БЕТИН АЧУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Бирөөнүн кылмышын, жаман кылык-жоругун ашкерелөө, элге дайын кылуу. Тоголок Молдо.. мыкаачылыктын бетин ачып, кайраттуулукка чакырган ыр, казалдарды жаратууну зарыл милдети катары түшүндү (Бейшеналиев). Муну чыныгы комсомолдор, жаштар бетиңизди ачып жазып отурат (Абакиров). - Ээн баштык! Сен болсо досуңду калкалап калгың бар . Биз бетин ачып койдук (Айтматов). 2. Бир нерсени айтууга, сүйлөөгө батына албай уялып, тартынып жүргөн кишини аралашып, тартынбай, уялбай сүйлөй тургандай кылып коюу. Айылчы иничегин сөзгө аралаштырып, бетин ачууга ниеттенди (Бейшеналиев). Бир жагы эртеби-кечпи эл алдына чыгар деген ниет менен эрендерин эл аралатып, бетин ачып коюуну ойлоду (Осмоналиев). - Оо, Алаке, бу.. мурду барбайган баланы мага бер, эл аралатып бетин ачайын, канатын жазайын («Советтик Кыргызстан»).