Чалкан»). үчөөнүн бетине кармаганы бир гана Зейне («Ала-Тоо»). Акын бу кырчаңгы таздын Бошкойду бетине кармап тийишкенин да түшүндү (Бейшеналиев). Баланын хан атына далдаланып, аны бетине кармап, мени менен эрез талашкысы келип жүргөн кишилер бар эле (Касымбеков). – Жантай баатыр, улуу башыңды кичик кылып, жалпы саяктын тоодой кадырмандарын бетиңе кармап келсең мен чанмак белем (Бейшеналиев).
Кандайдыр бир ишке себеп, негиз кылуу үчүн бир нерсени шылтоолоп, ага таянып бүтүрүү аракетинде болуу. Акын бу кырчаңгы таздын Бошкойду бетине кармап тийишкенин да түшүндү (Бейшеналиев). Баланын хан атына далдаланып, аны бетине кармап, мени менин эрез талашкысы келип жүргөн кишилер бар эле (Касымбеков). - Жантай баатыр, улуу башыңды кичик кылып, .. жалпы саяктын тоодой кадырмандарын бетиңе кармап келсең мен чанмак белем (Бейшеналиев).
Бирөөнүн уяттуу ишин ашкерелөө, уятын чыгаруу, айыбын ачып, эл алдына дайын кылуу, маскаралоо. Эгер сен намыссыз болбосоң, райондук кызматчылардын алдында менин бетиме көө жаап, душманды калкалап каласыңбы? (Жантөшев). Жалган жеринен бетине көө жаап, ал камакка алынды (Эшмамбетов). Арыды-карыды, эми сөөлөт күтөр десе, муну карабайсыңбы, бүт Баракбай тукумунун бетине көө жапты (Айтматов). В.: Бетине көө жагуу. Гүлбүбүнүн бетине көө жагышты (Сыдыкбеков). Жанагы элден чыккан шерменденин көзүн тазалап, катындарыбыздын абийирин сактап калбасак, эми жамы эркекпин бетине көө жагар (Сыдыкбеков). Бетине көө сүртүү. Кызыңды тыйып ал деп, бетиме көө сүрткөн кишини эмне дейм (Каимов). Бетине көө сыйпоо. Жакшылык кылган адамынын алдында кимдир бирөө бетине көө сыйпап салгансыйт (Осмоналиев). Жүзүнө көө жабуу. Аның бул иттигин койбосо, бүт элдин жүзүнө көө жабат ко («Ала-Тоо»).
Бирөөнүн уяттуу ишин ашкерелеп уятын чыгаруу айыбын ачып эл алдына дайын кылуу, маскаралоо. Эгер сен намыссыз болбосоң, райондук кызматчылардын алдында менин бетиме көө жаап, душманды калкалап каласыңбы? (Жантөшев). Жалган жеринен бетине көө жаап, ал камакка алынды (Эшмамбетов). Арыды-карыды эми сөөлөт күтөр десе муну карабайсыңбы, бүт Баракбай тукумунун бетине көө жапты (Айтматов).
Эл алдында катуу уят болуу, маскара болуу, шермендеси чыгуу. Баарыбыздын бетибизге жабылган көө болбодубу? (Тойбаев). Караланган адамдарыбыз акталды, бетибизге көө жабылбай куландан соо калдык деп түшүнсөк, анда жаңылышып калабыз (Жантөшев). В.: Бетине көө сыйпалуу. Айыпсыз жерден бетине көө сыйпалып, кадыр-барктан ажырай жаздап отурган жакшынакай эле адамдарды көрүп отуруп чыдай албадым («Ленинчил жаш»).
к. БЕТИНЕ КӨӨ ЖАБУУ
Гүлбүбүнүн бетине көө жагышты (Сыдыкбеков). Жанагы элден чыккан шерменденин көзүн тазалап, катындарыбыздын абийирин сактап калбасак, эми жамы эркектин бетине көө жагар (Сыдыкбеков).
к. БЕТИНЕ КӨӨ ЖАБЫЛУУ
Айыпсыз жерден бетине көө сыйпалып, кадыр-барктанажырай жаздап отурган жакшынакай эле адамдарды көрүп отуруп чыдай албадым («Ленинчил жаш»).
Нурдануу, тамылжып өңүнө кирүү, өңдөнүп кызара баштоо (кандайдыр кубаныч менен толкундаган, же өтө начар абалдан өйдөлөп, оңоло баштаган учурларга карата). Осмондун бетине кызыл жүгүрүп, жылмайып турду (Саатов). Чала ачылган түндүктөн кызга күндүн шооласы тийип, кыздын купкуу бетине кызыл жүгүрдү (Абдукаимов). В.: Бетине кан жүгүрүү. Анын бетине кан жүгүрүп, жандана түштү (Кыдырмышев).
Нурдануу, тамылжып өңүнө кирүү, өңдөнүп кызара баштоо (кандайдыр кубаныч менен толкундаган же өтө начар абалдан өйдөлөп, оңоло баштаган учурларга карата). Осмондун бетине кызыл жүгүрүп, жылмайып турду (Саатов). Чала ачылган түндүктөн кызга күндүн шооласы тийип, кыздын купкуу бетине кызыл жүгүрдү (Абдукаимов).
Кубарып-кумсарып өңү бузула түшүү, купкуу болуп өң-алеттен кетүү (ачууланып, каарданып же бир нерседен катуу корккон абалга карата). Акматтын бетинен каны качып, жоош чоң көзү чарасынан чыккан (Осмоналиев). Ошого карабай манаптын бетинен каны качып, кызуулана балтыр этин эзе кармап, олчойгон бутун солбуй, кеги кетпөөчүдөй көшөрдү (Бейшеналиев).
Кубарып-кумсарып өңү бузула түшүү, купкуу болуп өң-алеттен кетүү (ачууланып, каарданып, же бир нерседен катуу корккон абалга карата). Акматтын бетинен каны качып, жоош чоң көзү чарасынан чыккан (Осмоналиев). Ошого карабай манаптын бетинен каны качып, кызуулана балтыр этин эзе кармап, олчойгон бутун солбуй, кеги кетпөөчүдөй көшөрдү (Бейшеналиев). В.: Бетинен кан-сөлү качуу. Чакырылгандар жөөлөшүп, ызырынып, беттеринен кан-сөлү качып, чакчаңдаша көздөрү чанагынан чыгып, Касымбектин үстүнө жулунуп киришип, опурулуп чурулдоодо (Бейшеналиев).
Кыпкызыл болуп нурданган, булкуюп толук көрүнгөн. Ал бетинен каны тамган, чокчо сакал, чоң чулу киши (Бердикеев). Бетинен каны тамган кара тору жигит домбура чертти (Укаев). Айылчы ...карыса да бетинен каны тамган, көгала сакал, азуулуу айбандын сырттаны кейиптенген үй ээси карыяга күрсүндү (Бейшеналиев).
Кыпкызыл болуп нурданган, булкуюп толук көрүнгөн. Ал бетинен каны тамган, чокчо сакал, чоң чулу киши (Бердикеев). Бетинен каны тамган кара тору жигит домбура чертти (Укаев). Айылчы .. карыса да бетинен каны тамган, көгала сакал, азуулуу айбандын сырттаны кейиптенген үй ээси карыяга күрсүндү (Бейшеналиев).
к. БЕТИНЕН ТҮГҮ ЧЫГУУ
Чынаркандын бетинен кара түк чыгып, балбылдаган чоң көздөрү эчтемени көрбөй тунарып, ичи күйүп, алапайын таппай баратты (Абдукаимов).
Абдан катуу уялуу, катуу уятка калуу. Мен аң-таң болуп, киши келатса эле бетимин оту чыгып, жер баса албай уялчу болдум (Абдукаримов). үсөнов арифметикадан «жаман» деп мугалим бааны, угузганда, жыйналышта отурган үсөндүн бетинен оту чыгып кетти («Ленинчил жаш»). Таякеңдин колу жер алдында эмес, туугандарга барса бир кой бөксөлөп келбейт беле, – деп бетинен оту чыга чебеленди (Ашымбаев).
Катуу уялуу, абдан уят болуп абийри ачылуу. Таякеңдин колу жер алдында эмес, туугандарга барса бир кой бөксөлөп келбейт беле, - деп бетинен оту чыга чебеленди (Ашымбаев). - Сен эмне үчүн чоң атама барбайсың, ата? -Минтип...- деп атасы көз айнегин алып, бир аз кызарып, бетинен оту чыгып, онтойсуздана түштү, - кол бошобой эле ... (Жусупов).
1. Ачуусу келүү, сурдануу, жаалы келүү, каардануу. Дүйшөндү кармап тура албаганыма арданып, байкемдин түгү чыккан бетине дит багып карай албадым (Жусупов). Абил бий ар кимисин бир теше тиктеп, бетинен түгү чыгып отурду (Касымбеков). Кудаймендинин бетинен түгү чыгып түктүйүп отурду (Укаев). 2. Корккон, чочулаган, бир нерседен сестенген абалда болуу. Ээр үстүндө үрпөйүп, бетинен түгү чыккан балага күлүктү мингизди («Ала-Тоо»). В.: Бетинен түгү көрүнүү. – Эмне, бирок, – деди ал бетинен түгү көрүнүп (Бердикеев). Бетинен кара түк чыгуу. Чынаркандын бетинен кара түк чыгып, балбылдаган чоң көздөрү эчтемени көрбөй тунарып, ичи күйүп, алапайын таппай баратты (Абдукаимов).
1. Ачуусу келүү, сурдануу, жаалы келүү, каардануу. Дүйшөңдү кармап тура албаганыма арданып, байкемдин түгү чыккан бетине дит багып карай албадым (Жусупов). Абил бий.. ар кимисин бир теше тиктеп, бетинен түгү чыгып отурду (Касымбеков). Кудаймендинин бетинен түгү чыгып түктүйүп отурду (Укаев). 2. Корккон, чочулаган, бир нерседен сестенген абалда болуу. Ээр үстүндө үрпөйүп, бетинен түгү чыккан балага күлүктү мингизди («Ала-Тоо»).
Абдан ачуусу келүү, жаалдануу, кыжалат болуу. Баятан бери бетинен чаары чыгып турган Айдаркандын бутун кучактай жыгылды (Токобаев). Көзүңдөн от, бетиңден чаарың чыгып турат (Токобаев). Күрүчбектин бетинен чаары чыгып түнөрүүдө (Осмоналиев).
Абдан ачуусу келүү, жаалдануу, кыжалат болуу. Баятан бери бетинен чаары чыгып турган Айдаркандын бутун кучактай жыгылды (Токобаев). Көзүңдөн от, бетиңден чаарың чыгып турат (Токобаев). Күрүчбектин бетинен чаары чыгып түнөрүүдө (Осмоналиев).
Кемчилигин, күнөөсүн, кылган кылмышын далилдеп, мойнуна коюу, тартынбай көзүнчө айтуу. Ашырбек Ланичекке бурула берип мыскылдуу жылмайып алды да, далилге таянсам жолдош Ланичек, кепти сизден баштайм, – деп болгон окуяны бетине салды (Ашымбаев).
Качандыр бир мурда болуп өткөн кылмышы, күнөөсү ашкереленүү, далилденүү, аныкталуу. Анын эмнесин сурайсың, баягылары бетине тамга болбодубу («Ала-Тоо»). Атасын жашырып жүргөнү бетине тамга болуп, Жалий турган жеринде ката көзү чакчайды (Бейшеналиев). Жалий Турсунду амал, алдоо жолу менен имерем деп, абийрин ачтырып, жашырган изи бетине тамга болуп акмагы чыкканда акыркы күчүн, тапанчасын колдонду (Бейшеналиев).
Качандыр бир мурда болуп өткөн кылмышы, күнөөсү ашкереленүү, далилденүү, аныкталуу. Анын эмнесин сурайсың, баягылары бетине тамга болбодубу («Ала-Тоо»). Атасын жашырып жүргөнү бетине тамга болуп, Жалий турган жеринде ката көзү чакчайды (Бейшеналиев). Жалий Турсунду амал, алдоо жолу менен имерем деп, абийрин ачтырып, жашырган изи бетине тамга болуп акмагы чыкканда акыркы күчүн, тапанчасын колдонду (Бейшеналиев).
Эч тартынбай, тайманбай тике айтуу, бети ачылып тең тайлашуу, тең ата болуу. Экинчиден өз душманы Орозбайдын бетине чыгып ага карата наалатын эл алдында айтмак (Өгөбаев). Андай экен күндө алкылдап бетиңерге чыгып турса эмне кылмак элеңер? (Өгөбаев). Кечээги ата-бабабыздын кол астындагы букараңдын кайсынысы бетине чыга алчу эле (Укаев).
Эч тартынбай, тайманбай тике айтуу, бети ачылып, тең тайлашуу, тең ата болуу. Экинчиден, өз душманы Орозбайдын бетине чыгып, ага карата наалатын эл алдында айтмак (өгөбаев). Андай экен күндө алкылдап, бетиңерге чыгып турса эмне кылмак элеңер? (өгөбаев). Кечээги ата-бабабыздын кол астындагы букараңдын кайсынысы бетине чыга алчу эле (Укаев).
Жаагы шимилип, абдан арыктаган, шапайган көрүнүштө болуу. Жаагы шимилип, бетинин чүкөсү чыгып, өңү шапайды (Өмүрбаев). – Чөп-чар жеп жүрүп, бетиңдин чүкөсү чыгып, чегирткедей кылжыйып бүтүпсүң, – деди ал мени адатынча каруумду бекем кармап (Жусупов). В.: Бетинин сөөгү чыгуу. Бает акем баягыдай эмес, жаагы шимилип, бетинин сөөгү чыгып турат (Өмүрбаев).
Жаагы шимилип, абдан арыктаган, шапайган көрүнүштө болуу. Жаагы шимилип, бетинин чүкөсү чыгып, өнү шапайды (Өмүрбаев). - Чөп-чар жеп жүрүп, бетиңдин чүкөсү чыгып, чегирткедей кылжыйып бүтүпсүң, - деди ал мени адатынча каруумду бекем кармап.. (Жусупов).
к. БЕТИН АРЫ КЫЛСЫН
Акбаевдин көзүнө ошо согуш күндөрүндөгү жаралуу жер көрүндү. Оо, эми анын бетин көрсөтпөсүн! Дароо ошол жерде курман болгон жолдоштору көз алдына элестеди (Өмүрбаев).
Уялсаң боло, бул кылганың туура эмес, туура эмес иш кылгансың, уяласыңбы? деген сыяктуу жемелөө маанисинде колдонулат. Бетиң барбы? Кантип калп айттың.
Күнөө кылган кишиге карата уятсыз, абийри жок деп жек көрүү, наалат айтуу, тилдөө маанисинде колдонулат. Эми өлбөгөндө эмнең калды? Бетиң күйгүр! деди Мөлтөй Нөкөндү табалай берип (Ш.үмөталиев). В.: Бетиң тилингир. Нөкөн ...көйнөк, дамбалчан калыбында кара кунастай тарбалаңдап, Агыргайды качырды: – Тилиңе тибиртке, бетиң тилингир! Тилиңе тибиртке! (Ш. Үмөталиев).
Күнөө кылган кишиге карата уятсыз, абийри жок деп жек көрүү, наалат айтуу, тилдөө маанисинде колдонулат. Эми өлбөгөндө эмнең калды? Бетиң күйгүр! деди Мөлтөй Нөкөндү табалай берип (Ш. Үмөталиев).
Катуу уят болуу, маскара болуу, уятка калып айласы кетүү. Беттин түгөнгөнүн же сезбей коюптурмунбу? (Сыдыкбеков). В.: Бети тултуюу. Кирерге жер таппай бетим тултуйду («Чалкан»).
Эч сезбөө, уялып да койбоо. Мен кирсем, бутун учкаштырып орундукта чылым чегип отуруптур, деле улуу келдиби, кичүү келдиби деп бети чымырабайт, келтейип да койбойт («Советтик Кыргызстан»).
Эч сезбөө, уялып да койбоо. Мен кирсем, бутун учкаштырып орундукта чылым чегип отуруптур, деле улуу келдиби, кичүү келдиби деп бети чымырабайт, келтейип да койбойт («Советтик Кыргызстан»).
к. БЕТИ ТҮГӨНҮҮ
Ал ошондо гана кыздын эмне максат менен келгендигине түшүнүп, кирерге жер таппай бети чымырады (Саатов). Үйдөгү адамдар орундарынан турбай беттери чымырап үңкүйүштү (Осмоналиев).
к. бети түгөнүү. Ал ошондо гана кыздын эмне максат менен келгендигине түшүнүп, кирерге жер таппай бети чымырады (Саатов). Үйдөгү адамдар орундарынан турбай, беттери чымырап үңкүйүштү (Осмоналиев).
Кандайдыр бир жагымсыз иши, оңтойсуз мамилеси, кылык-жоругу үчүн өзүн күнөөлүү сезип, ачык мамиле кыла албай, ыңгайсыз абалда калуу. Кашкары бет кат болуп, устасын жооткотуунун ылайыгын таппай өз абалынан долдурады (Бейшеналиев).
Кандайдыр бир жагымсыз иши, начар мамилеси, кылык-жоругу үчүн өзүн күнөөлүү сезип, ачык мамиле кыла албай оңтойсуз, ыйңгайсыз абалда калуу. Кашкары бет кат болуп, устасын жооткотуунун ылайыгын таппай өз абалынан долдурады (Бейшеналиев).
Тамынын бурчунда соксоюп Базыл отуруптур. Жүрөгүм шуу дей түштү. Баягы чатактан бери беткатмын, сүткө тийген күчүктөй жалтайлап, бет келүүдөн дайыма качам (Касымбеков).
Эч тартынбай, жалтактабай болгон чындыкты өз көзүнө тике айтуу, тайсалдабай түз айтуу. Кең көйнөктүн этек-жеңин делбиретип-далбыратып колду көтөрө салган Батийна баягы элеттиктин тартынбай бетке айтар өкүмдүгүнө салды (Сыдыкбеков). Кыздын ийкемдүү, ак жүрөк, бетке айтар жагын ойлоп гана кичине ынанат (Бердикеев).
~: бир беткей в одну сторону; односторонний; односторонне; кой, жылкы, төө бир беткей кетти овцы, лошади и верблюды (все) направились в одну сторону; бир беткей сүрөттө- изображать односторонне.
Түзүгүрөөк, жакшыраак деп эсептеген, ишенген. Бул айылдын бетке кармаган кыз-келиндеринен бөтөнчө кийингенин ушак кылышты (Укаев). Даадайдын бетке кармаган эки илеси бар эле (Эралиев).
Түзүгүрөөк, жакшыраак деп эсептеген, ишенген. Бул айылдын бетке кармаган кыз-келиндеринен бөтөнчө кийингенин ушак кылышты (Укаев). Даадайдын бетке кармаган эки илеси бар эле (Эралиев).
БЕТКЕЛБЕТИН ОҢОЛГУС БУЗУУ – жаракат табигый айыкса да, аны аяр консервативдүү (хирургиялык эмес) жол менен дарыласа дагы бетти (жүздү) оңолгус кылып бузуу менен денеге залал келтирүү.
Бирөөнүн көңүлүнө, көзүнө карабай, болгонун болгондой тике айтып салма, эч тартынбай, оройлонуп, кемчилигин түз айтма. Мен сенин бетке чабар мүнөзүңөн корком (Абдукаримов). Чабарман Уркуяны көрүп жүрчү, бирок мындай бетке чабар экенин билчү эмес (Байтемиров). Уяң келинге жээнинин кыялы кызыктай өңдөнүп, бетке чабар, жада калса кыймылынан өйдө осол көрүндү (Ашымбаев). Минтип орой да болсо чындыкты айткан, бетке чабар... Жаркынбай гана айта алат (Бейшеналиев). – Өмүрзак көзүнүн чаарын чыгара бетке чабар мүнөзүнө жеңдирип ...дүңгүл сакалын түйдөктөнтө бакылдады (Бейшеналиев).
Бирөөнүн көңүлүнө, көзүнө карабай болгонун болгондой тике айтып салма, эч тартынбай, оройлонуп, кемчилигин түз айтма. Уяң келинге жээнинин кыялы кызыктай өңдөнүп, бетке чабар, жада калса кыймылынан өйдө осол көрүндү (Ашымбаев). Минтип орой да болсо чындыкты айткан, бетке чабар Жаркынбай гана айта алат (Бейшеналиев). -Өмүрзак көзүнүн чаарын чыгара бетке чабар мүнөзүнө жеңдирип .. дүңгүл сакалын түйдөктөнтө бакылдады (Бейшеналиев).
Өтө катуу айтуу, тике айтуу. А мен болсом, орой, бетке чаап тийишип сүйлөйт экем (Байтемиров). Өтө бетке чаппай кичине сүйлөй салдырдым (Бейшеналиев). Бетке чаап сүйлөп, бирок сөз жебеген - кер ооз, бакан ооз адамдарга эми кадимкидей эле күрөил ачпасак болбой калды көрүнөт («Кыргызстан маданияты»).
өтө катуу айтуу, тике айтуу. А мен болсом, орой, бетке чаап тийишип сүйлөйт экем (Байтемиров). өтө бетке чаппай кичине сүйөй салдырдым (Бейшеналиев). Бетке чаап сүйлөп, бирок сөз жебеген – кер ооз, бакан ооз адамдарга эми кадимкидей эле күрөш ачпасак болбой калды көрүнөт («Кыргызстан маданияты»).
Катташууга, мамилелешүүгө жолтоо болгон себеп. Элеман бирдеме айтайын десе Теңирберген менен Акбаланын ортосу бетине чиркөө болуп, тили күрмөлүп турат (Укаев). Ошол кат бетибизге чиркөө болду деп жиберди (Ашымбаев). Андай кылсаң эл наалат айтат, бетиңе чиркөө болот (Бердикеев).
Катташууга, мамилелешүүгө жолто болгон себеп. Элеман бирдеме айтайын десе Теңирберген менен Акбаланын ортосу бетине чиркөө болуп, тили күрмөлүп турат (Укаев). Ошол кат бетибизге чиркөө болду деп жиберди (Ашымбаев). Андай кылсаң эл наалат айтат, бетиңе чиркөө болот (Бердикеев).
этиш.1. Бир жакты көздөй бет алуу, багыт алуу, багыттоо. Беттеген жагын качырып, Белди ашыра жапырып («Эр Табылды»). Кетмен-Төбө жеримди Беттеп кетип барамын (Токтогул).
2. Бир нерсенин бетин бетине келтирүү, кабаттоо. Эки кийизди бири-бирине беттеп, калыңдоо.
1. обращать лицо куда-л.; жерге беттеп жат лежать ничком, лицом вниз; 2. встречаться лицом к лицу, вступать в поединок; осмеливаться выступить против кого-л.; каарданып бакырып, Сыргакты беттеп качырып фольк. разъярившись, заревев, он ринулся против Сыргака; аны ким беттеди? кто смел выступить против него? беттеп бенде келбеген, бет алып душман жеңбеген фольк. (ни один) смертный (с ним) в поединок не вступал, выступив, (ни один) враг (его) не побеждал; беттей албай койду он не осмелился, у него смелости не хватило; Алмамбетке беттебей, сайлап качып жылыптыр фольк. не выступив против Алмамбета, он тайком бежал по ложбинам; "аламын жоону" деп, жүрөм ар ким мага беттесе фольк. брожу с мыслью захватить врага, какой бы против меня ни выступил; бакандашып урушуп, жети күн беттеп турушуп фольк. на дубинках сражаясь, семь дней противостояли (они) друг другу; 3. яростно набрасываться; мээнетим билбей беттедиң, бекерче мени жектедиң фольк. не оценив моего труда, ты набросился, напрасно меня ты поносил; каарланып, көгөрүп, беттегендир өзүңдү фольк. разъярившись, обозлившись, он набросился на тебя; 4. обозначать, нумеровать страницы.
1. Бир бет менен экинчи бир бетти төп кылып кабаттоо, бетин бетине келтирүү. Шырдактын бетин беттеп кой. Чачылган барактарды иреттеп жыйнап, беттеп койду. 2. Тоонун, кырдын ж. б. бир жак тарабын каптоо, каптал же бет менен жүрүү. Каймактай семиз кой-козу, Капталды беттеп жайылган (Мидин). 3. Бир жакты көздөй багыт алуу, бетме-бет чыгуу. Кетмен-Төбө жеримди Беттеп кетип барамын (Токтогул).
формой или выражением лица иметь сходство с кем-чем-л.; походить лицом на кого-л. (ср. баштан- 2, көздөн-, ооздон-); аюу беттенген с лицом, напоминающим медвежью морду.
Кепке-сөзгө келбей эле оройлонуп бир тийүү, алкынып-албууттана сүйлөө, эч негизи жок эле кайра өзүнө асыла сүйлөө. Орой болсоң таркылдап, Наадандыктын белгиси, Аялың алса бетиңден, Адамдын келет өлгүсү (Токтогул). Жетесизге кеп айтсаң, беттен алып аркырайт (макал). Эмне деп отурасың деп, Шуудур Акмат капканга түшкөн ачкүсөндөй шаңк этип, Мөңкөнү беттен алды (Укаев).
Бирөөнүн койгон айыбын мойнуна албай, кепке-сөзгө келбей, жулунуп-жулкунуп, кайра өзүнө асылуу, сүйлөтпөө, айтканын төгүнчө чыгарууга аракет кылуу. Эмне деп отурасың деп, Шуудур Акмат капканга түшкөн ачкүсөндөй шаңк этип, Мөңкөнү беттен алды (Укаев). Калыйча да жалтанбай беттен алат (Осмоналиев). Арийне ар деп беттен албай, минткени жетекчинин тереңдигинен, өзүн да, сени да сыйлаган дыгынан (Бейшеналиев).
понуд. отбетте- заставить повернуть лицо, поворачивать кого-л. лицом; ушу кезде Эрмегиң, жоо беттетпей, жол чалып, чолосу тийбей жүрүптүр фольк. в настоящее время твоему Эрмеку недосуг, он ездит, осматривая пути и не допуская врага.
1. бетте этишинин кош мамилеси. 2. Бетме-бет чыгуу, бетме-бет келип кармашуу, салгылашуу. Бакбур менен беттешип, Сайышкан адам оңбоптур («Курманбек»). 3. Бетме-бет абалда болуу, бетме-бет абалда жолугушуу, кездешүү. Ушул суудан кечпесем, Карап турган кыздарга, Уялбай кантип беттешем («Семетей»). Шыңгыратып бокалды, Нечен ирет беттештик (Токомбаев). || Спорттук оюндарда, мелдештерде жеңишке жетишүү, күч сынашуу максатында бири-бири менен таймашуу. Биз бүгүн волейбол боюнча № 6 мектептин окуучулары менен беттешебиз («Жаш ленинчи»). || Суракта же бир иштин чындыгына жетүү максатында бири-бири менен бетме-бет, көзмө-көз туруп айтып берүү. Суракта беттешип, мойнуна коюу.
БЕТТЕШТИРҮҮ – мурда сурак берип, алардын көрсөтмөсүндө эки ача карама-каршылык чыккан учурда, бир эле мезгилде 2 адамдын сурак бере турган тергөө иши. Атайын өзүнчө өзгөчөлүккө ээ болгон сурактын бир түрү.
page field (noun)
A field that is assigned to a page orientation in a PivotTable or PivotChart report. You can either display a summary of all items in a page field, or display one item at a time, which filters out the data for all other items.
өзү кетирген каталыгын, кылмышын мойнуна албай, бирөөдөн көрүү, акчыланып жалаа кылуу, күнөөнү башкага койгусу келүү. – Сен, Култай, бирөөнүн мекесин тебелеп-тепсетип алып, анан мага арызданып бет тырмарлык кылдыңбы? – деди Мырзабай (Абдукаримов). Бет тырмарлык кылып, сенден эптеп ажырашканда да чындыкты жашырып качкан болчумун (Абдукаимов).
Өзүнүн кылмышын, айыбын, күнөөсүн мойнуна албай актанууга аракеттенүү, бирөөгө жала жаба акчылануу. Жан талашып бет тырмарлык да кылып көрдү. Сен Култай бирөөнүн мэкесин тебелеп-тепсетип алып, анан мага арызданып бет тырмарлык кыласыңбы? - деди Мырзабай (Абдукаримов). Бет тырмарлык кылып, сенденэптеп ажырашканда да чындыкты жашырып .. качкан болчумун (Абдукаимов).